Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Эл аралык экономикалык абал борбор азиялык өлкөлөрдүн ички көйгөйлөрүн ого бетер курчутуп жибериши мүмкүн.

АКШ аскерлеринин 2014-жылы Ооганстандан чыгышы Борбор Азия аймагынын коопсуздугуна таасирин тийгизет. Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдө жаңы муундун арасында улутчулдук күчөдү. Ушул жана башка ойлорун Борбор Азия боюнча белгилүү эксперт Марта Брилл Олкотт Бишкектеги лекциясында билдирди.

Вашингтондо жайгашкан эл аралык Карнеги фондунун ага илимий кызматкери Марта Брилл Олкотт Бишкекке "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун чакыруусу менен келген.

Лекцияны ачып жатып, экс-президент жана фонддун төрагасы Роза Отунбаева Борбор Азия регионун жакынкы жылдары бир нече маселе кооптондуруп турганына токтолду:

- Коопсуздукка байланыштуу биринчи маселе – бул АКШ аскерлеринин 2014-жылы Ооганстандан чыгышы. Бүгүн эле мен кытайлык делегациясы менен жолуктум, аларды да террористтик актылардын ыктымалдуулугу коркутат экен. Мындан тышкары ислам дининдеги айрым агымдардын радикалдашып баратканы да байкалып жатат. Үчүнчүдөн, жакында эле суу маселесине байланыштуу согуш чыгып кетиши мүмкүн деген пикирди баарыбыз уктук.

Мамлекеттүүлүгүн сактап калгандар

Марта Брилл Олкотт өз лекциясында бир нече маселени баса белгилеп өттү. Алар: эл аралык экономикалык кырдаалдын борбор азиялык өлкөлөргө таасир этиши, 2014-жылы АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгышы жана буга байланыштуу “Манас” аскер базасынын тагдыры, аймактагы экстремизм жана терроризм коркунучтары.

Борбор Азия аймагын 20 жылдан бери изилдеп келаткан Марта Брилл Олкотт беш өлкө тең эгемендикке 20 жыл мурун жетишкени менен чет өлкөдөгү бул аймак тууралуу пикирлер эч өзгөрбөгөнүн айтат.

- Өткөөл мезгил өттү десек болот, бирок мени кооптондурганы - чет өлкөдө бул аймак тууралуу көз караш, пикир 20 жыл мурдагыдай эле калды.

Марта Олкотт жакында эле Тажикстан жөнүндө китебин жазып бүтүрүп, азыр Казакстанда Борбор Азия боюнча Ал-Фараби - Карнеги программасынын директорлорунун бири. Мына ошондуктан регион тууралуу жакшы кабардар.

Ал баса белгилеген дагы бир ой – бул Борбор Азия боюнча ар кандай коркунучтуу божомолдор көп жылдардан бери айтылып келатканы менен, аймак туруктуу эле өнүгүп келе жатат деген пикир.

Саясий система алмашат

Олкотт айымдын пикиринде, Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдө да келечекте сөзсүз саясий системанын алмашуусу болот.

- Ар бир өлкө өз жолун табат. Бардык жерде бир убакта алмашуулар болот дегенден алысмын. Качан болушун так айтуу мүмкүн эмес. Бул алмашуу сөзсүз эле революциялык жол менен болушу зарыл эмес. Тынч жол менен да алмашуу болушу көбүрөөк ыктымал.

Ал эми АКШ аскерлеринин 2 жылдан соң Ооганстандан кетиши боюнча Марта Брилл Олкотт буларды айтты:

- Менин жеке пикирим боюнча, америкалыктар Ооганстандагы согуштун улануусуна даяр эмес жана каршы. Албетте бул кадам Борбор Азиядагы коопсуздуктун абалына чоң таасирин тийгизет. Эки өлкө үчүн тобокелдик бир аз көбүрөөк. Алар: Ооганстан менен чектеш Пакистан жана Тажикстан. Бул өлкөлөрдүн мамлекеттүүлүгү жана чек аралары өзгөрүшү мүмкүн.

Талдоочу байкаган дагы бир көрүнүш – бул борбор азиялык бардык өлкөлөрдө жаңы муундун арасындагы улутчулдуктун өсүшү. Бирок улутчулдук менен чогуу интернационализм да өнүгүүдө.

- Улутчулдук дегенде мен салттуу улутчулдук тууралуу айтып жатам. Улутчулдар ар кандай болот. Мисалы, кээ бирлер чет өлкөгө чыккан эмес, алар маселеге өлкөнүн ичинен кана карашат. Бүт өлкөлөрдү көрүп, чет өлкөдө жашаса да, өз элинин тилин, салттарын ойлогон улутчулдар да бар. Бул жерде улуттук тилдин рол чоң. Мен жеке өзүм өлкөнүн ар бир жараны улуттук тилде сүйлөшү керек деген пикирди колдойм жана бул туура эле ой. Бирок калкы 300-400 миллиондон аз өлкөлөр күчтүү болушу үчүн алар эки, же үч тилдүү болушу керек. Ошондуктан тил маселесине экономикалык көз караштан кароо керек.

Абал канчалык кооптуу?

Марта Брилл Олкоттун ою боюнча, эл аралык экономикалык абал борбор азиялык өлкөлөрдүн ички көйгөйлөрүн ого бетер курчутуп жибериши мүмкүн, бирок атап айтканда беш өлкө тең Кытайдын экономикалык абалынан көз каранды.

Экс-депутат, учурда Америкада Массачусетс технологиялык институтунда жана Гарвард университетинде сабак берген Бакыт Бешимов “Азаттыкка” курган маегинде Борбор Азиядагы абалды коркунучтуу деп мүнөздөгөн.

- Жер, суу, энергетика жана башка ресурстарды талашуу аябай күчөп баратат. Демографиялык абал да таасир этет. Кыргыз улутунун алдында бир топ коркунучтар турат, ошого даярдык болуп жатабы? Жок.

Марта Брилл Олкотт да Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун сууга байланыштуу согуш чыгып кетиши мүмкүн деген сөзүнө токтолду.

- Менин оюмча, Каримов Тажикстан боюнча гана айтты жана бул сөздөр анын кооптонуп жатканын билдирет. Бирок жылыш бар. Назарбаев жакында Кыргызстанга келди, Каримов Казакстанга барды, бул сапарлар жакшы нерседен үмүттөндүрөт жана өлкө лидерлеринде көйгөйлөрдү түшүнүү бар экенинен кабар берет.

Эксперттин лекциясына кыргызстандык саясат таануучулар да катышты.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG