Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Окуучуну милиция кызматкери зордуктаганбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

15 жаштагы окуучу кызды милиция кызматкери зордуктады деген кылмыш иш боюнча сот эки жарым жылдан бери бүтпөй келет.

Жабырланган кыз аны Лейлек райондук милициясынын кызматкери Талант Жалиев бир нече жолу зордуктаганын айтса, камакта отурган милиция эки жылдан бери өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. Бул арада Лейлек милициясынан жабырландым деген кыз жол киреге каражат таппай, соттук отурумдарга текши каттай албай кыйналууда.

Сезим Лейлек райондук милициясынын кызматкери аны 9-класста окуп жүргөндө зордуктаганын айтууда. Жоболоңдуу окуяга Сезимдин жоголгону тууралуу колу кыймылдабаган апасынын атынан милицияга жазылган арыз түрткү болгон. Сезимдин айтымында, милицияга анын жоголгону тууралуу арызды ким жазганы ушул күнгө чейин белгисиз. Кыз ал арызды класс жетекчиси жазып берген болушу мүмкүн деп шектенет.

- "Кабинетте калууга болбойт, мен бир жакка барып келишим керек" деп мени автоунаасына салып алды. Мен анын машинесине отурганда эч нерседен шек санаган эмесмин. Анткени мени менен чогуу келген бир тууган агамдын шашылыш иштери чыгып, сурактан кийин кое беришин суранып кеткен. Ал чыгары менен ээн талаага алып барып, колумду артка байлап, башка чаап, зордуктаган. Андан кийин экинчи жолу аялдамада турган жеримден машинесине мажбурлап салып барып дагы зордуктаган. Бул жорук кийин эки жолу кайталанды.

Сезим "оорулуу апаң менен кошо өзүңдү да өлтүрүп салам" деген коркутуулардан улам дароо арыз жазбаганын айтууда. Ошол кезде милиция кызматкери Талант Жалиев ага башка балдардын үстүнөн куру доомат арыздарды жаздырып жүргөнүн да айтты:

- Мени таяктап, райондогу мен тааныбаган Үсөн Калмурзаев деген баланын үстүнөн "зордуктады" деп арыз жаздырткан. Көрсө андан 40 миң сом талап кылыптыр. Ал акчасынын жоктугун айтып, жалынып атып, 25 миң сом таап берип кутулуптур. Ал дагы сотко келип жүрөт.

Сезим милиция менен болгон окуядан төрт айдан кийин кош бойлуу экенин байкап, дарыгерге барган. Анын кеңеши менен прокуратурага арыз жазууга батынганын билдирди. Сезимдин айтымында, үч жылга созулган соттук териштирүү Жогорку Сотко чейин жетип, облуска кайткан.

Учурда Сезимди зордуктоого айыпталып кармалган милицияга карата сот өкүмү чыга элек. Кыздын арызынан кийин милиция кызматкери Талант Жалиевге "зордуктоо", "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "акча талап кылуу" беренелери боюнча үч айып коюлган. Бирок Талантбек Жалиловдун жактоочусу Канат Жайлоев милиция кызматкерине коюлган айыптар сотто далилденбей, четинен кыскарып жатканын билдирди:

- Буга чейинки соттордо Талант Жалиевге коюлган "акча талап кылуу" жана "зордуктоо" беренелери боюнча айып жокко чыгарылган. Бул сотто Талант Жалиевдин "кызмат абалынан ашыкча пайдаланганы" боюнча гана айыбы каралышы керек. Анткени башка айыптарга далил жок. Прокуратура алып келген генетикалык молекулярдык экспертиза баланын биологиялык атасы Талант Жалиев болушу 99% мүмкүн деген корутундусу ДНК анализ эмес. Ошондуктан бул корутундуну нагыз далил эмес деп эсептейбиз. Ал эми ал кыздын 4-ноябрда жазган арызы боюнча 5-ноябрда соттук медициналык экспертиза өткөрүлгөн. Анын корутундусу кыздын жыныстык органына эч кандай доо кетпегенин далилдеген. Негизи эле кыздын жүрүм-туруму начар болгондугу тууралуу мектеп мугалимдери сотто көрсөтмө беришкен. Анткени анын сабакка да, үйгө да жолобой дайынсыз кеткен адаты болгон. Айыпталып жаткан милиция кызматкери апасынын арызынан улам ага издөө жарыялаган. Ошону менен ал кыздын сөзү калп чыгып атат. Калмурзаевден акча талап кылган деген айып да далил тапкан жок. Бир гана түнү суракка алганы үчүн "кызматынан аша чапкандык" айыбы боюнча соттук кароо болушу керек.

Милиция менен окуучу кыздын мына ушундай акыйнеги эки жарым жылдан бери райондук жана облустук соттордо уланып келет. Бирок андан жыйынтык чыкпай жатат. Бул арада соттон-сотко каттаганга каражаты жок Сезим көп отурумдарга катыша албай калууда.

Учурда Сезимдин укугун Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борбору коргоп жатат. Аталган борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова Сезимдин алсыздыгынан күнөөкөрлөр утуп жатат деп эсептейт.

- Бул ошол кыздын жаштыгынан, күчтүү коргоочусу жок экенинен пайдаланып, ойлонулуп, атайлап жасалган иш болуп жатат. Бул кызды эч ким коргобой жатканы беркилер үчүн чоң утуш болуп жатат. Укук коргоо кызматкерлери мындай кырдаалда күнөөсү бар экенине карабай, чыгып кетүүнүн жолдорун жакшы билишет. Ушундан улам сот улам создугууда. Негизи эле жүрүм-туруму начар экен деп, жашы жете элек кызды зордуктоого укук коргоо кызматкеринин кандай акысы бар? Бузулган аялбы, карыган аялбы, келинби милициянын иши эмне? Кантип ушуга милиция кызматкеринин дити барды? Ал адилеттүү жазасын алышы керек.

Учурда Сезимдин жалгыз коргоочусу - айылда калган оорулуу апасы. Сезим мындан ары окууга өтүп, жашоосун улантууну ойлоп жүргөнүн айтат. "Эки жарым жыл мурда болгон окуяны эстегим да келбейт" деген Сезимдин баласы бир жарым жашка чыгып калды.

XS
SM
MD
LG