Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Дарыгерлердин айтымында, айылда аялдар, кыз-келиндер арасында аз кандуулук, кан басымынын жогорулашы жана жыныстык органдардын оорулары басымдуу. Буга жашоо-шарттын начардыгы, витаминдүү, калориялуу тамак-ашты аз жегендик, өз ден соолугуна кам көрбөө, дарттын алдын албоо себеп болууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы алыскы айылдарынын биринин 53 жаштагы тургуну өзүнүн саламаттыгы туурасында башка аялдарга үлгү болсун деп күндөлүк жазган. Ал дартка маани бербей жүрүп күчөп кеткенде доктурга кайрылган.

- Бир жыл мурда алым кетип, шалдырай баштадым. Көрсө, бул түйшүктүү кесепеттин алгачкы коңгуроосу экен. Болжол менен ошол эле учурда колтугумдагы шишикти байкадым. Ушул белгилерди айтып, Жалал-Абад облустук ооруканасындагы хирургга кайрылдым. Мени карап көргөндөн кийин врач: «Лимфа түйүндөрүнө суук тийиптир, аны алып салуу анчалык деле татаал эмес»,- деп айтты. Бирок, мен операциядан баш тарттым, анткени кантип эле жөнөкөй лимфа түйүндөрүнүн шамалдашы ушунчалык абалга алып келсин деген менде күмөн саноо пайда болду. Жарым жыл өттү, шишик чоңоюп кетти. Ошентип операциядан кийин жарым жыл өттү кыш келди, шишик кайрадан пайда болуп, тездик менен өсө баштады. Мен күн сайын шалдырап, алым кете берди. Жанымдын ооруганын жеңилдетүү үчүн ооруган жерге бир айдан кийин грелка коюп жаттым. Кийин билингендей, муну менен абалым жакшырбай эле, тескерисинче, начарлай берген, шишиктин тегерегиндеги терилер кочкул кызыл боло баштады. Шишиктин кебетеси көптү көргөн онколог врачтардын да жүрөгүн түшүрдү. Онкологиялык борбордон эмчек рагы деген бүтүмдү алдым. Буга кошумча, менден аз кандуулук оорусун табышты…

Улуттук Онкология борборунун дарыгери Муктар Айталиевдин айтымында, аялдар көп учурда өз алдынча дарыланып же бүбү-бакшыга барып атып ооруну күчөтүп жиберген учурда гана дарыгерге кайрылат.

- Аялдар өзүн-өзү карап, оорунун алдын алып турушу керек. Мисалы, эмчек рагына кабылбаш үчүн аялдар 25-30 жаштан баштап эле өзүнүн эрежелери менен 2-3 айда бир текшерип туруулары зарыл. Бул аялдарга кыйынчылык деле жаратпайт, кымбат дагы эмес. Дартты алдын алуу өзүнө гана байланыштуу. Азыр эмчек оорулары абдан көп кездешип атат, көбүнчө айылдан. Өздөрү ар кандай ыкмалар, жолдор менен дарылап көрүшөт, болбой калганда анан бизге келишет.

Дарыгерлердин айтымында, айылда аялдар, кыз-келиндер арасында аз кандуулук, кан басымынын жогорулашы жана жыныстык органдардын оорулары басымдуу кылат. Буга жашоо-шарттын начардыгы, витаминдүү тамак-ашты аз жегендик, өз ден соолугуна кам көрбөй, дартты алдын албоо себеп болууда. Ушул себептерден улам эмчек рагына да көбүрөөк элеттик аялдар туш болот.

Мындан мурдарак келиндердин толгоосу башталган маалда айылдын бир бурчунан экинчи бурчуна машина издеп, райондун борборуна чуркабасын деп айрым аймактарда төрөт үйлөрү ачылган болчу. Антпесе энелердин төрөт үйүнө жетпей машинада, жолдо көз жарган учурлары көп эле кездешчү. Ошентип айылда Жолдубай аттуулар көбөйүп кеткен. Эми энелер менен балдардын өлүмүн алдын алуу үчүн айылдагы төрөт үйлөр кайра жабылып калган.

Ош облусуна караштуу Алай районунун Жошолу айылынын дарыгери, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Жаркынбай Дооронов буга акыркы кезде аялдар арасында ооругандар көбөйгөнү жана миграция себеп болуда дейт.

- Азыр жаш энелердин көбү аз кандуулук, богок оорулары менен каттоодо турат. Орусияда иштеп, ал жактан бир дагы көрүнбөй, ай-күнү жеткенде гана келишет. Бул да көп көйгөйдү жаратууда. Андан сырткары азыр айылда кан басымы жогору болгондор көбөйдү. Мурда 50 жаштан жогорку адамдарда болсо азыр кан басымы жогору жаштар көп.

Мисалы, Алай районунда жылына эки миңдей эне төрөсө, алардын 80% каны аз. Бул тууралуу “Азаттыкка” берген маеги учурунда “Кош бойлуу жана жаш жубайларды төрөткө даярдоо” мектебинин бөлүм башчысы Зыйнат Калдыбаева билдирди.

- Биздеги эң көйгөйлүү маселе - аз кандуулук. Мындан сырткары йоддун жетишсиздиги. Буга рационалдуу тамактануунун начардыгы себеп болууда. Темир, витаминдердин жетишсиздиги аз кандуулукка алып келет. Биздин аялдар нан, чай же эт жешет. Алма-өрүк бышып турса да жешпейт. Карагат, чычырканак жеш керек. Мал кармашат, бирок сүт ичкен аялдар аз. Бизге окууга келген 13 аялдын экөө гана сүт ичет экен.

Учурда элеттеги аялдардын ден соолугуна кам көрүү, аз кандуулукту, жалпы эле ооруну алдын алуу багытында окууларды өткөрүү максатында “Ага-Хан” фондунун жардамы менен райондун 12 жерине атайын бөлмөлөр ачылган.
Анткен менен дарыгерлер элеттик аялдар өз ден соолугуна кам көрбөйт деп арызданышат.

Ноокендеги 11-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу медайымы, айылдык кеңештин депутаты Адиба Нарымбетованын айтымында, маалымат таратуу иштеринен кийин элеттик аялдар ден соолугуна азыраак болсо да кам көрө баштады.

- Аялдар витаминдерди көп жешпейт. Айыл жеринде жашоо-шартына байланыштуу ден соолугуна көп көңүл бурушпайт. Негизинен элеттик аялдар үйдүн тиричилиги, турмушубузду оңдойлу, бул баламды окутайын, бул баламдын контрагын төлөш керек, тигинин бут кийими жок дегендей маселелерди ойлошот. Мисалы, Киров айылында аялдар ден соолугун карашпайт деле. Талаанын жумушун биринчи орунга, ден соолугун экинчи орунга койот.

Анткен менен айылдарда айрым дарыгерлер жетишпейт. Аялдар болсо атайы шаарга, борборго барып көрүнүшпөйт. Ошондуктан айыл жерине дарыгерлер тобунан турган көчмө бригадаларды уюштурууну сунуштап жатышат.

- Өзгөчө маммолог, гинеколог, эндокринологду жиберип турса жакшы болот эле, - дейт Нарымбетова.

Өткөн жылдары ушундай көчмө бригада элеттик аялдар арасында бир катар ооруларды аныктап чыккан. Арасында дарыгерге биринчи кайрылгандары да болгону айтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG