Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Былтыркы апрель окуяларын Борбор Азиянын демократиялык күчтөрү ыңкылап катары кубатташса, бийликтери терс мүнөздөшкөн.

Айрым саясат таануучулар муну Кыргызстандагы саясий жараяндар Борбор Азиянын авторитардык режимдерин чочулатканы менен түшүндүрүшкөн эле.

Бир жыл өткөндөн кийин алар кыргыз ыңкылабынын аймакка азырынча анчалык таасири тийбегени менен тажрыйбадан өтүп жаткан парламенттик башкаруу системасы ийгилик таап кетсе, Борбор Азия үчүн үлгү боло аларын белгилешүүдө.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы жетинчи апрелдин бир жылдыгын утурлай борбор азиялык айрым саясат таануучуларды кепке тартып, оболу бир жылдан бери Кыргызстанда орун алган жараяндарды эске алганда ал окуяны ыңкылап деп атоого болобу деген суроо узатты?

Системаны өзгөртүү аракети

Москвада жашаган түркмөн саясат таануучусу Фархат Ильясов мындай дейт:

- Ыңкылап деп бийликке башка социалдык класс, башка социалдык топ келгенде айтышат. Эгер бул жерде социалдык топ деп кайсы бир кландарды, саясий топтор менен биримдиктерди эске алсак, бир аз кыйналуу менен ыңкылап деп атоого болот. Мен түшүнгөндөн Кыргызстанда принцибинде саясий төбөлдөр ич ара атаандашты. Мисалы мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин кландарын Кыргызстанды башкарган топтор деп атап койсок болот. Алардын ордуна башкалар келди. Бирок бийликтин, ресурстун бөлүштүрүлүшү радикалдуу мүнөздө кетти. Андыктан ыңкылап деп атасак болчудай.

Досым Сатпаев
Ал эми казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев апрель окуяларын ыңкылап болбосо да, алга жылуу деп эсептейт:

- Казакстанда Кыргызстандагы окуяларга ар кандай баа беришет. Бирок мен кандай кыймыл болбосун бир орунду таптагандан көрө алга жылуу жакшы деп эсептейм. Анткени Кыргызстанды биз азыр дүйнөнүн башка аймактарынан, Жакынкы Чыгыштан, Түндүк Африкадан көрүп жатабыз.

Биздин коңшубузда жүрүп жаткандар саясат таануучулар үчүн да кызык жараян. Анткени Борбор Азияда салттуу түрдө иштеп келген саясий системадан такыр айырмаланган башка моделди жаратуу аракетин байкоодобуз. Башкача айтканда парламенттик республика түзүү аракети – албетте чечкиндүү кадам.

Тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустов апрель окуялары ыңкылап деген турумда:

- Кыргыз эли жасаган нерсе – нукура ыңкылап. Бул элдик ыңкылаптан кийин мамлекеттик башкаруунун жаңы түрүн ишке ашыруу чечими кабыл алынганы да чоң жетишкендик. Ал эми кыргызстандыктардын дайыма эле түшүнүктүү боло бербеген жараяндарга тартылып жатканына, буга кошумча экономикалык кырдаалдын эл күткөндөй эместигине карабай Ливиядагыдан айырмаланып, мисалы нан, турак-жай, оюн-тамашадан да жогору турган, саясий укук, эркиндик деген баалуулуктар бар болгонун көрсөттү.

Өзбекстандык саясат таануучу Фархад Толибов болсо былтыр апрелде Кыргызстанда эки нерсе аралашып кеткен деген ойдо:

- Бул Кыргызстан үчүн да, Борбор Азия үчүн да уникалдуу окуя. Бул окуяларды ыңкылап деп аташ үчүн ыңкылапты башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн айырмалоочу аргументтер жетишпейт.

Бул ошондой эле элита ичиндеги төңкөрүш же ушул өңдүү да нерсе эмес. Эгер төңкөрүш, бир элитанын экинчи элита менен алмаштырылышы болсо, анда элдин козголоңу ачык көрүнмөк эмес. Андыктан, менин көз карашымда, бул кыйла эле өзгөчөлөнгөн окуя. Бул жерде элдин козголоңу, нааразылыгы элитанын белгилүү бөлүгүнүн бийлик үчүн күрөшүнүн элементтери менен аралашып кеткен.

Фархад Талибов ага катар “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстан мындай окуяларга “мамлекеттүүлүгүнүн жана мамлекеттик институттарынын алсыздыгынан” улам кабылганын кошумчалады.

Эмоция бар, жылыш жок

Былтыр Кыргызстанда бийлик экинчи ирет ыңкылап жолу менен алмашканда, бул окуя боюнча коомчулук алдындагы ачык пикирин Борбор Азиянын калган төрт президентинин ичинен казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев гана билдирген. Ал ошондо Алматыдагы медиа форумда сүйлөгөн учурунда апрель окуяларына терс баасын берип, Кыргызстандагы бийлик алмашууну ыңкылап деп эсептебесин айткан айткан эле.

Саймудин Дустов
Кечээ жакында дагы бир мөөнөткө президенттикке кайра шайланган Назарбаевдин кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев америкалык Foreign Policy журналында жарыяланган интервьюсунда "Кыргызстандагы эки ыңкылап Казакстанга эч таасир тийгизген жок” деп ырастады.

Түркмөнстандык саясат таануучу Фархат Ильясов апрель окуяларынан аймакка таасир тийди, бирок ал эмоция деңгээлинде гана болду деп эсептейт:

- Менимче интеллигенциянын абдан эле жука катмары албетте көңүл бурду. Кандайдыр бир деңгээлде бул аларга эмоционалдык жактан таасир берди, толкундантты. Бирок жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрүндө революциялык потенциал жок болгондуктан радикалдуу таасир тийген жок. Кандайдыр бир деңгээлде эмоционалдык гана түрткү берди, бул балким келечекте өзүнүн кандайдыр бир ролун ойношу мүмкүн. Бирок Борбор Азиянын башка өлкөлөрү социалдык жактан даяр болбогондуктан жана реалдуу оппозициянын жоктугунан улам бул түрткүнүн жакын арада социалдык-саясий кесепеттерди берери арсар.

Өзгөрүүлөр убакытты талап кылат

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, Кыргызстандагы апрель ыңкылабынын жана андан кийинки жараяндардын Борбор Азияга чыныгы таасири өлкөдө жаңы түптөлө баштаган парламенттик башкаруу системасы толук кандуу иштеп кетсе гана тиет:

- Эгер ишке жарамдуу парламенттик республика түзүлө алса, анда биздин өлкөлөрдө активдүү айтылып келинген эски мифке абдан сокку урат. Ал миф Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жалгыз гана башкаруу системасы: бийликтин башка бутактарын да көзөмөлдөгөн күчтүү президенттик бийлик гана ылайыктуулугу жөнүндө. Эгер Кыргызстан бул жомокту буза алса, жок дегенде ушул нерсе чоң пайда болот. Анда Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндө да келечекте, мисалы Казакстанда Назарбаевдин, Өзбекстанда Каримовдун бийлигинен кийин балким кимдир бирөө парламенттик республика моделин ишке ашырууну сунуш кылат.

Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл
Өзбекстандык саясат таануучу Фархад Толибов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде ар кимисинин өз айырмачылыгы болгондуктан, Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнө саясий өзгөрүүлөр Кыргызстанда орун алгандай формада келиши арсардыгын белгилеп, буларга токтолду:

- Биз албетте баарыбыз тышкы байкоочуларбыз жана парламенттик моделди түзүү боюнча Кыргызстандагы экспериментке кызыгуу менен байкоо салып жатабыз жана бул экспериментке ийгилик каалайбыз. Парламенттик же президенттик системада болуу Кыргызстан үчүн балким биринчи эмес, экинчи маселе.

Биринчи маселе мамлекет өз функцияларын толук кандуу аткарышы, аймагын толугу менен көзөмөлдөшү. Оштогудай окуялар кайталанбашы үчүн саясий стабилдүүлүктү калыбына келтирүү зарыл. Мамлекет салыштырмалуу күчтүүрөк болушу керек. Кокус Кыргызстандын тажрыйбасы ийгиликтүү чыкса, албетте коңшу өлкөлөрдүн көңүлүн бурдурат. Ал тажрыйба кабыл алууга жарайбы же жокпу ошондо сөз кылууга болот. Бирок буга али көп бар.

Нурсултан Назарбаев медиа форумда Кыргызстандагы ыңкылапты сынга алган, 27-апрель, 2010-жыл
Дүйшөмбү шаарындагы “Индем” аналитикалык борборунун башчысы, тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустов Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндө да саясий өзгөрүүлөр күтүлөт, кандай натыйжа берерине карабай Кыргызстандын тажрыйбасы колдонулат деген ишенимде:

- Албетте Борбор Азиянын автократиялык режимдери өз коңшуларында башкаруунун жаңы формасы пайда болгонуна кубанычта эмес. Бирок автократиялык режимдер эмнени кааларына, алардын режимдери туруктуу болушу үчүн эмне чараларды көрөрүнө карабай, жакынкы төрт-алты жылда Борбор Азияда өзгөрүүлөр болот. Бул өзгөрүүлөрдүн бир фактору катары кыргыз ыңкылабы жана Кыргызстандын башкаруу формасы кызмат кылат.

Бийлик кооптонот

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Борбор Азиядагы коңшулары апрель ыңкылабы өлкөнүн саясий турмушуна алып келген өзгөрүүлөрдүн буруш жана дурус жактарына ынанышы үчүн кеминде беш жыл талап кылынат деп эсептейт. Бирок бул үчүн саясий өзгөрүүлөрдүн эпкини эл турмушуна да тийгени байкалуусу керек:

- Коньюктуралык эмес, узак мөөнөткө иштөөчү саясий институттардын калыптанышы үчүн чынында эле беш жыл керек. Бул мезгил белгилүү бир саясий маданият жаралышы, башкаруучулар, анын ичинде саясий башкаруучулар пайда болуусу үчүн зарыл.

Бирок экинчи жагынан Кыргызстан үчүн саясий эксперимент эле эмес, экономика менен да алектенүү чоң мааниге ээ. Анткени натыйжа берүүчү экономикалык реформаларсыз бир да саясий долбоор көпкө жашабайт. Муну дүйнөлүк тажрыйба да көрсөтүүдө.

Экономикага келгенде, өлкөнүн экономикалык системасы да жакынкы беш-алты жылда орто катмар жаралгыдай болуп түзүлүүсү керек. Себеби кирешелериндеги ажырым азыркыдай чоң болуп, калктын чоң бөлүгү жакырчылыкта жашап жатканда, бир дагы система өзүн туруктуу сезе албайт.

Былтыркы апрель окуяларын аймактын маалымат каражаттары да ар башка өңүттөн чагылдырышкан. Бийликтин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттар ага көңүл бурбагандай түр көрсөтүшкөн, кокус көңүл бурушса да терс жагынан көрсөтүүгө умтулушкан. Анда мунун жүйөсүн саясат таануучулар чөлкөмдүн авторитардык лидерлеринин бийликти Кыргызстандагыдай жол менен алмаштырылуусунан чочулоосу катары түшүндүрүшкөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG