Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

ЕККУну сындагандар да, колдогондор да көп


ЕККУнун Астанадагы саммити, 1-декабрь, 2010-жыл

ЕККУнун Астанадагы саммити, 1-декабрь, 2010-жыл

ЕККУ Кыргызстанда көп кырдуу, адам укуктары, сөз эркиндиги, улуттук азчылыктарга жардам көрсөтүү өңдүү программаларын ишке ашырууда. Анткен менен Кыргызстандагы быйылкы июндагы окуялардан кийин бул уюмга коомчулук ичинде ачакей пикирлер пайда болду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна Кыргызстан 1992-жылы мүчө болгон. 1998-жылдан бери бул уюмдун Бишкектеги кеңсеси такай иштеп келатат. Бишкекте бул уюмдун Борбор Азиядагы академиясы да ачылган.

Кыргызстан коомчулугунун Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна болгон мамилесинин терс жакка бурулушунун эки себеби бар. Биринчи себеби - ЕККУга төрагалык кылып турган Казакстандын 7-апрелден кийин эки айдан ашуун чек арасын жаап койгону болду. Жергиликтүү серепчилердин эсептөөсүндө бул кыргыз экономикасын чоң зыянга учуратты.

Кыргызстандагы “Келечектин долбоору” коомдук корунун жетекчиси Аскар Бешимов:
Апрелдеги окуялардан кийин Казакстан Кыргызстан менен тогошкон чек арасын жаап койгон.

- Биз Казакстанды эки тараптан карайлы. Биринчиден, ал ЕККУда төрагалык кылып атат. Экинчиден, Казакстан ички саясатын Кыргызстанга карата кандай өткөрүп жатат? Бардыгыбыз эле күбө болуп жатабыз, бизде деле казак телеканалы “Хабар” көрсөтөт. Ошондо Кыргызстанды бандиттик, бокочо, мамлекеттүүлүгүн жогото турган мамлекет катары көрсөтүп жатпайбы. Күйүүчү май, дан жагынан жардам берген. Бирок чек араны жаап, мейли элди өткөрбөсүн, бирок бардык чыгарылган продукцияларды, товарларды өткөрбөй бизге жардам бергенден да көп зыян тартпадыкпы.

ЕККУга нааразы толкун июнь коогалаңынан кийин кайра жанданды. Бул негизинен уюмдун Кыргызстандын түштүгүнө жибере турган куралсыз 52 полициячысына байланыштуу болду. ЕККУдан жиберилчү полиция тобу эки ача пикирлерди жаратып, тилди, кыргыздын менталитетин билбеген топтун кырдаалды кайра курчутуу ыктымалдыгы да айтылган. Ошентип ЕККУ Кыргызстанга полиция тобун жиберүүнүн форматын өзгөртүп жана полициялардын санын кыскартты.

Ролу күчтүү, бирок таасири канчалык?

Саясий серепчи Аскар Мамбеталиев ЕККУ башында түзүлгөн принциптеринен алда канча тайып, башка эл аралык уюмдардын катарына кошулууда деп эсептейт. Ал муну милицияларды окутуу жана башка программалары жакшы натыйжа бербей жатканы менен түшүндүрдү.

- ЕККУ башында коопсуздук деп жакшы эле ниет менен түзүлгөн. Бирок ал жыл өткөн сайын эскирип, баштапкы принциптеринен таят деген ишеним бар. Бирок көп долбоорлор менен иштеп, милицияларды окутуп атат дегендер да чыгып атат. Эмнегедир окутуулары көп деле натыйжа бербей жатат. Акчаларды жууш үчүн түзүлгөн уюмдарга айланып бара жатат. Азыр алардын ишканаларында европалык илгерки эркиндик, коопсуздук деген принциптер жок. Уюм Европанын өзүндөгүдөй иштебей жатат, Кыргызстан, жалпы эле Борбор Азияга эч кандай натыйжасын көрө элекмин.

Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев
Анткен менен өлкөдөгү соңку апрель, июнь окуялардан кийин ЕККУнун Кыргызстанга жасаган жардамы эбегейсиз экени айтылууда. Айрым эксперттер тарабынан ЕККУга төрагалык кылып турган Казакстандын ортомчулугу алдында бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевди өлкөдөн алып чыгып кеткени да түрдүү көз караштарды пайда кылган. Казакстан өзү бул кадамын коркунучту алдын алуу катары баалап келет.

Мурдагы тышкы иштер министри, ЕККУнун мурдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов уюмдун Ош жана Жалал-Абадда орун алган кандуу калаба учурундагы ролун жогору баалады.

- ЕККУнун төрагасы катары Казакстан ушул бир жыл ичинде Борбор Азияда да, Кыргызстанда да көп иштерди жасады. Кандай пикирлер болбосун түштүктө болгон окуялардан кийин Казакстандын дипломаттары ЕККУнун төрагасы катары бул жакка келип, жетекчилер менен сүйлөшүп, ар кандай саясий күчтөр менен кеңешип, болгон жардамын тийгизди.

Жаңы деңгээл үчүн реформалар

Ушул күндөрү Астанада өтүп жаткан ЕККУ саммитинде сөз сүйлөгөн Орусиянын президенти Дмитрий Медведев уюмду жаңы деңгээлге көтөрүү демилгелерин колдой турганын билдирди. Аликбек Жекшенкулов да ЕККУну реформалоо зарылдыгын белгиледи.

Орусиянын лидери Дмитрий Медведев
- Бул НАТО менен Варшава келишиминин ортосундагы тирешүүнүн негизинде пайда болгон. Коопсуздук, глобалдык, саясий-экономикалык маселелерди эки блоктун ортосунда изилдеп, кеңеш берүү максатында түзүлгөн. Көп жылдан бери ЕККУнун мандаты баягы эле бойдон өзгөрүлбөй келатат. Ошондуктан ЕККУну реформалаш керек, укуктарын такташ керек.

Ошентип Кыргызстандагы окуялардан кийин да айрыкча демократияга умтулган, бирок ошол эле учурда ар кандай коркунучтар тооруган өлкөлөрдө ЕККУнун ролу чоң бойдон калууда. Серепчилер бул жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнө тиешелүү экенин белгилеп келишет.
XS
SM
MD
LG