Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Кыргыз өкмөтү быйыл күздө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк экинчи оюнун өткөрүү камылгасына киришти. Тарых жана маданият жылын татыктуу белгилөө боюнча мамлекеттик дирекция баштаган уюмдар менен катчылыктар уюштуруу иштери менен алек. Тарых жана маданият жылында улуттук сыймыкка айланган залкарларды эскерүүгө арналган иш-чаралар көбүрөөк өткөрүлүп, эмгектери арбын чыгарылышына үмүт арткандар көп.

Көчмөндөрдүн экинчи дүйнөлүк оюндарын өткөрүүдөн Кыргызстандын утары эмне? Сарпталган каражат менен эмгектин кайтарымы кандай болот? Биринчи оюндарда алган сабактар эске алынабы же уюштуруу деңгээли дагы бир талаш жаратабы? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу бүгүн мына ушул маселелерге арналды.

Талкууга Тарых жана маданият жылын белгилөө боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев, тарыхчы жана акын Байас Турал жана Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылынын тургуну Исматулла Парпиев катышты.

“Азаттык”: Султан мырза, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция ушул жылдын алкагында өткөрөбүз деп бир топ иш-чаралардын планын бекитикен. Алар ырааты менен өтүп жатабы же өксүк болгон учурлар барбы?

Султан Раев: Тарых жана маданият жылынын алкагында 78 иш-чара өкмөт тарабынан бекитилген. Биринчи кезекте илимий-практикалык конференцияларды өткөрүп жатабыз. Алар Баласагындын 1000 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы жана Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган. Булардын бардыгы өз графиги боюнча өтүүдө.

“Азаттык”: Султан мырза, 3-сентябрда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк экинчи оюндарын өткөрүүгө даярдык кандай?

Султан Раев: Бул боюнча атайын катчылык уюштурулган. Оюндар боюнча даярдыктардын баарын ошол катчылык алып барып жатат. Ал азыр Чолпон-Атадагы ат майданын ремонттоп, оюндарга катыша турган мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, башка даярдыктарды да көрүп жатат.

Олимп оюндары Грецияда башталган, Алтайда “Эл оюн” деген оюн бар. Биз деле "Көчмөндөр оюнун" улуттук бренд катары алып чыксак болот.

“Азаттык”: Байас Турал, Кыргызстан көчмөндөрдүн биринчи оюндарын өткөргөндө элдин духу көтөрүлүп, улуттук сезимдери козголуп, ынтымак бекемдей түшкөн. Ал эми бул жолку оюн Кыргызстандын интеллектуалдык өнүгүүсүнө кандай дем берет деп турасыз?

Байас Турал: Мен бул оюндан бүт түрк жана башка көчмөн элдеринин келечегинин уланышын көрөм. Биринчи оюн кыргыз элинин духун абдан жакшы көтөргөн. Ошон үчүн кыргыз эли ошол келечекти уланткан борбор болушу керек деп ойлойм. Албетте, көп кемчиликтер болот. Бирок ага карабай өткөрө берүү керек. Кыргыз эли көчмөн элдеринин цивилизациясын алып келе жаткан эл катары ат оюндарын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгышы зарыл деген ойдомун.

“Азаттык”: Исматулла мырза, сиз айылда турган адам катары айтсаңыз, быйылкы жылдан эл кандай натыйжа күтүп жатат?

Исматулла Парпиев: Көптү күтүп жатат. Көп иш пландар алдыга коюлду. Музейлер уюштурулуп жатат. Мисалы, Кара-Кулжада Асан Көчкөнбаев деген адам жергиликтүү музей уюштуруп, элдин баары кызуу колдоп жатат.

“Азаттык”: Султан мырза, 2014-жылы оюнга 14 мамлекеттин өкүлдөрү катышты эле. Бул жолу канча мамлекеттен канча оюнчу чакырылып жатат? Алар оюндун канча түрү боюнча мелдешет?

Султан Раев: Бул жылкы оюн өткөндөгүдөн өзгөчө айырмаланат деген ойдобуз. Азырынча 25тен ашык мамлекет катышат деп күтүп жатабыз. Андан тышкары оюндардын түрлөрү да көбөйөт болушу керек. Азыр сандар такталып жатат. Ал такталгандан кийин катчылык толук маалымат берет.

“Азаттык”: Байас мырза, кыргыз коомунда ар дайым карама-каршылыктар, сындоолор болуп турат эмеспи. Ушундан уламбы, азыр айрым тарыхчылар, жазуучулар арасында миллиондогон сом сарпталган оюндарды, конференцияларды, юбилейлик иш-чараларды өткөргөндөн көрө улуттук маданият менен рухий мурастардын башатында турган адамдардын эмгектерин кайра басып чыгарып, быйылкы жылдын өтөөсүнө чыксак болмок деп жатышат. Мисалы, алгачкы фантаст Кусейин Эсенкожоевдин, Жусуп Турусбековдун, Мукай Элебаевдин жарым кылымдан ашык мезгилден бери чыга элек китептерин басып чыгарып, азыркы муунга таанытуу керек эле дешет. Анын жөнү барбы?

Байас Турал: Жөнү бар. Бирок, мен муну улуттук спорт оюндарынын эсебинен чыгарып, пропагандалоо эмес, каражат булактарын башка жактан издөө керек дейт элем. Мисалы, бизге 120 депутаттын кереги жок, алардын санын 50 - 60ка түшүрүп, ошолорго кеткен айлыктардын эсебинен аты аталган жазуучулардын чыгармаларын жарыялашыбыз жана Жазуучулар союзун, чыгармачыл союздардын башын кошуп, улуттук идеологиянын өзөгүн түзгөн иштерди жүргүзүшүбүз керектигин баса белгилейм.

“Азаттык”: Көчмөндөр оюндарына катышып, ал жерден элдик өнөрүн тартуулоого элет тургундарынын кызыкчылыгы барбы? Болсо жергиликтүү бийлик тарабынан кандай колдоо болуп жатат?

Исматулла Парпиев: Эл абдан жакшы колдоп жатат. Эл өз өнөрүн көрсөткөнгө куштар, себеби айылда кол өнөрчүлүгү абдан бай. Мектеп окуучулары да тарых, маданият жөнүндө жазып, үйрөнүп жатышат. Сиз туура айттыңыз, китептерди да чыгарып, айылдагы китепканаларга бериш керек.

“Азаттык”: Султан мырза, саясатчы Адахам Мадумаров өкмөт быйыл оюндарды өткөрүү чечимин бир жактуу кабыл алып, даярданып жатат, быйыл аны башка өлкө өткөрүш керек эле деген оюн билдирди. Оюнга катышкан мамлекеттер ортосунда кезектешип өткөрүү боюнча макулдашуу барбы? Эгер болсо кезек кайсы өлкөнүкү эле?

Султан Раев: Мен аны так билбейт экем. Бирок, мындай оюндарды бир мамлекет откөрүп, анын борбору болуп калган тарыхый учурлар бар. Мисалы, Олимп оюндары Грецияда башталган, Алтайда “Эл оюн” деген оюн бар. Биз деле "Көчмөндөр оюнун" улуттук бренд катары алып чыксак болот. Башка мамлекеттер менен кезектешип өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жок, башка өлкөлөр кубаныч менен бизге келип жатышат.

Мисалы, улак тарткандарды карасаң бири калпак кийип, бири танкисттин баш кийимин кийип, бири тебетей кийип жүрөт, бири көйнөк, бири чапан киет. Кыргыздар улак тартышта же ат чабышта өзүнчө баш кийим кийишкен. Ошону менен мелдешкендерди аныктап турушкан.

“Азаттык”: Байас Турал мырза, быйылкы маданият жана тарых жылында Улуу Ата Мекендик согушка катышып, эң биринчи болуп Ленин орденин алган Анвар Куттубаева, Сталинден грамота алган Мыскал Өмүрканова сыяктуу таланттарды да эскерүү керек деген ойлор айтылып жатат. Булардын эмгектери жаштарга "Көчмөндөр оюндары" сыяктуу из калтырышы үчүн кандай аракеттер көрүлүшү зарыл?

Байас Турал: Биз талапты абдан көп коебуз. Ошон үчүн кээде көп иштер толук аткарылбай калат. Мисалы, жакында хакас элинин атактуу окумуштуу уулу Бутанаевдин 70 жылдыгына арналган Арабаев атындагы университетте илимий-практикалык конференция болду. Майда дагы бир жакшы конференция болгон жатат. Албетте, тарых жана маданият жылында сен атын атаган адамдардын эмгектерин да эскерип кетиш керек. Алардын эмгектерин айылдагы китепканаларга чейин жеткиришибиз керек.

Султан Раев: Бул жыл буткүл элдин духун көтөрүп, маданият тармагындагы жанданууну пайда кылды. Мисалы, азыр өлкө боюнча айыл өкмөттөрү 4 227 атайын иш-чараларды өткөрүү пландарын өздөрү түзүп, өздөрү өткөрүп жатышат. Мисалы, бир мугалим жети атаңардын тарыхын билгиле деп өзү “Жети ата” деген сайтты ишке киргизди. Анын максаты өз тамырыңды биле жүр деген идеяны жайылтуу. Эл өзү тарыхый жерлерди сактоо, жакшыртуу иштерин көрүп жатышат.

“Азаттык”: Байас Турал мырза, 2014-жылкы оюндарда биринчиликти Кыргызстан жеңбеди беле. Ошондон кийин социалдык тармактарда “Түлкү турнаны конокко чакырып, жалпак табакка тамак бергендей” эле болду, деп сындагандар да чыккан. Алар Кыргызстан эл аралык деңгээлде эрежелери бекитилбеген оюндарды өткөрүп, өздөрү эле сыйлык алышты деп сындашкан. Тарыхчы катары айтсаңыз, көчмөндөрдүн оюндарынын эрежелеринде талаш жаратчу айырмачылыктар көппү?

Байас Турал: Туура, андай нааразылыктар болушу мүмкүн,себеби оюндарды өткөрүүдө баарыга жалпы эрежелер болушу зарыл. Мен мындай болбош керектигин кийим кийүү эрежесин мисалга тартуу менен айта кетейин. Бизде оюндарга катышкандар кие турган атайын форманы бекитиш керек. Алар кыргыздарда мурда эле болгон. Мисалы, улак тарткандарды карасаң бири калпак кийип, бири танкисттин баш кийимин кийип, бири тебетей кийип жүрөт, бири көйнөк, бири чапан киет. Кыргыздар улак тартышта же ат чабышта өзүнчө баш кийим кийишкен. Ошону менен мелдешкендерди аныктап турушкан. Бизде да ошондой бирдиктүү кийимдерди бекитиш керек. Чоң кемчиликтин бири ушул.

“Азаттык”: Султан мырза, быйылкы Көчмөндөр оюндары тарыхта из калтырчу оюн болуш керек. Себеби, биринчи оюндан алган сабактар кайра кайталанбай кийинки оюндардын уланышына жакшы нук салышы керек деп санааркагандар да болууда. Ага чейин чуулгандуу авто жол бүтөт, ат майдан курулат, бардык даярдыктар жайма-жай болот деп өзүңүз бекем ишенип, чымырканып иштеп жатасызбы же убактылуу дирекция деген гана мамиле жасап жатасызбы?

Султан Раев: Ат майдан бүтөт, жол да бүтөт деп убада берип жатышат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG