Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Москвада өрттөн набыт болгондордун сөөктөрү Ошко алып келинди


Кабарчыбыздын Ош аэропортунан кабарлаганы боюнча, бир нече мүнөт мурун сөөктөр салынган атайын учак келип конду.

Учурда ӨКМ кызматкерлери табыттарды Тез жардам унааларына салышууда. Ал эми сөөктөрдү коштоп келген жакындары микроавтобустарга отурушту. Аэропорттун сыртында аларды дагы башка туугандары күтүп турушат.

Ош аэропортунан сөөктөрдү ӨКМ Ош шаарына жеткирип, жакындарына тапшырат. Андан ары үйлөрүнө жеткирүүгө жергиликтүү бийлик ээлери көмөктөшөт.

Маалыматтарга ылайык, Ош аэропортунда 10 кыз-келиндин жасаты калтырылат. Атайын борт андан соң, Бишкекти көздөй багыт алат.(ErN;ZKo)

XS
SM
MD
LG