Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Кыргызстан глобалдык ири финансы рыноктору менен тыгыз байланышта болбогону менен, дүйнөлүк базарлардагы акыркы окуялар өлкөдөгү экономикалык кырдаалга таасир тийгизбей койбойт.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому "Центерра Голд" компаниясынын 32.75% акциясынын ээси катары “Кумтөр” ишканасынын 50% сатып алууга мүмкүнчүлүгү болот деген кеңешчилердин сунушу туура көрүлүп, биргелешкен ишкана түзүү жөнүндөгү сунуш Жогорку Кеңешке киргизилди. Анда пайыздар теңме-тең болмокчу.

Ошол тапта Кыргызстандын казынасына эң чоң салык төлөгөн Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голддун” баалуу үлүш кагаздарынын наркы акыркы апта ичи 18.26% ылдыйлаган. Торонто фондулук биржасындагы бир акциянын баасы 6 канада доллары 47 центтен жети күн ичинде 5 доллар 37 центке арзандаган. Сом менен бир акциянын баасы 253 сом 63 тыйын.

Куну качпаган сары алтынга баа өзгөрүүсүз калууда. Быйыл алтындын эң жогорку баасы 1430 долларга жеткен. Акыркы жума ичи алтындын жүз унциясы бир АКШ долларына гана өсүп, 1411 долларды түздү. Түстүү металлдар, рыноктогу туруксуздукка туруштук бере ала турган коопсуз инвестиция болуп эсептелет. Жүз унция – 2835 граммга барабар.

Акыркы үч айдан бери алтындын арзандаганы Кыргызстандагы зергер базарында да байкалды. Бир жума ичинде дүйнөдө алтын бир доллар гана өскөнү менен, Оштогу зергер базарындагы алтын сатуучу Мыскал айым кыска мөөнөттүү кымбаттоо жергиликтүү алтын бааларына таасир тийгизбегенин айтты.

- Тескерисинче арзандагандай болуп жатат го. Дүйнөлүк биржада алтын түштү. Эч кымбаттаган жок. Бирок алтын дүйнөлүк биржада түштү деп эсептейм. Бир граммды 1600 сомдон 1700 сомго чейин сатам. Бизде кымбаттоо байкалган жок. Эч кандай байкалган жок.

Ал эми чийки мунай өткөн жумага салыштырмалуу эки АКШ долларына арзандап, бир баррель мунай 106 доллар 10 центти түздү. Бир баррель 117 литрге барабар.

Валюталар базарында, же форекс рыногунда, АКШ доллары жана кытай юаны кыргыз сомуна карата наркы бир аз түшүп, калган валюталар кымбаттаган. Форекс базарындагы көрсөткүчтөргө ылайык, бир америка доллары бир сомго жакын (98 тыйын) арзандап, 48 сом 92 тыйынды түздү. Коңшу Кытайдын акча бирдиги бир тыйынга түшүп, 7 сом 95 тыйын болду.

Эң чоң өсүш сом – фунт катнашында кала берүүдө. Дүйнөлүк форекс базарларында, “Оанда” корпорациясы маалымдагандай, акыркы жума ичинде Британия фунту дагы 1 сом 4 тыйынга кымбаттап, 77 сом 97 тыйынды түздү. Евронун сомго болгон курсу 53 тыйынга көтөрүлүп, 65 сом 35 тыйын, ал эми Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү саналган Швейцариянын валютасы 78 тыйынга өсүп, бир франк – 52 сом 86 тыйынды түздү. Кошумчалай кетели, бул дүйнөлүк форекс базарындагы өзгөрүштөр, Кыргызстандагы акча алмашуу курсуна таасири аз.

Форекс демекчи, дүйнөлүк валюта базарынын көлөмү акыркы үч жылда үчтөн бирге өсүп 5.3 трлн. АКШ долларынан ашты. Бул тууралуу Швейцариянын Базель шаарында жайгашкан Эл аралык эсептер банкы (BIS) маалымдады. Анын кабарында орто жана чакан банктар валюта базарынын соода көлөмүнүн 53%, ири жана инвестициялык банктар менен өкмөттүк структуралар 39% жана калган 9% каржылык эмес уюмдар ээлейт.

Валюта сатуу көлөмдөрү боюнча жети өлкө алдыңкы саптарда турат. Алар: Британия, АКШ, Сингапур, Жапония, Гонконг. Швейцария жана Франция. Ал эми валюталардын өзүнөн эң көп талап кылынган – АКШ доллары 15 жылдан бери биринчи орундан түшпөй келатат. Дүйнөдөгү валюта боюнча операциялардын 87% доллар менен жүргүзүлгөн. Экинчи орунда 33.4% менен евро турат. Жапон иенасы үчүнчү орунда (23%).

Ал эми кийинки баскычтарда – британ фунту (11.8%), австралия доллары (8.6%), швейцария франкы (5.2%), канада доллары (4.6%), мексика песосу (2.5%), кытай юаны (2.2%) жана жаңы зеланд доллары (2%). Орус рубли болгону 12-орунга илинген. Баса белгилей кетчү нерсе Кытайдын улуттук валютасы биринчи ондукка алгачкы ирет илинди. Үч жыл мурда ал бир пайызга жетпеген үлүш менен 17-орунда болчу. Кытайдын дүйнө экономикасында ойногон ролу жогорулаган сайын, юанды жүгүртүү көлөмдөрү да чоңоюп баратат.

Кыргызстандын коңшусу Кытай Европага жүктөрдү Түндүк муз океаны аркылуу ташый баштады. Арктика аркылуу жүк ташуу жолду үч эсеге кыскартып, жол чыгымдарын жана аны менен бирге товарлардын баасын арзандатышы ыктымал деп божомолдонууда. Буга чейин кытай кемелери Индия мухити, Кызыл деңизи, Суэц каналы жана Жер ортолук деңизи аркылуу 48 күндө Европага жетчү.

Бирок Түндүк муз океаны аркылуу муз жукарган учур июлдан ноябрдын аягына чейин эле жүк ташыса болот деп белгиледи Орусиянын Түндүк деңиз жолдору башкармалыгы. Атай кетчү нерсе, дүйнөдө товарлардын 15 пайызы суу аркылуу ташылат.

Дүйнөлүк соода уюму билдиргендей, Кытайга жер жүзүндөгү товарлардын экспорттоо үлүшүнүн 11% жана импорттоонун 10% таандык.

Глобалдык базарлардан Кыргызстанга келсек, Бишкектеги Кыргыз фондулук биржасында баалуу үлүш жана баалуу карыз кагаздары жүгүртүлөт. Биржанын сайтына ылайык, соңку аптада сооданын көлөмү 53.34% түшүп, 60 млн. 244 миң сомду түздү. Акыркы жети күн ичинде “Шоро” компаниясынын облигациялары эң көп сатылган баалуу кагаз болуп, 4 млн. 146 миң сомго барабар болду. Ал эми 16-сентябрда сатыкка коюлган Кыргыз инвестиция-кредит банкынын облигациялары 1 млн. 650 миң сомго соодаланды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG