Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Кыргызстандагы жеке менчик “Таяныч” профсоюздук уюму ар кандай кызматтагы аялдардын укуктарын изилдеп чыкты. Сурамжылоого катышкан кыз-келиндердин бир бөлүгү пара ордуна "көңүл" сураган көрүнүштөр көп экенин айтышкан.

Жарандык коомдун өкүлдөрү жогорку окуу жайларга кирүү, жумушка орношуу же кызматтык тепкичтен жогорулоо үчүн сексуалдык кысымга кабылган аялдардын саны арбын экенин белгилешет. Бирок жергиликтүү моралдык-этикалык түшүнүккө байланыштуу мындай көрүнүштү ачык айтып, өз укугун коргоого аракет кылгандар жокко эсе.

Бишкектик журналист Асел Калыбекованын эл аралык Eurasianet онлайн басылмасына чыккан "Жолугууга эмес, интервьюга келдим" деген макаласы кызуу талкууга алынган. Анда аял журналисттер, айрыкча жыйырмадан ашкан кыздар Кыргызстандагы аткаминерлерге интервью алганы барганда сексуалдык кысымга учурап жатканы айтылган. Кызматтагы эркектер журналист кызды кесипкөй катары көрбөй, кечкисин жолугууга чакырып же бөлмөдө жалгыз калганда тийишкен учурлар көп болгонун жеке мисалдар менен бекемдеп айтып, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук дале болсо күчүндө экенин шардана кылган. Ушул тема көп талкууланганы менен, мындай көрүнүштөр дале ачык айтылбай көмүскөдө калууда.

Асел өзү үй-бүлөлүү болуп калганын айтып, сүйлөп берүүдөн баш тартты. Андан башка журналист кыздар деле маек алууга барганда аткаминерлер жолугушуп жүрүүнү айтып көз кыскан, эс алууга бирге барууну сунуштаган учурлар болорун белгилешкени менен, муну коомчулукка ачык айткылары келген жок.

Анткен менен Коомдук каналдын мурдагы журналисти Лунара Мамытова Кыргызстанда маек алганы барганда аткаминерлер же жетекчилер тийишкен учурлар жок деп кесе айталбаса да, бул ар бир кыздын өзүнөн көз каранды деп эсептейт.

- Мен чиновниктер тарабынан ыңгайсыз абалга эч качан туш болгон эмесмин. Муну өзүмдүн кесиптештеримен да уккан эмесмин. Мындай абалга туш болгондор да бар болушу мүмкүн, бул дагы ошол журналисттин өзүнөн көз каранды деп ойлойм. Ал маек алууга барганда өзүн кантип көрсөтө алды, кандай алып жүрдү, ошого байланыштуу.

“Таяныч” профсоюздук уюму ондон ашуун компанияда иштеген аялдардын укуктарын изилдеп чыккан. Арасында кафеде, кондитер фирмасында, тигүү цехтерде, соода борборлордо иштегендер бар.

Сурамжылоого катышкан кыз-келиндердин бир бөлүгү пара ордуна көңүл сураган көрүнүштөр көп экенин айтышкан. Жарандык коомдун өкүлдөрү жогорку окуу жайларга кирүү, жумушка орношуу же кызматтык тепкичтен жогорулоо үчүн сексуалдык кысымга кабылган аялдардын саны ондоп саналышы ыктымал экенин белгилешет.

Уюмдун жетекчиси Айсулуу Алымбек кызы жергиликтүү менталитетке байланыштуу мындай көрүнүштү ачык айтып, өз укугун коргоого аракет кылгандар дээрлик жок экенин белгилейт. Оозеки айтып беришкени менен, азырынча “Таянычка” бир дагы аял расмий түрдө мындай маселелер тууралуу арыз жазып кайрыла элек.

- Кээ бирөө айткандан уялышат. Келбети жакшынакай кыздарды эркине каршы пайдаланган учурлар бар экен. Биздин анонимдүү сурамжылоого 1200гө жакын адам катышты. Көп жарандар, өзгөчө формалдуу эмес тармакта иштегендер мыйзамды билбейт. Кафелерде жапжаш кыздар, 1-2-курстун студенттери иштейт. Аларга кулдай мамиле кылышат. Алар кожоюндан коркуп турат, анткени элдин көзүнчө сөгөт экен, ичип алган айрым эркектер төлөбөй кетсе официант кыздар төлөйт. Айлыгын сураса, кожоюндар ишиңди таштап кете бер дейт экен. Иш керек болгон, өз укугун коргой албаган кыздар иштеп кала беришет экен.

Сурамжылоого катышкандардын арасынан сегиз кыз-келин кожоюндары тарабынан тийишкен жагдайга туш болушканын айтышты. Көбүнчө кожоюну эркек адам болгон тигүү цехтеринде иштеген өң-келбети татынакай кыздарга эркине каршы мамиле жасоо көрүнүшү бар экен. “Эгер макул болбосоң жумуштан кетирем, макул болсоң акчаңды көбөйтөм” деп айтат экен. Муну оозеки айтышканы менен арыз жок. Анткени далил жок. Мындай учурларды далилдөө өтө кыйын. Ошого макул болуп, ишинен көтөрүлүп, фирманын администрациясына чейин көтөрүлгөн кыздар да көп экен.

Буга чейин Дипломатиялык академиянын мурдагы ректору Жумагул Сааданбеков "ал жерде иштеген келиндерге асылган", "ондогон адамды негизсиз жумуштан" алган деген арыз интернет булактарда тараган. Сааданбеков мындай дооматтарды төгүндөп, алар аттестациядан өтпөй калганы жана Эсеп палатасы тарабынан каражатты максатсыз пайдаланганы ашкереленип калгандан кийин кызматтан кетирилгенин билдирген болчу. Кыргызстанда ушул сыяктуу ар кандай айың кептер көп эле болуп жүрөт. Бирок бул арыз менен ачыкка чыккан биринчи окуя болгон.

Элнура Бишкектеги жеке менчик фирмалардын биринде котормочу болуп иштечү. Жумушка орношкон алгачкы айларда эле ага өзүнөн бир топ жаш улуу жетекчилик кызматта иштегендердин бирөө акча сунуш кылып, тамакка чакыра баштаган. Окууну жаңы бүтүп келгендиктен Элнура дароо ишин таштап кете алган эмес. Жетекчиси менен жолугушууга макул болбой жүрүп, акыры жумушун таштап кеткен.

- Мен чет элдик фирмалардын биринде котормочу болуп иштегем. Мага акча берип, тамакка чакыра баштады. Ал менин түздөн-түз жетекчим эмес, башка объекттин жетекчиси болчу. Окууну жаңы бүтүп келсем буга акча керек, балким акча берсем мени менен барат деп ойлодубу, билбейм.

Аялдардын укугу боюнча адис, чет өлкөдөгү тажрыйбалар менен бөлүшкөн Нуржан Алымканова кыздардын өзүнөн көз каранды деген ойго көбүрөөк кошулат. Ошондой эле ийгиликке жеткен татынакай кыздардын артында колдоп турган эркек адам болушу мүмкүн деген көз караш бар экенин белгилейт.

- Бул ар бир компаниядан, мекемеден жана кыздын өзүнөн көз каранды. Кээ бир кыздар качан мага тийишет деп күтүп эле отурат да. Андайлар да жок эмес. Баарын эле эркектерге шылтай берген туура эмес. Тилекке каршы, эгер жаш кыз болсо, акылдуу болсо, анын үстүнө татынакай болуп, ийгиликке жетишип жатса анын артында сөзсүз эркек адам болушу мүмкүн деген көз караш бар. Мен ага кошулбайт элем. Менин саясий жаатта деле, журналистикада деле ийгиликтерге жетишкен көп досторум бар. Бирок эркектин жардамысыз эле өзүнүн иштермандыгы, акылы менен иштеп жүрүшөт.

Бирок Нуржан башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда көңүлдөш болууну сунуштаган, сексуалдык, психологиялык кысым кылган жетекчилердин үстүнөн арызданып, алардын абийирин ачуу кыйынга турарын айтат.

- Кыздарга тийишмей, сексизм менен мамиле кылуу Кыргызстанда эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдө деле күч алган. Мисалы, аялдарга шовинисттик мамилелер дайыма байкалат. Ал тууралуу көп журналдардан деле окусак болот. Интеллектуалдык жактан көбүрөөк өнүккөн өлкөлөрдө андай нерсени башкаруу оңойурак экен. Тескерисинче, билимге көп көңүл бурулбаган, көп муундан бери жакшы өнүкпөй келаткан аймактарда мындай көрүнүш көбүрөөк кездешет экен. Анткени бул адамдын эң баштапкы жырткычтык инстинктери. Мен Кыргызстандагы бир-эки компанияны билем. Аларда ушундай көрүнүштөр катталып, кыянатка барган адам жумуштан дароо кетет. Ушундай тийишти, мындай деди деп айткандарды көп эле угуп жүрөбүз го. Журналисттер арасында деле биздин жетекчи ушундай кылды, унчуккан жокмун деген сөздөрдү, тилекке каршы, көп эле уккам. Бирок аны ачык айтуудан кыздар эмнегедир коркот же коомчулук күнөөнү кыздардан көрөт дешеби, айтор жабык калат.

Анткен менен кризистик борборлорго дал ушул маселе менен кайрылган кыз-келиндер да жок эмес. Маселен “Сезим” кризистик борборунун юристи Ракия Ракматованын айтуусунда, мындай учурда аялдар көбүрөөк психологиялык кысымга туш болушат.

- Бир кыз фармацевтикалык компанияда иштечү экен. Ага кожоюну ачык эле сен мага жагасың, экөөбүздүн ортобузда интимдик байланыш болушу керек, болбосо жумуштан кетесиң деп эле айтыптыр. Бизге келип консультация алып кеткен. Далилдөө кыйын болгондуктан мындай учурлардын көбү жабык эле калат. Чоң-чоң компанияларда жакшынакай, жаңы окууну бүтүп келген жаш кыздар болсо, аларга иш керек, ушинтип пайдаланышы мүмкүн. Карапайым үй-бүлөдөн келип, иштеш керек болгондор мындайды туугандарынан да жашырып айтпай эле жүрүшү мүмкүн. Анткени азыр же акча, же тааныш чечет деген заман болуп жатпайбы.

Адистер мындай мамилеге официанттар, катчылар, жооптуу кызматтагылардын жардамчылары, тигүү цехиндеги кыз-келиндер, студенттер, “романтикалуу кесип ээлери” эсептелген стюардессалар жана башкалар кабыларын белгилешет. Алар аялдарды сексуалдык жактан колдонуу көрүнүштөрүн далилдөөгө дээрлик мүмкүн болбогондуктан, коррупциянын көрүнбөгөн тармагына айланып бара жатканын айтышууда. “Таяныч” уюму бул маселени дагы тереңдеп иликтөөгө алууга бел байлоодо.

Ал эми Кыргызстан мыйзамдары боюнча жарандар жумуш орунундагы сексуалдык кысымдан толук корголгон. Бирок пара ордуна “көңүл” сураган көрүнүштөргө келгенде эрежелер толук иштебейт. Айрым өлкөдө мындай арыз үчүн соттолгонго чейин барган учурлар бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG