Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Гранттарды тыюу демилгеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин депутаты Эгембери Эрматов гранттарга тыюу салыш керек деп билдирди.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Доор эли" коомдук бирикмесинин башчысы Гүлжамал Султаналиева.

“Азаттык”: 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында сырттан келген гранттарды алган, долбоор жазып ошонун эсебинен туйтунган жоон топ шылуундар пайда болгонун жана ошолорду көзөмөлдөп, ийне-жибине чейин изилдеп, текшериш керектигин белгиледиңиз. Эмнеге негиздеп айтып жатасыз?

Эгемберди Эрматов: 20 жылдан бери Кыргызстанга ар кандай эл аралык уюмдардан жеке жана мамлекеттик секторго грант, насыялар келип жатат. Аларды алса да элибиз байып кеткен жок. Ал каражаттар Кыргызстан элинин 10%, башкача айтканда бийликке, казанга, корго жакын адамдардын гана баюу каражатына айланып калды.

Каржы министрлигинин сайтында мамлекеттик деңгээлде келген ири акча тууралуу маалымат илинип турат. Анын ичинен кайтарымы бар, кайтарымы жок келген акчалардын көбү уурдалып кетти.

Алыска барбайлы, Камбар-Ата-1 ГЭСине деп келген 300 млн. доллар ың-жыңсыз жоголуп кетти. Азыр эми биз, кыргыз эли карыз болуп отурабыз.

Путин келгенде чоң өлкөнүн алдында өзүбүздү ыңгайсыз сездик. "Карыз алсаң, анын беришин мойнуңа ал" деген сөз бар. Өң тааныштык менен, мурда алып жүргөндөр эле алышат. Анын да өзүнүн “шапкасы” бар, алган грантынын 10% берген уюм алып калат. Бул жазылбаган мыйзам болуп атат. Башкы прокуратура ушуну ачып берсин деп жатабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Гранттарды көзөмөлдөп, текшериш керек деген кадам демократиялык эркин коом куруу жараянына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Гулжамал Султаналиева: Эл аралык уюмдар же банктар каражатты жөн эле бербейт. Каражат өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын багыттарынын алкагында берилет. Ошонун негизинде гана чоң-чоң долбоорлор жазылат.

Ал эми долбоорду мамлекеттин атынан өкмөт жана багыттоочу программанын алкагында бейөкмөт уюмдар жазат. Мамлекеттин атына келип жаткан акчаларды ким берсе, ошол уюм гана байкоо жүргүзөт. Ал эми коомчулук жана ага түздөн түз көзөмөл жүргүзө турган органдар эч көңүл бурбайт. Анткени өкмөт, кээ бир министрликтер алып аткан гранттарын эмне кылып жаткандары тууралуу отчет бербейт. Аны көзөмөлдөй турган Жогорку Кеңеш да сурабайт, журналисттер да көңүл бурбайт.

Ал эми бейөкмөт уюмдардын акчасына кандайдыр бир түздөн түз арыз болбосо көзөмөлдөөгө эч кимдин акысы жок. Бул жерде мамлекет алып аткан грант, насыяларга көбүрөөк көзөмөл жүргүзүшүбүз керек.

Өкмөттүк эмес уюмдар мамлекет айтпаган, ал тургай көрүп туруп көргүсү келбей аткан иштерди жасап атат. Биз деле "Дордой" базарындагы балдардын ар бирин жетелеп жардам берип атабыз, а бизге ким берет акчаны? Министрлик буга көңүл бургусу да келбейт.

XS
SM
MD
LG