Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

“Жаңы толкун” – ырчыларга жолдомо


Латвиянын Юрмала шаарында өтө турган “Жаңы толкун-2011” сынагына быйыл Кыргызстандан эки ырчы катышат: Арсен жана Айбек Замирбек уулу.

“Жаңы толкун” эл аралык конкурсунун тарыхы 1986-жылдан башталат. Ал кезде бул музыкалык сынак жөн гана Юрмала деп аталып, Советтик Союз республикаларынын гана арасында өткөрүлүп келген.

Кыргызстандан бир топ ырчылар ошол кезде эле ат салышып, бирок финалга жетпей калышчу. Алардын арасында Жылдыз Осмоналиева, “Элес” тобунун солисти Айдин Жумалиев да болгон.

1989-жылы гана Алина Жетигенова Юрмаланын финалына чейин жеткен.

- Ал кезде “Ысык-Көл-88” деген чоң конкурстан Гран-прини жеңип алып, Юрмалага жолдомо алгам. Мени Кыргызстандан үч эле адам коштоп барган, ал эми ошол жылы Гран-прини жеңип алган Сосо Павлиашвилини 20 адам тегеректеп жүргөн эле.

Советтик Союз тараган соң бул конкурс өткөрүлбөй калат. Кийин гана 2001-жылдан тарта кайра жанданып, “Жаңы толкун” деген ат менен чыгат. Эми “Жаңы толкунга” постсоветтик өлкөлөрдөн гана эмес, Европадан да ырчылар катыша алат.

Жаңыланган бул эл аралык сынакка биринчи жолу Кыргызстандан 2008-жылы ырчы Омар катышкан. “Алгач жөнөкөй эле бала экен деп мага эч ким көңүл бурган эмес”,- дейт Омар:

- “Адамды кийими менен тосуп алып, акылы менен узат” деген сыңары алгач ошондой болду. Анан мен да орусча, анлгисче маек куруп, Кыргызстанда да англисче таза сүйлөп, ырдай ала турган балдар бар деген түшүнүктү калтыргым келип, аракеттендим.

Омар үчүн сынак ийгиликтүү болуп, ал Алла Пугачеванын “Алтын жылдыз” деп аталган атайын сыйлыгына ээ болгон.

Азиза, Сосо Павлиашвили, Валерия аттуу ырчылар Юрмала сынагында жеңип чыгып, бир заматта белгилүү болушкан.

Быйыл конкурска 14 өлкө катышат. Ал 26-июлда Латвиянын Юрмала шаарында старт алат. Ал эми Кыргызстандан барган Арсен менен Айбек “башкы максат катышуу эмес, жеңүү” деп, учурда кызуу даярдык көрүп жатышат.
XS
SM
MD
LG