Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Боздоп жашагандан көрө бой жүргөн жакшы


(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Бул окуяны Бишкек шаарындагы бейтапканалардын биринин нерв ооруулар боюнча дарыгери Дилбар айтып берди.

Мен өзүм врачмын, түшүнүгүм да кенен. Бирок өзүмдүн бир тууган сиңдимди 15 жылдан бери үй-бүлөлүк кордуктан сактай албай келатам. Сиңдим кесиби боюнча дарыгер, сүйөм деп өзүнөн бир топ жаш улуу кишиге турмушка чыккан. Ортолорунда бир уулу бар. Күйөө бала ички иштер органында иштеп жүрүп, пенсияга чыккан.

Сиңдим көпкө чейин ичиндеги бугун, муңун бизге ачык айтпай, жашырып жүрдү. Анткени биздин каршылыгыбызга карабай, турмушка чыгып алганынан намыстанса керек. Айла жок, тарткан запкысын көргөн апам экөөбүз кайра боорубуз ооруй баштады. Эми күйөөсүнүн кылганын кара? Сиңдим кокус тамакка тузду аз салып койсо, күйөөсү бир мүшөк тузду жонуна көтөртүп, үйдүн ичинде бир нече саат бою ары-бери бастырат экен.

Бир жолу болсо столго шекерди койбой унутуп калбайбы. Анан күйөөсү шекер салынган оор мүшөктү ары-бери көтөртүп, түн бою сиңдимдин шорун катырган. Кичинекей уулун болсо карап отурасың деп, төшөккө жатып уктаганга да тыюу салган.Күйөө бала апабыз менен жашташ. Шаарда тааныбаган “чоңу” жок.

Элдин көзүнчө сиңдиме жакшы мамиле жасайт, ээрчишип конокторго барышат, а бирок үйдө өздөрү калганда анын “жиндилиги” башталат экен. Сиңдимдин иштеген жерине дейре келип, аны текшерип, бир мүнөт кечиксе, же алган айлыгынан кичине азыраак алып келип калса, колун көтөрүп, кыскасы, пенсияда, үйдө отуруп алып, анын эрмеги эле аялы болуп калган.

Уулу болсо оорукчан, ымыркайынан катуу корккондон ушундай болуп калганын врач катары айта алам. Жакшы сүйлөй албайт. Сиңдимди такыр түшүнбөйбүз, ушунча кордук көрсө да, чыдап жашап жүрөт. Апамдын да айласы куруду. “Эми ага (күйөө балага) алыбыз жетпейт, милициясын да, прокурорун да - баарын тааныйт, андан көрө Клара (сиңдим) өзү эле ажырашып кетсе болот эле дейт. Сиңдим болсо кордуктарды көтөрүп келатат. Качанга дейре?..

XS
SM
MD
LG