Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

Чет өлкөдөн илимдин доктору диссертациясын жактаган, Батышта айтылгандай PhD даражасын алган кыргызстандыктардын саны акырындык менен көбөйүүдө. Бирок алар Кыргызстанда өгөй мамилеге туш болуп жаткандарына нааразы.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Улуттук аттестациялык комиссиясынын жетекчи орун басары Бакыт Тыналиева, Борбордук Азия университетинин ага илимий кызматкери, билим берүүнүн доктору Дүйшөн Шаматов (аспирантураны Канаданын Торонто университетинде окуп, илимдин доктору диссертациясын ошол жерде жактаган) жана Жусуп Баласын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев.

“Азаттык”: Кыргызстан өткөн жылдан тартып чет өлкөдөн илимдин доктору даражасын алып келгендерди тааный баштаган. Бакыт айым, эмнеге буга чейин чет өлкөдөн илимдин доктору диссертациясын жактаган кыргызстандыктарды аттестациялык комиссия тааныбай келген?

Бакыт Тыналиева: Буга чейин бул маселени Билим берүү жана илим министрлиги чечиш керек болчу. Себеби бул студенттерди министрлик жөнөткөн болчу. Чет жактан PhD даражасын алып, бул жакка келгенден кийин алардын атайын орду жок болгон. Ошол себептүү алар ортодо асылып калгандай болушчу. PhD дипломун ар кайсы өлкөдөн алгандар өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Ошондон кийин бул маселени биз чечели деп киришкенбиз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстан тааный баштагандан кийин алар илимий иштерге активдүү катыша баштадыбы?

Бакыт Тыналиева: Ооба, менимче аларда болбоду дегенде карьералык өсүш уланат деген үмүт пайда болду. Колунда мамлекеттик үлгүдөгү философия илимдеринин доктору диплому болсо, алар доцент боло алат.

“Азаттык”: Дүйшөн мырза, чет өлкөдөн илимдин доктору диссертациясын жактагандар кайра келгенде бул жактан өгөй мамилеге туш болуп жатабыз, Кыргызстанда таанылбайт деп нааразы болушат. Чындыгында ушундайбы?

Дүйшөн Шаматов: Өгөй бала дегенге кошула албайм. Анткени мен Канадада калбай, Кыргызстанга бир пайдалуу иш жасайын деп келгем. Ошонун негизинде аракет кылып жүрөм. Өзүмчө жалынып-жалбарып, мени да таанып койгула дегенге кошулбайм.

Батыштан, чет өлкөдөгү күчтүү университеттерден илим жактап келгендерди биздеги илимий коомчулук тааныбайт, аларды эмне жумуш кылып келдиңер, силер кимсиңер, илимий кызматкерсиңерби деген кызыкчылыгы деле жок. Ошол эле Улуттук аттестациялык комиссия деле аларды чакырып алып кайсы темада жасадыңар, Кыргызстанга пайдасы барбы дегендей угууларды деле өткөрбөйт. Бул маселе Кыргызстанда өтө бүдөмүк абалда турат.

Билим берүү министрлиги 2020-жылга чейинки жаңы стратегияны иштеп чыгып атат. Былтыркы жылдан тартып Кыргызстандын окуу жайлары Европанын системасына өтүп, бакалаврды кабыл алды, магистратурада окуйт. Андан кийин кайда барышат. Билим берүү стратегиясында бул так жазылган эмес. Ондогон, жүздөгөн жарандар магистратураны окуш керек дагы, аны бүткөндө эч жакка бара албай аспирантурага тапшырыш керек болот.

Кыргызстан Орусиядан эле үлгү алса бербестен Монголия, Казакстандан, жок дегенде Өзбекстан үлгү алса болбойбу? Азыр Орусия аттестациялык комиссиясынын плагиат иштери боюнча ыкы-чыкысы чыгып атат. Биз саясат жагынан парламенттик республика, демократия аралчасы деп алдыга кеттик, бирок илим жагынан артта калдык.

Назаркул Ишекеев: Билим берүү системасына консервативдүү мамиле кылышыбыз керек. Советтик билим берүү системасы начар болгон деп эч ким айта албайт. Кемчиликтери менен бирге мыкты жактары да көп болгон. Ал эми Батыштын билим берүүсү мыкты деп айткандан мен алысмын. Алардын да толгон-токой кемчиликтери бар. Ошондуктан бул маселеге ажырымдуу мамиле кылыш керек.

Өткөн жылдан тартып Кыргызстан билим берүүнүн эки деңгээлине өтө баштады. Биз Батыштагы илимий академиялык даражаларды берүүгө акырындык менен барабыз. Ага чечимдер, буйруктар менен эмес, эволюциялык мамиле аркылуу акырындап барабыз. Бирок бул эки башка билим берүү системасы, эки башка философия.

Менин баамымда сырттан илим жактап келгендердин баары эле сыртта калган жок. Бул жерде чон деле маселе жок. Менимче аттестациялык комиссия өзүнүн талаптарын коюп, ал эми сырттан жактап келгендер өзүнүн иш кагаздарын өткөрүп бериш керек. Бизде бардык тармак боюнча илимий адистер жетиштүү. Эксперттен өткөрүп, анан дипломдорун жазып берет.

Экинчиден, ушул өлкөнүн жараны болгондуктан Кыргызстандын илим саясатын сыйлашыбыз керек. Ошол багытта баарыбыз чогуу иштеп, интеграцияга барышыбыз керек. Бул жерде саясатташтыруунун кереги жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG