Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Өзбекстан жарандыгы жок кыргызстандык келиндерин чыгарып жиберди


Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндердин балдары, Миң-Чынар айылы, Баткен.

Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндердин балдары, Миң-Чынар айылы, Баткен.

Өзбекстан быйыл жыл башында жарандыгы жок башка өлкө атуулдарын өз аймагынан чыгаруу иштерин баштаган. Мындай тагдырга Өзбекстанга турмушка чыгып, очор-бачар болуп калган кыргызстандык аялдар да туш болду.

Баткендин Өзбекстанга чектеш Миң-Чынар айылынын бир канча кызы да өткөн кылымдын соңунда кошуна өлкөдө жашаган кыргыздарга келин болгон эле. Алар кошуна өлкөдөн бүлө күтүп, очор-бачар болуп калганда өзбек милициясы капыстан “жарандыгың жок” деген жүйөө менен бир канча жыл жашаган үйүнөн кубалап, үй-бүлөсүн минтип бөлүп салаары үч уктаса түшүнө кирбегенин айтышууда.

Эрди-катын эки жакта калып...
“Өзбекстандан чыгып кеткиле, кайра келсеңер сот жообуна тартыласыңар” дешти. Кайра кайтып келсек беш жылга чейин камакка алынаарыбызды эскертип, түшүнүк кат да жаздырып алышты.

1998-жылы Өзбекстанга турмушка чыгып, 3 баланын энеси болгон Алтынай Кабылова да алиге чейин кайын өлкөсүнүн жарандыгын алган эмес экен. Буга чейин ал жөнүндө ой да, зарылчылык да болбоптур. Анан эле мындан эки айдай мурдараак өзү жашаган Ак-Тамыр айылынын милициясы келип, Алтынайдын жарандыгын, каттоодо турган жайын сурап кирген. Анын Кыргызстандын жараны экенин билген милиция өкүлү мындан ары Өзбекстандын аймагында калууга мүмкүн эместигин, дароо чыгып кетпесе жоопко тартылаарын эскерткен. Алтынай ошентип төркүнүнө кайтып келүүгө аргасыз болгонун айтат:

- Билбейм эми, эмне максатта чыгарышты?.. Кыргызстанга барып жашагыла дешти. Бишкекке барып, кыргыз жарандыгынан чыгып, анан Ташкент аркылуу келсеңер паспорт (өзбек жарандыгын) аласыңар дешти...

Ушинтип Алтынайдын күйөөсү Өзбекстанда калып, өзү Кыргызстанга кайтып келди. Минтип эрди-катын эки жакта жашап жаткан үй-бүлөлөр Миң-Чынар айылында эле үчөө экен. Облус боюнча жогоурдагыдай жүйөө менен канча киши Өзбекстандан чыгарылганын так билген киши жок. Анткени алар азырынча бирдиктүү каттого алынып, же бирөөгө даттанып кайрылган эмес.

Өзбекстандан айдалган, же башкача айтканда депортация болгон аялдар менен сүйлөшкөнүбүздө алар кошуна өлкө жарандыгын алуу кыйындыгынанбы, же кайра барууга ниети жокпу, айтор балдарынын аталары Кыргызстанга келсе, бул жакта эле жашасак деген ойлорун кыйытышты.

Өзбекстандагы конушунан кубаланган келиндердин дагы бири - Санабар Бакирова. Ал дагы азыр үч баласы менен төркүнүндө. Кайын журтуна кайрылып барчу болсо сот жообуна тартылаары эскертилген:

- Бир күнү эле бизди милицияга чакырып калды. Ак-Тамыр айылына турмушка чыккан кыргызстандык келиндердин баарын чакырышыптыр. Барсак бизди “өлкөдөн чыгып кеткиле, кайра келсеңер сот жообуна тартыласыңар” дешти. Анан кайра кайтып келсек беш жылга чейин камакка алынаарыбызды эскертип, түшүнүк кат да жаздырып алышты.


Бөлүнүп калган үй-бүлөлөр кайра биригеби?

Жай турмушу капыстан көчүп-конууга алмашып калган бул келиндердин кийинки тагдыры, эрди-катын качанга чейин ушинтип эки жакта жашаары белгисиз.

Канткен менен жергиликтүү бийлик Өзбекстан чыгарып жиберген бул кыздарына үй-жай салуу үчүн жер бөлүп берүү маселесин да караштырууда. Баткендин Ак-Турпак айыл округунун башчысы Алчынбай Имаров эгер күйөө балдар Кыргызстанга келүүнү ылайык көрсө бул үй-бүлөлөргө Миң-Чынар айылына жакын аймактан жер бөлүп берүүгө макул:

- Мен үй салганга жер ажыратып берейин, эгер Өзбекстанда калган күйөө балдар келсе Кыргызстандын жарандыгын алууга да жардам берели деген сунушумду айттым. Ушул жерден эле турмушуңарды улагыла деп айтып жатам.

Чын эле камырабастыкпы, же эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесиненби айтор жөнөкөй жарандардын тийиштүү кагаздары өз учурунда жасалбай, эми минтип үй-бүлөлүк маселелерди жаратууда. Бул маселе жөнгө салынар-салынбасы, кошуна өлкөнүн аймагынан чыгарылган жарандарына Кыргызстан канчалык кам көрөөрү да белгисиз...

Тасмада: Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG