Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Хаппи: Кыргыз экономикасына сырткы факторлор таасир этүүдө


Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Кыргызстан эми жакыр өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Бирок калктын 38 пайызы дагы эле кедей деп эсептелет.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Жан Мишел Хаппи “Азаттыкка” берген маегинде банк өлкөнүн Бажы биримдигиндеги атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, мыйзамдар менен жоболорду анын талаптарына ылайыкташтыруу багытында тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.

“Азаттык”: Кыргызстан жакында орточо кирешелүү мамлекеттердин төмөнкү тобуна кошулуптур. Бул эмне дегенди билдирет?

Жан Мишел Хаппи: Сурооңузга жооп берердин алдында өткөн чакка кайрыла кетсек. Эсиңизде болсо керек, мындан 20 жылдай илгери Кыргызстандагы экономикалык абал кыйын болчу. Калктын дээрлик 62 пайызы жакырчылыкта жашачу. 2000-жылдан тарта экономикалык ырааттуу өсүш байкала баштаган. 2009-жылга чейин жакырчылык кескин кыскарып, ошол жылы 32 пайыздын айланасына түшкөн. Бирок 2009-жылдан тарта ага чейинки жетишкендиктер колдон чыгып, экономикалык өсүш мурдагыга караганда бейстабилдүү болуп, жылдык өсүш 4-5 пайызга гана жетип атты. Бул, албетте, кедейликтин масштабын азайтмак турсун, тескерисинче, ушу тапта жогорку деңгээлде кала берүүдө. Атап айтканда, жакырчылык калктын дээрлик 38 пайызын каптаган.

Ошол эле маалда 2003-жылы ички дүң өндүрүмдүн 9,7 пайызга жеткенине күбө болгонбуз. Натыйжада орточо кирише жан башына эсептегенде 1 миң 200 долларга жеткен. Дүйнөлүк банктын классификациясы боюнча ушул чектен баштап өлкө орточо кирешелүүлөр тобуна кирет. Мамлекет алдында турган көйгөйлөр менен менен катар алга жылууну да белгилей кетүү зарыл. 2009-жылга чейинки күчтүү динамиканы азыр от алдыруу керек.

Кыргызстандын орточо кирешелүү мамлекеттердин тобуна кириши тууралуу айта турган болсом, бул биринчи кезекте өлкө бир нече жылдан бери жасап жаткан аракеттерди таануу болуп эсептелет. Муну менен катар алдыда дагы көп максаттар турат. Кыргызстан жан башына кирешени көтөрүүгө, эң негизгиси жакырчылыкты азыркы деңгээлден төмөндөтүүгө аракет кылууга тийиш.

Дүйнөлүк банк өлкөнүн орточо киреше тобуна кошулуусун ыкчамдатууну көздөйт. Себеби, орточо кирешеси төмөн өлкөлөр деген топ менен бирге орточо киреше тобу бар. Анда орточо киреше жан башына алганда 4 миң 700 долларды түзөт.

“Азаттык”: Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын кызматташуусуна токтоло кетсеңиз...

Жан Мишел Хаппи: Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын кызматташтыгы өлкө эгемендик алгандан кийин, 1992-жылы башталган. Ошондон бери мамилелер өнүгүү гана жолунда баратат. Биз Кыргызстанга жалпы жонунан 2 миллиард доллардан ашуун каражат чегергенбиз. Анын бир бөлүгү кайтарымсыз, калганы концессиялык кредит түрүндө берилген. Биз Кыргыз өкмөтүнүн туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияда белгиленген программаларына колдоо көргөзүп келе жатабыз. Атап айтканда, мектептерди куруу, айыл жергесиндеги жолдорду оңдоп-түзөө, калктын медициналык тейлөө жагынан камтылышын караган программага көмөктөшүп жатабыз. Медициналык кызмат көрсөтүү, өзгөчө элет жериндеги аялдар менен балдардын саламаттыгы өтө маанилүү, себеби Кыргызстанда энелердин өлүмү орчундуу көйгөй бойдон кала берүүдө.

Жаңы конуштагы үйлөр. Бишкек.
Жаңы конуштагы үйлөр. Бишкек.

Кыскасы, социалдык тармакта программаларыбыз көп. Биз ошондой эле энергетика тармагындагы, жана айтып кеткендей жолдордун инфраструктурасын калыбына келтирүү иштерин колдоп келатабыз.

“Азаттык”: Кыргызстан Бажы биримдигине кошулганы турат. Орусия жетектеген шаркетке кирүүсү Дүйнөлүк банк менен алакаларга терс таасир этпейби?

Жан Мишел Хаппи: Жок, залакасы тийбейт. Тескерисинче, банк ушу тапта Кыргызстан бийлигинин өкүлдөрү менен бирге өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, мыйзамдар менен жоболорду Бажы жана Евразия экономикалык биримдиктеринин талаптарына ылайыкташтыруу багытында тыгыз иштешип жатат. Бирок эң негизгиси, Кыргызстандын ошол жаңы биримдикте башкалар менен теңата атаандаш болушу үчүн аракет көрүп жатабыз. Алсак, азык-түлүктү текшерүү, биримдиктин нормаларына төп келгендей кылып лабораториялык тесттерден өткөрүү системасын өздөштүрүүгө жардам берүүдөбүз. Башкача айтканда, продукциянын экспортко жарамдуулугун тастыктаган сертификат алуу ишине көмөктөшүп жатабыз.

Биз ошондой эле айыл чарба жана айыл чарба өндүрүшү тармактарында да иш алып барып, Кыргызстандын Бажы жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна көбүрөөк чыгуусуна көмөктөшүүдөбүз. Мен өлкөнүн атаандаштык кудуретин арттырууну көздөгөн максаттардын айрымдарын гана айта кеттим.

“Азаттык”: Кыргызстанды коңшу өлкөлөр менен салыштыра кетсек, экономикалык өнүгүү жагынан абалды кандай деп баалайт элеңиз?

Жан Мишел Хаппи: Кыргызстан бир катар артыкчылыктарга ээ. Биринчи кезекте демократиялык ар түрдүүлүктү, байлыкты жана өнүгүүнү кубаттоодон баштоо туура болот деп ойлойм. Албетте, коррупцияга каршы күрөш маанилүү бойдон кала берүүдө. Бирок азыркы башкаруу системасы бул жаатта алгылыктуу иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Кыргызстанда киреше берчү жаратылыш ресурстары (мунай, газ) жок, андыктан кендердин потенциалын толугу менен пайдалануу деңгээлин көтөрүү зарыл.

Экономикалык өсүштүн негизги булагы - айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана соода сектору. Айрым минустарга карабай, Кыргызстандын базасы жакшы. Ага таянып, экономикалык өнүгүүнүн перспективалары өлкөгө Борбор Азиядагы орточо деңгээлге жетүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз.

Кыргызстанда калктын 38% жакыр жашайт.
Кыргызстанда калктын 38% жакыр жашайт.

“Азаттык”: Перспектива демекчи, эмки жылга прогноздор кандай болууда?

Жан Мишел Хаппи: Экономикалык өсүштүн перспективалары азырынча белгисиз. Биздин болжолубузда өсүш улана берет, бирок өткөн жылга салыштырганда азыраак болуп, 2015-жылы 3-4 пайызды түзөт. Экономикага сырткы терс көрүнүштөр залакасын тийгизүүдө. Мисалы, Кыргызстандын эң маанилүү экономикалык өнөктөшү Орусияда экономикалык өсүш кыйла төмөндөдү. Андан тышкары азык-түлүк, энергиянын баалары кымбаттоодо.

Муну менен катар кыргыз өкмөтүнүн жеке инвесторлорго жакшы шарт түзүү максатында экономиканы реформалоо багытындагы жигердүүлүгүн белгилей кетүү керек. Жеке инвесторлордун көбөйүшү экономикалык өсүштүн негизги булактары болуп эсептелген кендерди иштетүү, айыл чарба, ошондой эле өлкөгө атаандаштык жагынан артыкчылык берген кийим тигүү өңдүү жеңил өнөр жай тармактарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи.

Муну менен экономикалык өсүштү жогорураак деңгээлде кармап турса болот. Бирок 2015-жылы жана айткандай өсүш 4 пайыз болот деп болжолдойбуз.

“Азаттык”: Мына жаңы жыл да жакындап калды, биздин угарман-окурмандарыбызга кандай каалоо айта кетет элеңиз?

Жан Мишел Хаппи: Дүйнөлүк банк тобунун атынан адегенде Борбор Азия аймагынын гүлдөп өсүшүн каалайт элем. Эң негизгиси ошол экономикалык өсүш бейпилдикте өкүм сүрсүн.

XS
SM
MD
LG