Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Саясатка аттанчу аялдын түйшүгү түмөн


Эксперттердин айтымында, Кыргызстан гендердик теңчиликке али жете элек.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстан гендердик теңчиликке али жете элек.

Шайлануу жолу менен келчү бийлик органдарында гендердик теңчиликке Кыргызстан жете электигин укук коргоочулар белгилешүүдө.

Кыргыз парламентинде 120 депутаттын 22 пайызын аялдар түзсө, 22 министрликтин үчөөн гана аял башкарат. Ал эми мамлекеттик агенттик, кызматтардын бирөөндө да аял жетекчи жок. "Аялзат" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында аялдардын саясаттагы орду, мүмкүнчүлүктөрү, тоскоолдуктар тууралуу сөз кылабыз.

Авазкан Оморова айылдык кеңешке үч жылдан бери талапкерлигин коюп атып үчүнчү жолу шайланып келген. Ал азыр Кара-Суу районундагы Жоош айылдык кеңешинин депутаты.

- Айылдык кеңешке депутат болуп араң өтөбүз. Гендердик стереотиптер бар, алардын бардыгы бизге тоскоол. Аялга берилген суроо эркек талапкерге берилбейт. Эркек талапкерлерге коюлган критерийлер башка, аялдарга башка. Эгер татыктуу эркек депутат турса, аялдар андан эки эсе татыктуу болушу керек. Анткени ар тараптан сынга алынып турасың, - деди Абазкан Оморова.

"Биздин аялдар билимин, потенциалын баалабайт...."

Авазкан Оморованын белгилешинче, аял киши чоң саясатты кой, айылдык кеңешке депутат болуу үчүн дагы бир топ тоскоолдуктарды басып өткөнгө туура келет.

- Биринчиден, сенин социалдык статусуң аябай кызыктырат. Үй-бүлөлүүсүңбү, ошол шайлана турган жердин кызысыңбы же келинисиңби дегендей. Кыз болсоң качан кетет экен, кетип калса, биз жакка иштебейт да дегендей түшүнүк болот. Ал эми келин болсоң, мындан көрө өзүбүздүн балдарды шайлайлы дешет. Экинчиден, саясий партия менен барган учурда деле саясий кеңештин чечими башкача чыгат. Сенин муктаждыгыңа, сенин ишмердүүлүгүңө же ошол жерге барып зыңкыйтып бир нерсе жасап койгонуңа карап эмес, башка талаптар менен тандашат. Үчүнчүдөн, аялдар үчүн каражат да чоң роль ойнойт. Каражат жагынан чабал болсоң анда шайлоого аттанбай эле койгонуң оң. Саясий укуктарың бирдей болгону менен мүмкүнчүлүк түзүлбөй калып, сен чечим кабыл алуу процессине катышпайсың.


Жоош айылдык кеңеши 31 мандаттуу. Ага 14 аял талапкерлигин коюп, төртөө гана өткөн. Парламент аралык шериктештик уюму мындан эки жыл мурда өзүнүн баяндамасында аял-эркектин тең укуктуулугу, айрыкча саясаттагы баланс сакталбай жатканын айткан болчу. Анда көпчүлүк өлкөлөрдө аялдар мамлекеттик башкаруудан сыртта калганына көңүл бурулган. Кыргызстанда укук коргоочу, эксперттер соңку жылдары гендерлик тең укуктуулук маселесинде акыбал жакшырганы менен, өзгөчө шайлануу жолу менен келчү бийлик органдарында гендердик теңчиликке Кыргызстан жете электигин белгилешүүдө. Социология илимдеринин кандидаты, “Аялдарды коргоо борборунун” өкүлү Топчүгүл Шайдуллаева Кыргызстанда гендердик стереотиптер дагы деле бар деп эсептейт.

Топчугүл Шайдуллаева.

Топчугүл Шайдуллаева.

- Шайлануу жолу менен келчү бийлик органдарында гендердик теңчиликке али жете элекпиз. Ал үчүн биз дагы көп иштешибиз керек. Биз талапкер болом дегендер менен түздөн түз иштешип атабыз. Бизде бул багытта стереотиптер сакталып калган. Мисалы бир уруудан же жакын туугандар арасынан эркек киши талапкерлигин коюп калса аял кайнагам эле, тууган болуп кетет эле, жолуна туруп калабайын деп талапкерлигин алып коет. Экинчиден, үй-бүлөсү тоскоолдук кылган учурлар бар. Каражат маселеси, акчанын жетишсиздиги да таасирин тийгизет. Үчүнчүдөн, аялдардын өздөрүнүн дагы ыкшоолугу артка тартат. Айымдар өз потенциалын, билимин, күчүн баалабайт. Биздин аялдардын өзүн өзү баалоо сезими төмөн.

“Аялдарды коргоо борбору” үч жылдан бери Кыргызстандын жаңы шартында аялдарын саясий жана экономикалык укуктарын илгерилетүү деген аталыштагы долбоорду ишке ашырууда. Андан 200дөн ашуун талапкерлер окуп, алардын 50дөн ашууну жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланды. Алардын катарында Оштун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрайымы Канайым Султанова да бар.

- Айылда көбүбүз эле өз укугубузду билбейбиз. Мындан сырткары чогулуштарда “сен аялсың” деген мамиле да байкалат. Жыйындарда көп учурда аксакалдар, эркектер менен иштешүүгө туура келет. Негизи эле өздөрү аттанып чыккан аялдар дагы аз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Маселени эркектер жакшы чечет деген көз караш жашайт. Мисалы бизде 21 депутаттын ичинен төртөө аял.


Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Асия Сасыкбаева өз кызматтык жолун Ленинградда китепканачы болуп баштаган. Кийин Кыргызстанда мугалим, мектеп директору, "Сорос-Кыргызстан" фондунун директорлор кеңешинин төрайымы, Эл аралык “Интербилим” борборунун директору болуп иштеп жүргөн кезде “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого катышып, мандат алган. Асия Сасыкбаева ар бир адам өз жолун, максатын туура тандаса, тоскоолдуктар болбойт деген ишеничте:

- Ар бир адам эмне кылып иштеп берет, эмне үчүн күрөшөт жана кандай жол менен кетет, максатын ишке ашырганга кандай аракет кылат дегенге жооп берип, анын аркасынан пландап, аракет жасашы керек. Бизде менталитеттик тоскоолдук болсо болгондур, бирок аял өзүнүн ишин көргөзсө, бир нерсе жасай ала турганын башкалар таанып-билгенден кийин кыйын деле болбойт. Шайлоочулар колунан бирдеме келет экен, бул кыз биз үчүн күйөт экен деген ой менен колдошот. Аял менен эркектин укуктары бул багытта мыйзам боюнча бирдей эле. Каражат жагынан алганда айрым эркектерден жакшы тапкан аялдар бар да.


Асия Сасыкбаева.

Асия Сасыкбаева.

Ошол эле кезде тажрыйба топтош керек. Тажрыйбасы жок, акчасы менен келген аялдар да жок эмес. Орто Азияны эле эмес, башка мамлекеттерди алганда деле Кыргызстан салыштырмалуу демократиялуу мамлекет деп саналат. Башка мамлекеттен келгендер Кыргызстанда аялдарга тоскоолдуктар жок экен, аялдарды сыйлап, таазим кылат экен, мыйзамдар бар экен деп таң калып кетишет. Чындыгында ошондой. Бирок кээде аялдар өз аброюбузду өзүбүз түшүрүп коёбуз. Арабызда жүрүм-туруму бузулуп, ОБОН болуп кеткендер, сатылып, пара алып кармалгандар да бар,- дейт Асия Сасыкбаева.

Кыргызстанда 2005-жылы бир жыныстуу парламент шайлангандан кийин бир катар нааразылык акциялар уюштурулуп, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү 8-март аялдардын майрамында мырза депутаттарга гүлдесте тартуулашкан эле.
Мурдагы президент Роза Отунбаева өкмөттүк түзүмдөргө, айрым стратегиялык маанидеги компанияларды башкарууга айымдар тартылбай жатканына көңүл бурган. Ушул тапта Кыргыз парламентиндеги 120 депутаттын 22 пайызын айымдар түзөт. Төраганын беш орун басарынын төртөө аял. Аялдардын парламентке шайлануусуна атайын квота киргизилген. Бирок алардын саясаттагы таасири табигый түрдө бекемделиши керек деген пикирди кармангандар дагы жок эмес. Себеби, аялдар бийликке табигый күрөш аркылуу келбестен, атайын квотанын жардамы менен гана келип жаткандыктан, көп учурда алар саясий инструментке айланып бара жатканын айрым талдоочулар белгилешет.

Кыргызстанда гендердик тең салмактуулук сакталганбы?

“Аялдарды колдоо борбору” Кыргызстандыгы аялдардын саясий чөйрөгө катышуусун иликтеп чыккан. 22 министрликтин үчөөнү аял киши башкарат. Мамлекеттик агенттик, кызматтардын бирөөндө да аял жетекчи жок. Ал эми беш фонд жана инспекция болсо, аларда бир жетекчи аял. Өкмөттүн жети облусунда бир аял губернатор бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн төртөө айым болсо, жергиликтүү кеңештерде аял депутаттар 13 пайызды түзөт. 31 мэрлик кызматтын бардыгында мырзалар.

Анткен менен Кыргызстанда Башкы прокурор (Аида Салянова), Жогорку Соттун төрайымы (Феруза Жамашева), Эсеп палатасынын төрайымы (Элмира Ибраимова) аял кишилер.

Ал эми Дүйнөлүк экономикалык форум гендердик теңчилик боюнча 2013-жылдагы акыбалды иликтеп, Исландияны алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошкон. Бул өлкөдө аялдар билим алуу, саламаттыкты сактоо, саясат жана экономика тармактарында эркектер менен дээрлик бирдей укукка ээ. Андан кийин Финляндия, Норвегия жана Швеция тең укуктуулук өкүм сүргөн өлкөлөрдүн катарын толуктаган. Кыргызстан бул рейтингде 63-орунду, коңшу Казакстан 32, Тажикстан -90, Орусия 61-орунду ээлеген.

Иликтөөгө караганда дүйнө жүзүндө гендер маселеси кыйла жакшырган. Бирок саясатта гендердик айырмалык өтө чоң экени, дүйнөдө аялдар эркектерге салыштырмалуу жогорку саясий кызматтардын 20% гана ээлей тургандыгы белгиленген. Кыргызстан бул багытта 71-орунда турат.

Кыргызстанда лидер аялдар соңку учурларда эле чыгып аткан жок. Кыйын кезде аттанып чыккан лидерлердин төл башында Курманжан Датка, Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова сыяктуу апаларыбыз турат. 2010-жылы Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи Кыргызстанда аял президент (Роза Отунбаева) шайланган.

Бизнестеги тоскоолдуктар

Ал эми Дүйнөлүк экономикалык форумдун иликтөөсүнө ылайык, экономика жаатында абал бир кылка эмес. Бул жааттагы теңчилдик 60% түзөрү, Кыргызстан экономика тармагы боюнча 60-катарда экени көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү салт-санааны, менталитетти эске алганда аял кишиге үйдөгү иштерди да жасоо, баланы тарбиялоо, жолдошуна кам көрүү, конок тосуу, тууган-урук менен мамиле күтүү иштери да жүктөлгөн. Экинчиден, чоң иштерди эркектер гана жасай алат дегендей көз караш калыптанып калган. “Ошол стереотиптерди жок кылуу үчүн аялдар эркектерге салыштырмалуу көбүрөөк чуркашы керек”, - дейт ишкер айым Гүлнур Нарманбетова.

Кыргыз аялдардын көбү майда насыяларды алып чакан ишкерлик менен алектенет.

Кыргыз аялдардын көбү майда насыяларды алып чакан ишкерлик менен алектенет.

- Биз эркек киши бүт баарын билет, бул иш эркектин гана колунан келет деп көнүп калганбыз. Ошондуктан көбүрөөк эркек кишиге ишеним көрсөтүлөт. Бул көз караш дагы деле бар. Муну тажрыйбада деле байкаса болот. Мисалы, бир чоң жерге мени менен бир жигитти кошуп жиберсе, менде кандайдыр бир артыкчылыктар болсо дагы ошол жигитти тандашат. Сүйлөшкөнгө оңой дешеби же эркек киши эркектердин тилин жакшы түшүнөбү билбейм. Аялдар болсо сенин деле колуңан келе турганын, ал ишти сен деле жасай ала турганыңды далилдешиң керек. Азыр деле аял кишилер көбүнесе орто, чакан бизнесте иш алып барат, бирок чоң кирешелүү бизнестерде аялдар жок. Экинчиден, аялдар үй-бүлөгө да кам көрүшү керек. Чоң бизнес ошончолук көп убакытты алат.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2 пайызын гана аялдар түзөт. Аталган министрликтин гендердик саясат башкармалыгынын башчысы Назгүл Бейшееванын айтымында, өндүрүш тармагында аялдар 22%, соодада 56% түзөт. Өзүнүн жеке ишин ачкандардын арасында 19 пайызы айымдар.

- Аялдардын акчасы да, ресурсу да жок. Алардын көбү майда насыяларды алып, иш жасап жатышпайбы. Майда насыялардын 70% аялдар алат экен. Мыйзамдык база баарына эле бирдей түзүлөт, бирок реалдуу шартка келгенде аялдардын мүмкүнчүлүгү аз. Алардын астында үйү, ресурсу болушу керек. Жөндөмү керек, билим алуусу зарыл. Атайын программа түзүп, аялдарга шарт түзүү абзел. Учурда 60 пайыз аялдар формалдуу эмес тармакта иштейт. Буларга кийим тигүүчү цехтер кирет. Азыр бала бакча жок көп аялдар үйдө отурушат, колдору байланган. Аялдарга бул жакка болбойт деген тыюу жок, бирок шарты жок болуп жатпайбы. Бүгүн аял экономикалык жактан көз карандысыз болсо ал өзүнө ишенип, тең сүйлөп, тең жүрүп, тең укуктарга ээ болот.

Кыргыз коомчулугуна “Аялдын орду үйдө”, “Эркектин башы улук” же “Аял үйдө балдарды гана тарбиялаш керек” деген түшүнүктөр көбүрөөк сиңип калган. Ошондуктан дагы гендердик тең салмактуулук деп көп учурда аялдардын укугун коргоо саналат. Бүгүнкү күндө аялдарды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо, мамлекеттик органдарда иштөөсүнө шарт түзүү, саясатка активдүү аралаштыруу боюнча бир катар коомдук уюмдар иш алып барат. Анткен менен соңку мезгилде кыргыз аялдары активдешип, үй-бүлөдө эркектер дагы басмырланып калган фактылар бар экени айтылып жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG