Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Зөөкүр күйөөсүн кызынан да артык көрүп...


Сегиз жашынан тарта өгөй атасынын зордук-зомбулугуна кабылып келген кыз тууралуу баян.

(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

«Каниет» аттуу кризистик борбордун психологдору төбө чачты тик тургузган окуяны айтып беришти. Бул шумдук иш Жалал-Абад дубанында болгон экен (этикалык жагдайдан улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү).

Аталган уюмга он жашар Аксанайдын жеңеси Гүлнара аттуу айым кайрылат. Анын айтымында, өгөй атасы акыркы эки жыл бою Аксанайды бузукулук менен зордуктап келген экен. “Бузукулук” дегени өгөй атасы адегенде Аксанайга арак ичирип, башка койгулап туруп, анын бутуна инисин байлап туруп, оралдык секс жасоого мажбурлаган.

«Каниет» кризистик борборуна кайрылган учурда Аксанай онго гана чыккан. Соңку эки жыл бою дегенде, демек, али сегиз жашынан тарта өгөй атасы зордуктап келиптир. Зордуктап жаткан маалда зөөкүр ошол кезде араң 4кө чыккан инисин карап турууга мажбурлаган. Эгер кыз эркин жыйнап туруп, жеңесине бул ишти айтып бербегенде Аксанайды өгөй атасы ушул күнгө чейин зордуктап келмек экен.

Бул шумдукту угаары менен Гүлнара Аксанайды медициналык борборго апкелип, текшерүүдөн өткөрдү. Андан соң токтоосуз кризистик борборго жана укук коргоо органдарына барып даттанды. Үрөй учурарлык бул окуянын чоо-жайын андан кийин психологдор менен тергөөчүлөр териштирип, өгөй атасын камакка алышты.

Бирок баарынан жаманы: апасы бул окуяны уккан соң кызын коргомок түгүл, өз күйөөсүн – кызын эки жыл бою зордуктап келген адамды коргоого алып жатпайбы! Күйөөсүн камактан бошотуу үчүн Аксанайдын апасы адвокаттын акысына деп акыркы уюн сатканы.

Тирукмуш окуяга карабай өмүр бою жан-дүйнөсүнө доо кеткен кыздын апасы азыр камакта жаткан зөөкүрдү бошотуунун ар амалын жасаганы жасаган. Бачабазга болсо кылмыш иши ачылып, сурак берип жаткан кези.

Ал ортодо Аксанай «Каниет» кризистик борборунда психологиялык жардам алууда. Бирок өгөй атасынын кылганы унутулаар бекен?!


"Азаттык" үналгысынын гендердик теңчилик жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга арналган атайын интернет барагына баш багыңыз.

XS
SM
MD
LG