Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Кризистик борборлор ассоциациясынын иликтөөсү боюнча, өлкөдө ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылат.

Ал эми жалпы аялдардын 75% зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө туш болушат.


Зомбулуктун түрлөрү
Үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги төрт түрү бар: уруп-сабоо, сексуалдык, эмоциялык же психологиялык жана экономикалык зомбулуктар.


Айданек күйөөсүнөн токмок жеп, Нарындан Бишкектеги “Сезим” кризистик борборуна эки жашар кызы менен качып келген. Ал күйөөсүнүн ур-токмогун далай жеп келген эле, бирок акыры чыдамы түгөндү. Кош бойлуу экенин Бишкекке келгенде билиптир. Өзүнүн айтымында, акыркы жолу күйөөсү аны бети көк-аладан көрүнбөй калганча сабаган. Биз барган учурда деле бети-башы томпоюп, көк-ала издер бар экен.

Зомбулукка каршы сүрөт-көргөзмөдөн. Украина, 25-ноябрь, 2011.

Зомбулукка каршы сүрөт-көргөзмөдөн. Украина, 25-ноябрь, 2011.

- Ошол кол тийгизген күнү эс-учумду билбей кечке жаттым. Эртеси дагы ооруканага барам деп, бирок бара албай үйдө эле дарыланып, үйдөн эле жакшы болдум. Бир чети көк-ала болгонуман уялып, экинчиден окуучуларга да уят болом деп 1-сентябрда да барган эмесмин. Үйдө тынч, бейпил болбогондуктан жумушка деле көңүлүм келбей калган. Акыркы жолу мышьяк берип "өлтүрөм сени" деп коркуткан. Акыркы жолу бетим көрүнбөй калганча сабаган. Өзүм жогорку окуу жайын бүтүргөм. Ишиме да күйөөм көп тоскоол болот. Башыма көп урчу. Ошондуктан башым деле чайкалып, жаракат алсам керек деп ойлойм.

Эксперттердин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги төрт түрү бар: уруп-сабоо, сексуалдык, эмоциялык же психологиялык жана экономикалык зомбулуктар. Сексуалдык – бул аялды ой-боюна койбой жыныстык катнашка мажбурлоо. Эмоциялык зомбулукка кемсинтүү, шылдыңдоо, коомчулукка аралаштырбоо, сурак алуу, өлтүрүп коём деп коркутуу. Ал эми экономикалык зомбулукка каражатты жөнү жок көзөмөлдөө жана билим алууга, иштегенге уруксат бербөө кирет.

Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын гендер маселеси боюнча эксперти Назгүл Асылбекованын айтымында, Кыргызстанда аялын уруп-сабаган учурлар көбүрөөк кездешет.

- Көп эркектер аялын сабашат. Толук жана чоң иликтөө болгон жок, бирок Кыргызстандагы Кризистик борборлор ассоциациясынын иликтөөсү боюнча, өлкөдө ар бир экинчи аял зомбулуктун уруп-сабаган түрүнө туш болушат. Ал эми жалпы аялдардын 75% зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө кабылышат. Кыргызстан аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн жагынан индекси жогору өлкө. Бул кыз ала качуунун көп болуп жатканы менен да байланыштуу. Ар бир зордук-зомбулук психологиялык зомбулук менен коштолот. Кемсинтип, басынткан учурлар көп болуп атат. Эң көп жабыркагандар – жаш, айылдык аялдар.


Зомбулукка кабылгандар айрыкча айыл жеринде көп


Эл аралык Equality Now уюму жана Акыйкатчы институтунун изилдөөлөрү боюнча жыл сайын 15-16 миң кыз ала качууга кириптер болушат. Алардын жарымынан көбү эркине койбой ала качууга дуушар болот. Буга байланыштуу Акыйкатчы институту бир айлык акция уюштуруп, 2012-жылды зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө каршы күрөшүү жылы деп жарыялоо демилгесин көтөргөн.

Ал эми Ош шаарында жайгашкан “Ак жүрөк” моралдык-психологиялык борбордун жетекчиси Дарика Асылбекованын айтымында, зордук-зомбулукту айыл менен шаарга бөлүүгө болбойт. Атайын жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, көбүнесе иштебей, үйдө отурган аялдар өз укуктарын коргой албай, зомбулукка дуушар болушат. Аталган борборго күнүнө зомбулук көргөн 2-3 аял кайрылса, бир айда мындай аялдардын саны 100дөн ашат. Мындай кризистик уюмдардын саны Кыргызстанда ондоп саналат.

Дарика Асылбекова

Дарика Асылбекова

- Зордук-зомбулукка кабылган аялдар айылдарда бир аз көбүрөөк. Айрыкча Ош облусунун башка райондоруна караганда Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунда аялдар тиричилик менен, балдарын карап үйдө отурушат. Ур-токмок, зордук, күч көрсөтүп, аялына зомбулук кылуу дегенди түшүнбөгөндөр бар. Биз мониторинг жүргүзүп көрдүк. “Күйөөсү бар аял токмок жейт да” деген мааниде түшүнгөн аялдарды да кездештирдик. Аялдардын укуктары тууралуу жатык тилдеги, түшүнүктүү мазмундагы элет жерлерине жеткирчү материалдар жок экен.

Гендер маселеси боюнча эксперт Назгүл Асылбекованын айтымында, Кыргызстанда соңку кездерде сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин саны да өсүүдө.

Бүбүсара Рыскулова

Бүбүсара Рыскулова

Күйөөсүнөн токмок жеген, сексуалдык зомбулукка кабылган көптөгөн кыз-келиндер “Сезим” кризистик борборуна кайрылат. Аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова коом, мамлекет бирге бул маселе менен күрөшүү керек деп эсептейт.

- Бизге жалаң эле Бишкектен эмес, Нарын, Талас, Оштон да кайрылат. Бизге кайрылгандардын саны өсүүдө. Аялдарга карата зордук-зомбулук бар экенин далилденди. Эми биринчи коом, мамлекет кагазда эле эмес, натыйжалуу иш алып барыш керек. Кризистик борборлорго жардам бериш керек. Бизге кайрылгандардын 60% жакыны аракечтик, баңгизат жана кумар оюнуна берилип кеткен үй-бүлөлөрдөн болуп атат. Бизге кайрылгандардын 10-12% сексуалдык кулчулукка кабылгандар болот.
Ар бир зордук-зомбулук психологиялык зомбулук менен коштолот. Кемсинтип, басынткан учурлар көп болуп атат. Эң көп жабыркагандар – жаш, айылдык аялдар... Назгүл Асылбекова

Зордук-зомбулуктун бардык эле түрлөрүнө кабылган кыз-келиндер укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Кыз ала качууда деле эки тарап өз ара чечишип алган учурлар көп. Ошол себептүү жоопкерчиликке тартылган фактылар жокко эсе.


Зомбулукка аялдар эле кабылбайт


Ички иштер министрлигинин өкүлү Азамат Абдрахмановдун айтымында, бир жылда үй-бүлө чыр-чатагы боюнча 1600дөн ашуун окуя катталган. Алардын 1458и аялдарга байланыштуу. Алардан 20 иш сотко жиберилип, жыйынтыгы белгисиз. Азыр уруп-сабаганга күбө болгон туугандары менен кошуналардын арыздары аркылуу да жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө.

Канткен менен азыр жалаң эле аялдар зомбулукка кабылууда деген да жөнсүз болчудай. Анткени ИИМдин өкүлү Абдрахмановдун айтымында, 1600гө жакын арыздын 54ү эркектерге байланыштуу түшкөн.

Анткен менен көп учурда токмок жеген аялдар үй-бүлөсүн сактап калуу аргасынан балдарым деп кайра күйөөсүнө барат. Мисалы, биз башында сөз кылган Айданек да канчалык сабаганына карабай жолдошу менен кетүүгө даяр.

- Эки баланы атасыз калтыруу оңой эмес... Эгер күйөөм кечирим сурап, жарашалы десе макул болоюн деген оюм бар...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG