Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Аялдардын пенсия курагы талкууда


Кыргыз аялдарын 60 жаштан баштап пенсияга чыгаруу сунушталууда.
Кыргыз аялдарын 60 жаштан баштап пенсияга чыгаруу сунушталууда.

Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка жогорулатуу демилгесин көтөрүүдө.

Ага ылайык, пенсия курагы этап менен, ар үч айдан көтөрүлүп отуруп 6-8 жылда 60 жашка жеткирилет. Коомдун талкуусуна коюлган бул долбоор жашоо-шарттын салыштырмалуу жакшырганына жана жаш курактын узарганына байланыштуу иштелип чыккан. Айрымдар аялдарга шарт түзбөй туруп, пенсия курагын жогорулатуу туура эмес дешет. Эксперттер муну каржы таңкыстыгынан улам пенсионерлердин санын кыскартуу максатында жасалып жаткан кадам катары баалап жатышат.

Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси Гүлнура Жуматаеванын билдиришинче, пенсия курагы этап менен көтөрүлүп, 6-8 жыл ичинде эркектер менен аялдардын ортосундагы айырма азыркыдай беш жыл эмес, үч жылды түзүп калат. Бул өлкөдөгү жашоо-шарттын салыштырмалуу жакшырганы жана жаш курактын узарганы менен байланыштырылып жатат.

Каракол шаарындагы базарда соода кылган аял.
Каракол шаарындагы базарда соода кылган аял.
- Жашоо узактыгы жылдан жылга төрт, алты айдан өсүп баратат. Мурда 50 жашта карыган деп эсептелсе, азыр орто жаш болуп калды. Бул куракта адамдар күүлүү-күчтүү, жакшы эле болушат. Ошондуктан пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жашоо-шарты жакшырып, жаш курак узарган сайын мындай өзгөрүүлөрдү жасап туруш керек. Эгер аялдардын иш стажы 35 жылга жетсе, бул куракты күтпөй эле пенсияга чыга берсе болот.

Азырынча бул сунуштун так механизми иштелип чыга элек. Социалдык фонд тоолуу шартта жашаган жана көп балалуу энелерге бул долбоор кандай колдонулары боюнча да коомдук талкууда түшкөн сунуштардан кийин чечим чыгарууну көздөп жатат. Бирок аялдардын пенсиядагы жаш курагын эки жылга көтөрүүдө орто эсеп менен 500 миллион сом үнөмдөлөөрү айтылууда.

Адистердин божомолунда, келечекте демографиялык абал кыйла өзгөрөт. 2050-жылдары эмгекке жарамдуу курактагылар калктын 57 пайыздан көбүрөөгүн түзөт. Андан улуу курактагылар эки эсе өсүп, калктын 16 пайыздан ашыгын түзөт деп болжолдонууда. Ал эми эркектердин жашоо узактыгы 65тен 72-73кө, аялдардыкы 73төн 78ге чыгары айтылууда.

Кыргызстанда мугалимдик кесипти аркалагандардын басымдуу бөлүгү аялдар.
Кыргызстанда мугалимдик кесипти аркалагандардын басымдуу бөлүгү аялдар.
Анткен менен өкмөттүн бул демилгесине айрым аялдар каршы чыгууда. Алар бийликтин финансылык туруктуулук жана экономикалык өсүш маселелерин аялдарды эксплуатациялоо аркылуу чечүү аракетин сындашууда. Мисалы, Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда мугалим болуп иштеген Гүлайым Топчубаева аялдарга шарт түзбөй туруп, пенсия курагын жогорулатуу туура эмес деп эсептейт:

- Мамлекет аялдарга ошончолук деңгээлде шарт түзүп бербей жатат да. Ден соолук начарлоодо, эч кандай шарт жок. Азыр 35-40тагы келиндерди көрсөң алтымыштагы аялдарга окшоп калган. Бала-чака багам деп күнү-түнү 24 саат иштеп, базарга чыгып жүрүп эрте картайып жатышат. Эгер мамлекет мурдагыдай сегиз саат гана иштетип, жылына бир жолу профсоюз аркылуу эс алууга жөнөтүп турса анда башка сөз. Шарт түзүп анан жашын көтөрүш керек.


Дүйнөлүк банк өткөн айда жарыялаган изилдөөсүндө Европа жана Борбор Азия улгайгандардын татыктуу жашоосун камсыздоо үчүн пенсия системасында кеңири реформа жүргүзүшү зарыл экенин эскерткен. Демографтардын айтымында, акыркы 30 жылда алтымыш жана андан улуу курактагылардын саны эки эсе көбөйгөн. Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүндө пенсия төлөмдөрү бюджеттин эң чоң чыгаша бөлүгүнө айланууда. Андыктан пенсия системасын реформалоо КМШ мамлекеттеринде да, Европада да кызуу талкууланган, ошол эле кезде нааразылык жараткан маселеге айланды.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.
Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров пенсия системасында реформа болбогондуктан ушундай жолго баруу зарылчылыгы чыгып жатканын белгилөөдө. Анын пикиринде, өкмөт каражаттын жоктугунан ушул жолго барууга аргасыз.

- Бул азыр зарылчылык болууда. 50-60-жылдары төрөлгөн адамдардын бардыгы азыр пенсияга чыга баштады, экономика болсо жакшы оңоло элек. КМШ мамлекеттеринде жакшыбы-жаманбы, пенсиялык реформа жүрүп жатат. Биздики айланып жүрүп кайра эле бюджеттин моюнуна илинип калды. Биринчиден, бул экономика менен каржынын алсыздыгынан. Экинчиден, казынада акча жок, ошого пенсия курагын жылдырсакпы деген ниетте болууда. Эң оболу, жумушчу орундар түзүлбөй жатат. Жумуш орун түзүлүп, андан пенсиялык фондго акча көбүрөөк түшсө, бул маселе чыкмак эмес.

Буга чейин “Мамлекеттик жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, пенсия жашы үч жылга төмөндөгөн эле. Кайра 2008-жылы бул мыйзам өзгөртүлүп, аялдардын пенсия жашы 55тен 58ге, эркектердики 60тан 63кө жогорулатылган.

Социалдык фонд кызматкерлеринин белгилешинче, жыл сайын пенсионерлердин саны өсүүдө. Жаш курагы боюнча пенсияга чыккандардын саны жыл сайын 15-20 миңге көбөйөт. Ушул тапта 580 миңге жакын пенсионер болсо, алардын 60% ашууну аялдар. Аялдардын пенсияга чыгуу курагы боюнча маселе өкмөттүн кароосунан өткөн соң Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG