Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Фракция лидерлери Москвада каза болгондорду эскеришти


Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттеги беш фракция лидерлери менен Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына барып, Москвада каза болгон кыргыз кыз-келиндерди эскеришти. Мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 29-августтагы эскерүүгө спикер менен кошо КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Республика - Ата Журт” фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев жана “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов катышты.

“Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев жекшемби күнү жарандык коом уюштурган эскерүү жыйынына барган.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрт 14 кыргызстандык кыз-келиндин өмүрүн алды. Ошол эле күнү Ош-Бишкек жолундагы аварияда 9 адам каза тапкан. Бул окуяларга байланыштуу бүгүн өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланган.

XS
SM
MD
LG