Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25
Бала кезден китеп “жегич” элем. Мени издегендер тамдын үстүндөгү чөптүн арасынан же сарайдын артындагы отун жыйылган жерден табышчу.

А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Баялинов, К.Жантөшев, К.Осмоналиев, З.Сооронбаева, Б.Сартов сыяктуу жазуучулардын, ошол кездеги акындардын чыгармаларын 7-класска дейре казып окудум. Мен үчүн ал жазуучулар ошол кездеги дүйнөлүк классика катары саналчу. 6-класска дейре телевизор дегенди көрбөй өскөн мага жашоону,турмушту дал ушул жазуучулар чыгармалары аркылуу таанытыптыр көрсө. Т. Касымбековдун “Сынган кылычы” менен Ч. Айтматовдун чыгармаларын баштаган учурда мени жанагы жерлерден да таппай калышчу. Чырак менен түн ичинде окусаң көзүңө зыян деп апам түн ичинде окуганга да тыюу салып койгон. Бир күнү кызыктуу китептин аягына чыкмак болуп, асма чыракты төшөнчөнүн ичине коюп, үстүмдү жаап алгам көрбөй калат дегенсип. Төшөктүн түтөгөн жытын сезген апам убагында жетип келгенге үлгүрүптүр...

Дегеним, азыр ошондой китепкөй өспүрүмдөрдү көрбөйсүң. Андагыдай үй жумуштарын жасагыла деп эмес, өзүмдүн сиңди-инилериме толгон китептерди сатып берип да китепке болгон кызыгууларын жараталбай койдум. Баары эле компьютерди, интернетти анан агентти карашат. Дүйнөлүк цивилизация, модернизация деген тил сындырган доордун акыбети ушулбу?

Баягыда бир окуучу кыз агентте жазышып баратса машина уруп кетип, каза тааптыр, мындан беш жыл мурун телевизордон сүйлөгөн окуучу бала “Айматов ким?” десе “обончу” деп жооп берип атат.

Социалдык тармактардагы, фейсбуктагы шапкеси кыйшайгандарды айтпай ак койойун кечээ жакында бирөө “Кубатбек Жусубалиевди теледен көрсөттү, ал буддист экен. Жазуучунун китептерин өрттөмөккө чогулта баштадым” дегенде чалкамдан кеттим да. Тургунбай Алдакулов деген журналист, болгондо да “Ош шамы” гезитинин редактору экенин тааныбапмын. “Кубат акенин китебин өрттөйм дебегениңде ушул бойдон эле тааныбай калмакмын. Кубатбек Жусубалиев “Муздак дубалдарынын” баш сөзүндө айтпады беле, “Печкенин түбүнө кой да, бирден окуп туруп, жага бер, жок дегенде ар бир барагым от тамызгыга жарайт” деп. Ошенте бер кембагалым дедим айла кеткенде. Кара костюм кийип, мурутун чыйраткан бул интелигент жигиттин андан кийинки “Өрттөйм, кыйратам, жойом” деген жоопторуна таңкалбадым, жөн гана чындык астында тизе бүктүм. “Ош шамы” деген гезиттин окурмандарын аядым...

Китепкөй жаным дагы эле дале өзүмө жаккан, чындыкты көзгө сайган китептерди издей берем. Бирок мурдагыдай туш келди маклатура эмес, эми тандап, иргеп окуп калдым.

Кийинки окугандарымдан айтылуу Роза Айтматованын “Тарыхтын актай барактары” деген документалдуу публицистикасы өзгөчө таасир берди. Рахмат Роза эже, сиздин китебиңиз аркылуу ачуу чындыктын чыңырыгын уктум! “Саманчынын жолундагы” “Ата, мен сиздин кай жерге көмүлгөнүңүздү билбейм” деген баш сөзүнө бала кыялымда ушундай улуу жазуучу да атасынын кайда көмүлгөнүн билбей калабы деп териккен ой-чабытымды эске салды, дүйнөнү багындырган Чыңгыз Айтматовдун 7-8 жашынан тарта атасын күтүп томсоргон жүзү, ошондогу башка тууган-уругунун абалы көз алдыма келди. Кең пейил, билимдүү, өктөм Төрөкул Айтматовдун ак жеринен атылып бараткандагы абалын элестеттим.

1957-жылга дейре Төрөкөл Айтматовдун дайыны билинбейт. Апасы Нагима Айтматованын барбаган жери, сурабаган кишиси калбайт. Табиятынан зирек, ак сөөк Нагима Абдувалиеванын да (кыз кезиндеги фамилиясы К.Т.) ата-теги да жөнөкөй эмес экенин, азыркы Караколго келген татар улутундагылар болгонун, алар бул жерге алгачкы цивилизациянын үлгүлөрүн ала келгенин, бир туугандары ошол кезде эле Европаны кыдырып, дүйнөлүк маалымат менен кабардар экенин, кийин жакшы жашоолору үчүн азап чеккени менен кабардар болдум.

“Төрөкул Айтматов тууралуу кабар билдиребиз” деп кат келгенде жообун угуу үчүн апасынын жанында бараткан Роза Айтматованын сүрөттөгөн жери укмуш. Курган үмүт ай, “ушунча жылдан бери атаң башка үй-бүлө күтүп алгандыр. Бала-чакасы да болсо керек. Сен ага капа болбо. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш да” деп кызын даярдайт акылман апа.

Китептеги окуя 1937-жылы репрессияга туш болгон 137 адамдын сөөгү кантип табылган учурдан баштап жазылат. “ДНК аркылуу силердин атаңар ким экенин таап берели дегенине көнбөй эл арасында эле бололучу” деп чечтик дейт Роза Айтматова. “А бирок ошол учурда оголе кыйын болду. Аянтта турган сөөктөрдү аралап, көзүмдөн он талаа болуп,“Ата сенин башың кайсы?” деген сөз ичимден кайрылып, дирилдеп бараттым деп башталат...


Карамат Токтобаева, эркин журналист

Прага, 17-январь, 2013-жыл

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG