Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:44

Окурмандарга “Ак бороон”, “Адамзатка кайрылуу”, "Асман жерге созулган баян" аттуу ыр жыйнактары менен белгилүү акын Барчынбек Бугубаевдин жесири жана үч кызы үй-жайсыз күн кечирип жатат.

Колунда жумушу жок, жалгыз аялдын чиедей кыздары ушул тапта балдар үйүнө тарбияланууда. Майрам Жумабаева күйөөсү каза тапкан соң туугандарына алдырып койгон үйүн кайтара албай убара.

"Азаттык": Сенин атың башкача экен, Барэсжан деп ким койгон?

- Атам койгон. Бар болсун, эстүү кыз болсун, жаны бекем болсун деген.

"Азаттык": Ысымың өзүңө жагабы?

- Жагат, жөнөкөй ат эмес да. Барчынбек кызы Барэсжан деп атам өзүнүкүнө окшоштуруп койгон.

Ар кайсы жакта калган чиедей үч кыздын энеси Майрам Жумабаева акын Барчынбек Бугубаевдин жубайы. Барчынбек Бугубаев былтыр дүйнө салганы анын жубайы үч кызын жетелеп жалгыз көчөдө калган.

Үч бир тууган кыздардын эң улуусу, 7 жаштагы Барэсжан азыр апасы менен жүрөт. Алар балдар үйүндө тарбияланып жаткан өзүнөн кийинки сиңдилери - төрт жаштагы Каныкей жана эки жаштагы Гүлназ менен жума сайын жолугуп турат. Кичинекей кыз барган сайын аларды алып кеткиси келээрин, мурдагыдай эле атасы, апасы болуп чогуу жашоону кыялданарын айтып берди.

- Атам бар болчу, Каныкей, мен бар болчумун, Гүлназ анда төрөлө элек болчу. Атам жакында эле каза болду. Ал мага дүкөнгө барганда күн сайын акча берчү. Атам бар болсо жакшы болмок... Азыр атам, апам, мен, Каныкей, Гүлназ болуп чогуу Кара-Жыгачтагы үйүбүздө жашай бермекпиз.

Барэсжан мурда өзү деле балдар үйүндө болчу. Бирок чоңоюп калды деп энесинин колуна берилген. Андан кийинки Каныкей Беловодскидеги балдар үйүндө, кенже кыз Гүлназ Бишкектеги адистештирилген балдар үйүндө тарбияланууда.

Жумабаеванын айтымында, алардын баш калкалап келген эки бөлмөлүү чакан үйү 2007-жылдан бери туугандар арасында талашка айланган. Үй-жайсыз, жумушсуз, колунда бала менен жалгыз калган келин ушул тапта үйүн кайрый албай, ич ара чыр-чатактан башы чыкпай келе жатат. Турмуштун айынан кыздарын балдар үйүнө берүүгө аргасыз болгон аял азыр эптеп кайра биригүүнүн жолун издеп убара.

- Күйөөмдүн бир тууган агасы Жолдошбек Асанбеков аны мас кылып, үйдү жеке нотариус менен жарым-жартылай каттатып алган. Бирок үйдүн наамы Барчынбекте турган. Барчынбек өзүбүзгө каттаталы десе, метиркасын, аскер билетин, анын биринчи аялынын нике күбөлүгүн бүт уурдап кеткен. Кайнагам мени Барчынбектин үйүнө кызыгып, чыгармачылыгын өзүнө менчиктештирип алыш үчүн жашаган деп жатат. Мен жөн эле Барчынбектин чыгармачылыгын сыйлап эле, жакшы ыр жазса ошого кубанып эле жүрө бериптирмин. Мен үй жөнүндө деле ойлобой, нике күбөлүгүн алалы десе токтотуп койгом. Кичине бири-бирибизге ишенимге киреличи, ортобузда бала болсо анан күбөлүк алабыз деп жүрө берипмин.

Кыздарын жанына алам деп түйшүк тартып жүргөн аял бөйрөк ооруга чалдыгып, анын азабын дагы тартып келет. Бир кызын жетелеп, күн алыс балдар үйүндөгү кыздарын акмалаган эне азыр бир тууган эжесинин үйүндө баш калкалап жатат.

- Кыздарымды алайын десем ден соолугум болбой жатат. Мен өзүм журналист болуп иштечүмүн. Кесибим менен иштейин десем абалым бул. Кийин тикмечилерге товар таратып иштечүмүн, аны азыр көтөрөйүн десем врачтар бир килограмм дагы көтөрбө деп айтышты. Мен балдарды алсам кантип багам? Урматтуу президент, мен сизге кайрылам, сизден суранам, биздин үйүбүздү толугу менен кайтарып берүүгө жардам берүүңүздү өтүнөм.

Акын менен никесин учурунда мыйзамдаштыра албай калган Майрам Жумабаева жакында эле кыздарына атасынын фамилиясын чуркап жүрүп алып бергенге жетишти. Кичүү кызы Гүлназ тарбияланып жаткан адистештирилген балдар үйүнүн дарыгери Гүлжан Камчыбековна Майрам Жумабаеванын үй маселеси чечилгенде гана балдар колуна берилерин белгилейт.

- Азыр кызы бир аздан сүйлөп калды. Биздеги дефектологдор ал менен иштеп жатышат. Көңүлү жакшы, тамакты жакшы ичет. Энеси келип турат, ал энелик укуктан ажыратылган эмес. Анткени ал балдарын таштап кеткен эмес, кароосуз калтырып келбей койгон жери жок. Анын балдарын алып, чогуу жашайм деген аракети бар. Улуу кыздары менен чогуу жашайм дегенде эки көзү төрт. Үйдүн башын чыгарып берсе жакшы болмок, азыр талаш болуп жатпайбы.

Акынга тийиштүү үйдүн бир туугандар арасында талашка түшкөнүн алардын улуу эжеси Күмүш Асанбекова тастыктайт. Бир тууган инисинен ажыраган Күмүш айым үй талашкан инисин акылга чакырып, үч кызы менен жесир калган келинине берип коюсун суранганын, бирок андан майнап чыкпаганын айтат.

- Калыстыгым ошол - үйдү үч кичинекей кызга эле берсе дейм. Алар эми кичине, алсыз да. Эч нерсеге алы келбесе эми кантет. Мен ошентип иниме айттым, кыздарга бер дегем. Ал болсо "сиз менен сүйлөшпөйм, эмнеге ал үч кызга тартып жатасың?" деди.

Бүгүнкү күндө маркум акын Барчынбек Бугубаевдин үйү камакта турат. Үйгө болгон укугун коргоо үчүн Майрам Жумабаева болгон документин чогултуп, сотко арыз жазууга камынууда.

Кыргызстанда аялдар үчүн менчикке болгон укук олуттуу көйгөй. Кризистик борборго келген аялдардын 25 пайыздан ашууну мүлккө байланыштуу кайрылат. Үйлөрдүн көбү кожоюн катары эркекке катталгандыктан, жубайлар ажырашкан учурда же кокустан үй ээси каза тапкан маалда аял үй-жайсыз калган, мунун айынан соттошкон учурлар көп эле кездешет. Өзгөчө нике күбөлүгү жоктор мындай проблемаларга көбүрөөк туш болот.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG