Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

ВИЧ/СПИДге багышталган миллиондордон өөнөп калуунун негизги үч тобун атап жатышат.

Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИД жана кургак учук илдеттери тез тараган жети өлкөнүн катарына киргени расмий маалымдалды. Бул илдетке кабылгандардын саны азыр төрт миңден ашып, көз жумгандар 600гө чамалады. Дарыгерлердин калпыстыгынан 2007-жылы Ошто 40тан ашуун наристеге ВИЧтин жапырт жугушу дүйнөгө дүң салган окуя болгон. Андан бери ВИЧ инфекциясы жуккан наристелердин саны 283кө жетти.

Кыргызстан ВИЧ/СПИДди алдын алуу, ага каршы күрөшүү үчүн жылына 6 млн. сом бөлөт. Калган каражаттын бардыгы эл аралык донорлордон, негизгиси Глобалдык фонддон келет. 2003-жылдан тартып Глобалдык фонд Кыргызстанга 35 миллион долларга жакын каражат бөлгөн.

Бул ири каражаттардын бир бөлүгү максатсыз жумшалган, Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бирөөнүн шорунан кимдер кантип акчага туйтунган?

Шалаакалыктан азапка малынган наристелер



"Мен ВИЧ/СПИД боюнча иштеген америкалык дарыгерлерге жолуктум. Алар дарыларды көрүп алап, "силер эмне балдарды кор кылып атасыңарбы? Муну биз 89-жылы эле ичкенбиз, менин чоң атам ичкен" деп айтты. Биз өзүбүздүн балдарыбызды өлтүрүп атабыз, келгиле анда бычак менен өлтүргүлөчү. Мен эски дарыларды берип, мындай СПИД баланы баккым келбейт. Кандай айырмасы бар, ал баары бир өлүп атпайбы. Бизге жаңы дарыларды бербейсиңерби, 89-жылкы дарыларды бербей".

Этикалык себептерден улам атын атабоону суранган бул айымдын баласына 2007-жылы Ошто ооруканалардын биринде ВИЧ жуккан. Ошол жылы Ош облусунда дарыгерлер бир жолу сайылуучу ийнелер менен кайра-кайра кан куюп, ондогон ымыркайга aдамдын иммундук таңкыстыгын пайда кылган вирусту - ВИЧти жуктурганы аныкталган.

ВИЧтен жабыркагандардын митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл

ВИЧтен жабыркагандардын митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл

Дарыгерлердин шалаакылыгынан болгон бул окуя боюнча 14 медицина кызматкерине каршы кылмыш иши ачылган. Дарыгерлердин төртөө сотто акталып, үчөө шарттуу түрдө, калгандары ар кандай мөөнөт менен түрмөгө кесилген. Бирок медиктер "туура эмес соттолдук" деп, азыркыга чейин текшерүүлөр, тактоолор уланууда. Буга ата-энелер макул эмес:

- Биринчиден, биздин балдарга жугузган дарыгерлер жазасын алсын. Кыжырыбызды кайнатып, башкы дарыгер болуп иштеп жүрүшөт. Сот процесстери алдыга жылсын. Беш жылдан бери соттор бүтпөйт.

Чоңдор өз ара соттошуп жатканда кандай каргашага кабылганын алигиче аңдай элек наристелер бейкапар чоңоюда. Азырынча тагдырдын оор сыноосун негизинен энелер көтөрүп жатат. Көп үй-бүлөлөрдө баланын башына келген мүшкүлдү кошо тартыша турган эркектердин баса беришкенин көрбөйсүзбү!

- Канчалаган үй-бүлө ажырашып кеттик. Көптөрүнүн күйөөлөрү таштап кетти, "мен ВИЧ балаңды бакпайм" деп. Чыны, идиштерибизди бөлүп, жалпак тилде эле айтайын: бир тээп айдап чыкты. Эч нерсе берген жок, балдарды кайсы гана ооруканага жаткырган жокпуз.

Республикалык "СПИД" борборунун маалыматы боюнча, 2007-жылдан бери ВИЧ инфекциясы жуккан наристелердин жалпы саны 283кө жетти. Анын 85ине энесинен сүт аркылуу жуккан болсо, 191 наристе дарыгерлердин шалаакылыгынан улам азапка чалдыгып отурат.

ВИЧ жуккандарга дары-дармек, ийне, презерватив Глобалдык фонддон келет, ири суммадагы каражат да бөлүнөт. Андан сырткары башка эл аралык уюмдар ар кандай гуманитардык жардам жөнөтөт.

Миллион жасоонун үч амалы


ВИЧ/СПИД адамзат тукумуна оңбогондой доо кетирерин, ошондуктан аларды алдын алуу, дарылоо өтө кымбатка тураарын 1990-жылдын соңунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Дүйнөлүк банк жана донорлор мойнуна алышкан. 2001-жылы БУУнун ошол кездеги баш катчысы Кофи Аннан Глобалдык фонд түзүүгө чакырып, ушул эле жылы БУУнун Башкы ассамблеясында фонд түзүлөт. 2002-жылдан тартып ал фонддон ар кайсы өлкөлөргө миллиондогон суммадагы гранттар бөлүнө баштайт.

Арийне, көп акча бар жерде дайыма кыңыр иштер боло келет эмеспи. Билермандар ВИЧ/СПИДге багышталган миллиондордон өөнөп калуунун негизги үч тобун атап жатышат. Биринчиси, ВИЧ/СПИДге чалдыккандарга керек дары-дармектердин баасын кымбат көрсөтүү. Экинчиси, дары-дармек, ийне жана презервативди керек болгондон ашык санда заказ кылып, ортодон акча жасоо. Үчүнчүсү, Глобалдык фонддон келген каражатты башка бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүүдөн, башкача айтканда грант алуучу уюмдарды тандоодон акча өндүрүү.

Глобалдык фонддон келген каражатты 2010-жылга чейин Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы - ПРООН аркылуу Республикалык "СПИД" борбору алып турган. Глобалдык фонд каржылаган программалардын бардыгын аткаруучу жана кабыл алуучу “СПИД” борбору менен Саламаттыкты сактоо департаменти болгон.

Ал эми долбоордун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн алдында атайын 29 кишиден турган Көп секторлуу координациялык комитет (СМКК, азыркы СКК) түзүлгөн. Ага өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү кирет. Комитетти вице-премьер-министр жетектейт. Ошону менен катар “СПИД” борборунун алдында Глобалдык фонддун долбоорлорун ишке ашыруучу бөлүм түзүлгөн. Анын милдетине дары-дармектерди, ийне жана презервативдерди алып келүү кирген. Андан тышкары ушул багытта иштей турган бейөкмөт уюмдарды тандоо боюнча тендер өткөрүү СМККга таандык болгон.

Глобалдык фонддун сайтындагы маалыматка караганда, ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу 2004-жылы 1 млн. 599 миң 712 доллар бөлүнгөн. Ал эми 2011-жылга чейинки берилген гранттын жалпы көлөмү 34 млн. 890 миң 560 долларды түзөт.

Эми акча жасоонун биринчи тобуна кайрылалы. Колдогу маалыматка караганда, 2011-жылы дарылар, ийне, ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүгө керектелчү каражаттар 2-4 эсе кымбат алынган. Айтмакчы, бир жылдан бери Глобалдык фонддун грантын толугу менен ПРООН көзөмөлдөмөй болду. Мунун себебине кийин токтололу.

Эми баалардагы айырмачылыктарды карап көрөлү.

Таблицаны чоңойтуш үчүн аны бир жолу басыңыз.

Таблицаны чоңойтуш үчүн аны бир жолу басыңыз.

“СПИД” борборунун алдындагы программаларды аткаруу бөлүмү респиратордун (дем алуу органын чаңдан, түтүндөн жана тумандан коргоочу маска) бир даанасын 4,72 доллардан алса, ПРООН 1,06 доллардан алган. Бирок “СПИД” борбору 3 миң, ПРООН 12 миң данаа алып келген. Какырык үчүн идишти “СПИД” 30 центтен, ПРООН 10 центтен алган. Колдонулган ийнелерди сактоо үчүн контейнерлерди “СПИД” 3,14 долларга алса, ПРООНдуку болгону 80 центтен туура келген.

Ошондой эле “СПИД” борбору 2009-жылы 2,5 милиграммдык ийненин бир даанасын 0,08 долларга алып келсе, ПРООН ушул эле ийнени 0,03 долларга алган. Канчалык көп санда алса, ошончо арзан берет деген жүйөнү карай турган болсок, бул жерде тескерисинче “СПИД” борбору 500 миң ийнеге көбүрөөк алып атат. Айтмакчы, “СПИД” борбору да, “ПРООН” да бир эле "Юйжень" фирмасынан алган.

Глобалдык фонддун программаларынын жетекчиси Анна Чернышева “СПИД” борбору деле ЮНИСЕФтин өзүнөн түз дары сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар болчу дейт.

- Биз бул маалыматты Координациялык комитеттин расмий жыйынында бергенбиз. Ошондуктан бул реалдуу келишим, реалдуу бааларга негизделген. "Юнихелп" “СПИД” борборунун ар кайсы багыттагы негизги сатып алуучусу болгон.

"Азаттык": “СПИД” деле ЮНИСЕФ менен келишим түзүп, дары-дармектерди ошолор аркылуу алса болот беле?

- Албетте буга эч ким тыюу салбайт. ЮНИСЕФ же башка эл аралык сатып алуучулар болсун, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарга алып келип бере алат.

"Азаттык": Сапаты жагынан бирдей элеби?

- Булар бир эле дарылар. Глобалдык фонддун каражаттарын көзөмөлдөөнү ПРООНго беришинин бир себеби да ушул болду окшойт. Азыр биз ушул баалардагы айырманы көрсөтүп, бул чечим туура болгонун далилдеп жатабыз.

Мындан сырткары ВИЧ/СПИДге керектелчү дарыларды сатып алууда "Юнихелп" ишканасы менен ЮНИСЕФтин ортосундагы айырма оголе чоң. "Юнихелп" – бул “СПИД” борбору менен дары-дармектерди сатып алуу боюнча келишим түзгөн Кыргыз-Орус фармацевтикалык ишканасы.

Ф Ал эми ПРООН дарыларды ЮНИСЕФ аркылуу алган. Алсак "Зидовидин", "Ламивидин" дарысынын бир блогун "Юнихелп" 16,25 доллардан алса, ЮНИСЕФ 9,60 доллардан алган. "Ефавирен" дарысы 22,10 доллар болсо, ЮНИСЕФ алган баа 5,40 доллар. Ортодогу айырма дээрлик беш эсе. Ал эми "Лопинавирди" биринчи ишкана 156 доллардан, экинчиси 38,40тан алган. Мында да төрт эсе айырма бар.

Маматов: "маркум Шапиродон сурагыла"

Дарыларды алуу иштерин “СПИД” борборунун алдындагы Глобалдык фонддун долбоорлорун ишке ашыруучу бөлүм аткарган. Башында “СПИД” борборунун жетекчиси турат. Анын директору Жылдыз Курманалиевадан дарылар эмнеге ушунча айырма менен кымбат алынчу эле деген сурообузга мындай жооп алдык:

- Булардын бардыгын тең бөлүмдүн өкүлдөрү биздин кызматкерлер менен чогуу иштешип, дарыларга арызды чогуу беришкен. Анын баарын прокуратура текшерип атат. Ошолордун баары туура эмес, ашыкча берилген же иши кылып канчалаган дарылардын баары пайдалануудан чыгарылганын прокуратура жазып берген. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү өздөрү тендер өткөрүп, кайсы фирма утуп алса, ПРООН аркылуу акча которулчу. Ал убакта деле ПРООНдон кетчү, алар менен сөзсүз макулдашып, арыз жазып, ага Глобалдык фонд макулдугун берет. Бирок “СПИД” борборунун директорунун колу коюлуп кетчү.

Жугуштуу дарттардын зыянын азайтуу боюнча программалардын “Өнөктөштөр түйүнү” ассоциациясы көп жылдан бери ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү иштерине мониторинг жүргүзөт. Баалар маселесин өз алдынча иликтеп чыккан. Ассоциациянын аткаруучу директору Айбар Султангазиев:

- Алынган баалар азыркыга караганда беш эсе өйдө. Мурда ошол эле дарылар ортосуна акча кошуп, беш эсе кымбат алынып атчу. ПРООН дүңүнөн сатып алат. Балким ошон үчүн арзаныраак болушу мүмкүн, бирок беш эсе эмес да. Биз изилдеп чыкканбыз, ийнелер, презервативдер кымбат алынчу.

Дарылар кымбат алынган 2009-жылы “СПИД” борборун Сагыналы Маматов жетектеп турган. Маматов бул жылдарда дарылар өз баасынан кыйла кымбат алынган деген дооматтарды четке кагууда.

- Аны мен алган эмесмин, аны Борис Моисеевич алган. Ыраматылык Борис Моисеевичти таап, издегиле.

"Азаттык": 2009-жылы деп көрсөтүлүп турбайбы?

- Мындай болушу мүмкүн эмес. Тендердик комиссия деген бар. Ошолорго баргыла, эмне эле мени кыйнап атасыңар? Мен тазамын деп айтып атпаймынбы, эгер бир нерсе кылсам бир жылдын ичинде жоопкерчиликке тартышмак да. Тендердик комиссияны мен өзүм түзө албайм. Аны СМКК түзөт. Ким жетекчи болсо, ким түзсө мен кол гана коём. Мен болгону каржылык иштерге кол коём.

Ошентип Маматов өзүнөн мурдагы жетекчи Борис Моисеевич Шапиродон сурагыла деп кеңеш берди. Жаны эбак жаннат болгон Шапиронун арбагын эми козгобой тек коёлу. Ал эми "Юнихелптин" бөлүм башчысы Светлана Еременко ПРООНдун эл аралык рынокто өзүнүн артыкчылыгы бар экенин жана сандык айырмадан да баасы арзанырак болорун билдирүүдө.

- Мен Орусия, Казакстанга барып, ВИЧ жуккан балдардын ата-энелери менен жолугуп келгем. Алардын дары-дармек сатып алганга катышууга толук укуктары бар. Эмне үчүн биз, ата-энелер балдарыбыз эмне ичиш керек, эмне ичпеш керек экенин билип, катыша албайбыз?

Балдарына ВИЧ жуккан энелер дарыларды алуу жана тендер иштеринин ачык-айкын жүрбөгөнүнө нааразы.

Кагаздар карматпай жатат

Жугуштуу дарттардын зыянын азайтуу боюнча программалардын “Өнөктөштөр түйүнү” ассоциациясы дары-дармектердин сатылып алынышы жана өткөрүлгөн тендер боюнча документтер менен келишимдерди “СПИД” борборунан алалбай келатат. Маалыматты ачык бербей жатканы үчүн борборду сотто утуп алганына карабай, керек кагаздар дале колдоруна тие элек. Ассоциация директору Айбар Султангазиев:

- “Маалымат алуу кепилдиги жөнүндө” мыйзамдын негизинде биз сотко берип, биринчи инстанцияда утуп алдык. Алар кайра апелляцияга беришти. Бул жерде митаамдык болуп атат. Бул акчалардын бардыгы Глобалдык фонд аркылуу келип, аягында “СПИД” борборуна түшкөн. Бирок алардын банкта эсеби болгон эмес, ПРООН аркылуу өтүп аткан. Ал эми ПРООНдун документтерине эл аралык келишимдер боюнча эч ким тие албайт. Ошондуктан “СПИД” борборундагылар ошол жакта деп бизди алдап жатышат. Бирок өздөрүндө деле бир көчүрмөсү болушу керек. Балким, мурдагы иштегендер муну алып кетип калган окшойт.

"Азаттыктын" архивинен: ВИЧ жуккан балдардын энелери митинг өткөрдү

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын энелери митинг өткөрдү. MiT



“СПИД” борбору да, Саламаттыкты сактоо министрлиги да, ПРООН да бизге келишимди бере алган жок. “СПИД” борборунун директору Жылдыз Курманалиева болсо дарыларды долбоорду ишке ашыруу бөлүмү алгандыгын, бардык кагаздар азыр ПРООНго өткөрүлгөнүн жүйө тутууда:

- Бул жакта долбоорду ишке ашыруу бөлүмүндө иштеп кеткендер биз Республикалык “СПИД” борборуна баш ийбейбиз, ПРООНдон сурагыла деген. ПРООН бейөкмөт уюмдарга бербейбиз деген. “Өнөктөштөр түйүнү” ассоциациясы мамлекеттик же тартип коргоо органы эмес, бер дегенде эле бере калгандай. ПРООН менен келишим түзгөндө кимге маалымат берилет, кимге берилбейт - булар жазылат. Эл аралык уюмдар менен иштешкенде бардык эле маалыматтарды оңго, солго бериле берейт. Алардын өздөрүнүн тартиптери бар. Ошол тартиптерге ылайык биз бере алган эмеспиз. Биз кайра апелляцияга бердик. Анткени азыр долбоолорду ишке ашыруу бөлүмү жабылган.

Документтердин бардыгын алар ПРООНго өткөрүп бергенбиз деп айтышкан. Азыр Башкы прокуратура да соттун чечимин алып келди. Тендер кандай өткөн деген документтерди. Эми анын баары коробка-коробка болуп жертөлөгө түшүрүп салган. Анан мен каяктан издейм? Эми соттун чечимин аткарабыз. Азыр аудит да текшергени жатат, ошонун артынан документтерди тапсак беребиз. Ал маселе деле эмес.

Жакында Башкы прокуратура СПИД, кургак учук жана безгекке каршы Глобалдык фонддон Кыргызстанга тийген 34 миллион 890 миң доллардын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынан маалымдашкандай, каражат Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине түшүп, андан ары ПРООНдун эсебине которулган. Бирок мыйзамга ылайык, аталган министрликтин кызмат адамдары тарабынан Финансы министрлигинде, Борбордук казыналыкта грантты алуу жана пайдалануу үчүн эсеп ачылган эмес.

Башкы прокуратуранын өзгөчө оор кылмыштарды тергөө боюнча башкарма башчысы Жаныбек Салиевдин айтымында, грант түрүндө берилген акчанын 500 миң доллары айлык акыга, унаа сатып алууга жумшалып кеткен.

- Тергөө жүргүзүп жатабыз. Мыйзамдын талабы боюнча тергөө жүрүп жатканда иштин жагдайын айтканга болбойт. Бирок бир мисал келтирип кетсек, 34 млн. ичинен булар 500 миң долларды айлык, автоунаа, анын тетиктерин алганга, башка нерселерге коротуп жиберишкен. Бул түзмө түз СПИД менен күрөшүүгө эмес, өз кызыкчылыгына коротту деп эсептеп жатабыз. Азыр аны да айтыш эрте. Эмне себептен алар бул акчаны коротту, ошонун баарын изилдеп жыйынтыгы тергөөдө билинет. Ошол себептүү мен азыр көп маалымат бере албайм.

"Азаттык": Булар деген ким?

- Булар деген ПРООНдун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, “СПИД” борборунун кызматкерлери, Борбордук казыналык, Каржы министрлиги бүт чырмашып, байланышкан. Булар бири-бири менен келишим түзүп, көзөмөлдөп иш кылыш керек болчу. Ошондой иш болгонбу, жокпу аны тергөө амалдары менен иликтеп чыгабыз. Чет өлкөдөн грант болуп келип, “СПИД” борбору аркылуу таратылып, ал эмне иш кылган ал дагы тергөө амалдарынан кийин анан айта алабыз.

Эми акча жасоонун экинчи амалына токтололу. Бул дары-дармек, ийне жана презервативди керек сандан ашыра заказ кылып, ортодон акча жасоо деп түшүндүрүштү.

"Бул дарыларды сата албайбыз, башка ооруларга жарабайт. Бирок көп дарылардын мөөнөтү өтүп кетет. Калп эле көп сатып алышат, бир жолу алганда эки жылга сатып алышат. Эмнеге андай көп алышат? Алар бузулат да. Анткени көбүрөөк алганда ортосуна 1-2 цент кошуп койсо да пайдасы көбүрөөк түшөт. Миллиондогон ийнелер алынчу. Биздин оюбуз боюнча ошол убакта башкарып жүргөн кишилер тарабынан уурдалган", - дейт Айбар Султангазиев:

Жүздөгөн дарылардын мөөнөтү өтүп, колдонуудан чыкканын “СПИД” борборунун жетекчиси Жылдыз Курманалиева да тастыктады. Бүгүнкү күндө “СПИД” борборунун кампасында мөөнөтү өткөн дары-дармектер үйүлүп жатат. Бирок тергөө иштерине байланыштуу дешип дарыларды көрсөтүүдөн баш тартышты.

- Мунун баары тең сот аркылуу чечилет. Бул жакта иштегендер пайдаланылбай калгандарды өтө күчтүү дарылар экенин, кээ бирөөнө жагат, айрымдарына жакпай калганы менен түшүндүрүп жатышат. Мисалы, жүрөгү айланып, кускусу келип атса, ал оорулуу "Дидоназинди" иче албайт. Кээ бир учурда оорулуулар баш тартышат, дарыны албайт. Ал эми дарылардын мөөнөтү өтүп, калып калган себептерин прокуратуранын тергөөчүлөрү текшерет. Мурунку иштеп кеткендер жообун бериш керек. Алар үчүн мен жооп бере албайм.

Мисалы, 2006-жылы декабрда “Эфавирен”, “Дидонозин”, “Ставудин”, “Невирапин”, “Зидовидин” дарылары эскирип, жалпысынан 641 595 сомдук дары колдонууга жарабай калган. 2008-жылы 2 млн. 200 миң сомдон ашуун, 2010-жылы 84 миң сомдон ашуун дары да ошондой болгон.

2009-жылы 10 оорулууга 7300 таблетка “Дидонозин” алынып келинген. Бирок бул жылы бир дагы таблетка колдонулган эмес. 2010-жылы болсо 1080 таблетка заказ кылынган. Ал эми 2011-жылы алынган 12 440 таблеткадан 7200ү колдонулган эмес.

Ондогон дарылардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши боюнча “СПИД” борборунда көп жылдан бери иштеген, жетекчинин мурдагы орун басары Айгүл Исмаиловадан сурадык.

- Бул жерде көбүрөөк иштеген мен элемин. Мен ушул жерде 18 жыл иштеп атам. Ошондуктан көн нерселерди билем, өз ишимди билем. Мисалы, отчетто көрсөтүлгөн "Дидонозинди" 10 кишиге деп заказ берсек анын үчөө эле алып калган. Анткени бул экинчи схемадагы ала турган дары. Бул үчүн оорулууну биринчи схемадан которуш керек. Ага атайын көрсөткүч керек, же ал адам бир нече жолу дарысын ичпей койгон, же бул дарыны көтөрө албай калган. Ошентип муну үч эле адам алып калып, калганы ашып калган. Анан мөөнөтү эскерип, ал пайдалануудан чыгарылат.

Мен - сага, сен - мага

"СПИД" борборуна келген акчаларды өөнөп калуунун үчүнчү жолуна сереп салалы. Бул амал гранттарды алуучу бейөкмөт уюмдарды тандоодо, башкача айтканда тендер өткөрүүдө колдонулган. Тендер комиссиясына өкмөттүн алдындагы координациялык комитеттин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана “СПИД” борборунан жана жарандык коом өкүлдөрү кирген. Сөз кайрадан Айбар Султангазиевде:

- “СПИД” борборунда иштеген киши, Саламаттыкты сактоо министрлигинин түзүмүнө кирет да. Мисалы, борбордун директору Сагыналы Маматов болчу. Бардык кагаздарга кол койчу. "Мен сага грант берем, бирок 10% мага таштайсың" деп – ошондой ушак жүргөн. Ошол убакта көп нерселер туура эмес жасалган. Азыр Бакиевдин учуру деп айтып атпайбызбы, чындыгында биз сүйлөй албай калганбыз.

Абдан сыйлаган Батма Абиловна (Эстебесова – авт.) деген аял бар, ал андай болсо такыр иштебейм деп чыккан. Бирок ансыз болбойт эле. Бири биринин ийнелерин сайынып, кайра оору жукпасы үчүн эскисин жаңысына алмаштырчу пункттарды ошол көтөргөн. Ошондуктан ал (Маматов – авт.) берүүгө аргасыз болгон. Андан сырткары грант алган бейөкмөт уюмдардын тизмесинде мен такыр тааныбаган, өмүрүмдө көрбөгөн уюмдар болчу. Бирок алар акча алышчу экен. Бул - акча жасоонун жолу. 3-5 такыр тааныбагандар. Балким ал жактан деле бирөө акча жасашкан, аны билбейм.

“СПИД” борборунун мурдагы директору Сагыналы Маматов бейөкмөт уюмдардан акча алчу деген маалыматты четке кагууда.

- Эстебесованы чакырып келиңиз, анан сүйлөшөйүн. Бейөкмөт уюмдардан 20% эмес 2 сом алыңызчы эмне кылаар экен. Мурда эле ырдап чыгышмак.

Глобалдык фонддун грантын ВИЧ/СПИДди алдын алуу жана каршы күрөшүү багытында иштеген ондогон уюмдар алган. Ирилери “Социум”, “Анти СПИД”, “Чыгыш-Батыш СПИД фонду” (AFEW) жана башкалар. Булар кезегинде чаканырак уюмдарга алган гранттарды бөлүп таратышчу. Эң көп, жылына 600 миң доллардан ашуун грантты “Социум” алчу экен. Алар ал грантты кайра 15 уюмга тараткан.

Бирок “Социум” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Батма Эстебесова Айбар Султангазиев айткан маалыматты тастыктаган жок.

- Бизди ар дайым аудит текшерип турган. Бир дагы тыйын берген жокпуз. Бизди тиякка-биякка 10% берип атат деп ойлоп жатышат го. Шапиро, Маматов иштеп аткан, мындай жок болчу. Башкалар үчүн жооп бере албайм. Биздин уюм бул тармакта 10-15 жыл иштеп атпайбы. Анан эмне үчүн жакшы иштесек бербеши керек? Тескерисинче азыр бербей койду деп таарынып атам.

"Азаттык": Эмнеге быйыл бербей калды?

- Сапаты менен баасы эл аралык стандарттарга туура келбейт, өтпөй калдыңар деп чечим чыгарбадыбы.

Анткен менен тендер, бейөкмөт уюмдарды тандоо кандай өтөрүнө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиева күбө болуп калган. 2009-жылы СМККнын мүчөсү эле.

- Факт катары түздөн түз күбө болгон жерди айтайын. Кыргызстан Глобалдык фонддун 9-раунду үчүн грантка арыз жазып, катышыш керек болчу. Каражат суммасы чоң болчу, 50 млн. доллар. Долбоор мамлекеттин атынан жазылат. СММК жумушчу топту түзүп берчүбүз. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү кирчү. СМККнын жетекчиси вице-премьер-министр болчу. Ошентип мамлекет 9-раундда арыз берип, биринчи турунан өттү. Экинчи турга келгенде грантты алуучу уюмду аныкташ керек. Азыр убакыт өтүп кетти, айта берсек деле болот. Ошол кезде деле бул көп эле чыр болгон, бирок журналисттер ага көп көңүл бурган эмес.

Ошол жерде өзүм күбө болгонум – Акбагышева жетектеген Аялдар конгресси СМККнын мүчөлөрү жана төрайымы менен кандайдыр бир сүйлөшүп алып, мен өтүшүм керек деген мамиле болгон. Замира Акбагышева ВИЧ/СПИД багытында көп иштеген уюмдардан эмес. Бирок ал коркутуу менен өкмөттүн мүчөлөрүн Акбагышевага добуш бердиртип койгон. Ал кезде бейөкмөт уюмдар, ВИЧ/СПИДге чалдыккандар да каршы чыгышкан. Балким кандайдыр бир бөлүшүү болгон.

Бирок Аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева өз дарегине айтылган дооматты четке какты.

- Андай ызы-чуу деле болгон эмес. Биз өзүбүз бейөкмөт болсок өкмөт өкүлдөрүн кантип кыйнап койдурмак элек? 50 млн. доллар деген жок да, келген эмес, анан кайсы акчаны беребиз? Биз баары менен тең сынакка катышканбыз. Анадй болгон эмес. Бул туура эмес. 2009-жыл болгон, азыр 2012-жыл. Анда биз 16-17 добуш менен биз өтүп кеткенбиз. Бизди кайра өкмөт сызып салып “СПИДди” калтырган. Ал 50 млн. доллар келген да эмес.

Бирок ошол жылы Глобалдык фонд Кыргызстанга грант берүүдөн баш тарткан. Буга грант алуучу уюмду тандоодогу ачыктыктын жоктугу да себеп болгон. Ошол жылы грант алуу үчүн “СПИД” борбору, “Чыгыш-Батыш СПИД” кору, “Профилактикалык медицина” илимий-өндүрүш бирикмеси, “Анти СПИД” ассоциациясы жана Аялдар конгресси арыз беришкен.

Инспекция сары изине түштү

Глобалдык фонд өзү берген каражаттын максаттуу жумшалышына көзөмөлүн күчөтүүдө. 2011-жылы фонддун Башкы инспекция башкармалыгы Кыргызстанда аудит өткөргөн. Негизинен 2003-жылдан 2009-жылга чейинки 6 гранттын эсеби текшерилди. Бул жылдары республикалык “СПИД” борборун 1996-жылдан 2006-жылга чейин Борис Шапиро, 2011-жылга чейин Сагыналы Маматов жетектеп турган. Глобалдык фонддон грант Шапиро жетектеп турган мезгилден баштап келе баштаган.

Башкы инспекция башкармалыгы өткөргөн аудитте Республикалык “СПИД” борборунун гранттык келишимди сактабагындыгы айтылып, документтештирүү, отчет бере албагандыгы жана Глобалдык фонддон каржыланган акчаларды колдоно албаганы белгиленген. Мында да дары-дармек жана керектүү каражаттардын ашыкча сатылып алынышы, натыйжада мөөнөтү эскиргени, айрым негизги делген дарылардын жоктугу айтылган. Ошто балдарына ВИЧ жуккан айрым айымдар мурунку жылдары дарылар кечигип, кыйналышканын тастыкташкан эле:

"Жаңы жуккан мезгилде дарылар ошентип токтоп калып, бизге жеткире албаганбы, башка себептер болгонбу, арасында бир жума, он күн токтоп калгандар болгон".

"Оору аныкталган мезгилде башкача көз караш менен карап, аз убакыт эки-үч ай жакшы каралды. Азыр андай эмес. Кокустан ооруп калсак көп нерсени өзүбүз сатып алабыз. Мурда деле өзүбүз сатып алып атканбыз да, ийнелерди деле. Ал эми ARV терапияны акысыз алып аттык. Бир убакта дары жок болуп калган экен. Мен запаска алып койгондуктан үзгүлтүксүз ичирдим".

"Азаттыктын" архивинен: Үмүт шамы


Серверде ката

Oops, as you can see, this is not what we wanted to show you!

This URL has been sent to our support web team to look into it immediately. Our apologies.

Please use Search above to see if you can find it elsewhere


Башкы инспекция башкармалыгы жүргүзгөн аудитте Глобалдык фонд макулдугун бербеген, бюждеттин планына кирбеген иш-чаралар өткөрүлгөнү жазылып, натыйжада 377,299 доллар максатсыз пайдаланылганы белгиленет. Бул каражатты Глобалдык фонд кайтарууну талап кылууда.

Мындан сырткары аудит Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлү болбогонун, бирок “СПИД” борборунун директору саламаттыкты сактоо министри менен жума сайын жолугуп турушканын белгилейт. Ошентсе да эки тараптан тең бул жолугушуулар туурасында маалымат айтылган эмес. “СПИД” борбору каражатты башкаруу боюнча ырааттуу отчет даярдаган эмес. 2008-2009-жылдары СМККга болгону эки отчет берилген менен каражаттар кандай сарпталганы тууралуу маалымат жок болгон.

Башкы инспекция башкармалыгынын маалыматына ылайык, “СПИД” борбору жана ага тиешелүү программаларды ишке ашыруу бөлүмү Эсеп палатасынан текшерүүсүнөн өткөн эмес. Мунун ордуна алар сырттан аудит өткөрүүчү фирма жалдашкан. Аудит жүргүзүүгө 25 миң 200 доллардан ашуун каражат сураган фирманын болгонуна карабай, 62 миңден ашуун долларга “Влата-Аудит” фирмасы тандалып алынган.

Ал эми программаларды ишке ашыруу бөлүмү Глобалдык фонддон гранттын 2-раундунун эсебинен 341 миң 483 миң доллар кошумча каражат сураган. Бирок отчетто бул 7-раундда колдонулган деп жазылган. Болгондо да ал пландалбаган иш-чараларга колдонулган. Фонд ушул каражатты да кайтарууну талап кылууда.

Ошондой эле 2006-жылы “СПИД” борбору "Аванко" агенттиги аркылуу жергиликтүү "Медикус Евразия Лимитед" фирмасынан "Абакавир 300 мг." дарысын 82,125 долларга алса, Башкы инспекциянын аудитинде бул 7,50 доллар турары, ушул эле дары Өзбекстанга 1,32 доллардан жеткирилгени белгиленет.

Көптөгөн бейөкмөт уюмдар өз отчетторун толук бере алган эмес. Ошентип жалпысынан Кыргызстан ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү үчүн берилген каражаттын 700 миң долларга жакынын максатсыз пайдаланды деп, Глобалдык фондго кайтарып бериши керек болуп турат. Ушундай мүчүлүштүктөр үчүн жана өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алып, Глобалдык фонд өз каражатын көзөмөлдөөнү мамлекеттен алып, өткөн жылдын июнь айынан тартып толугу менен ПРООНго өткөрүп берди.

"Психикалык саламаттык” коомдук уюмунун төрайымы Бурул Макенбаева Саламаттыкты сактоо министрлиги талаптагыдай көзөмөл жүргүзгөн эмес деп эсептейт:

- Аудит жыйынтыгында бул жакта Глобалдык фонддун акчасын колдонгонуна ыраазы болушкан жок. Ошол себептен бүт акчаны мамлекеттин колунан алып ПРООНго берди. Алар мамлекетке ишенбегенден ошол кадамга барышты. Мамлекет үчүн бул уят, эмне себептен ушундай болду деп муну изилдеш керек.

Сабыржан Абдикаримов 2007-жылдан 2010-жылга чейин министрдин орун басары болуп турган. Кийин министрлик кызматты да аркалаган. Ушул убактарда башкы санитардык дарыгер катары да Абдикаримов жугуштуу ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү жана башкаларды көзөмөлдөп турчу экен. Сабыржан Абдикаримовдон эмнеге бул тармак көзөмөлдөнбөй калганын, гранттын акчасы ПРООНго өтүшүнүн себебин сурадык.

- Өлкөдө туруктуулук болбогондуктан жана ошол жерде кетирген кемчиликтерди, коррупцияны жоюу максатында биз сунуштаганбыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги эмес, өкмөт, вице-премьер-министр тарабынан көзөмөлдү ПРООН алсын деп. Эч убакта министрликтин күнөөсү жок. Азыр бардыгын, безгек, кургак учук боюнча да ПРООНго бергенбиз.

"Азаттык": Дарылар абдан кымбат сатылып алынган экен. Айырма абдан чоң. Ошолор министрлик тарабынан көзөмөлдөнчү беле?

- Аны билбейм, аны сатып алган эмесмин, киришкен эмесмин. Канчадан алган, канча алып келген - менин тиешем жок, бул менин милдетиме кирбейт. Министрлик өкмөттүн саясий органы. Мисалы биз, министрлик атайын секс ойно деп айткан жокпуз. Балаңды мындай кыл деп айткан жокпуз. Эл экен да, эмне десе баарына министрлик күнөөлүү. Жамандай беришет да. Эмне, биз ошол кезде эшек такалап отуруптурбузбу? Министрликке абдан аз бөлүгү, үчтөн бир бөлүгү эле келет. Калганы бүт баңгизат колдонуучуларга, сойкуларга кетет. Ким кол койгон акчага, ким сатып алган, ким өткөргөн - ошолор жооп берсин. Өкмөттүн алдында комиссия болгон атайын. Менин эч кандай тиешем жок.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Глобалдык фонддун башкы инспекциясынын аудитинде көрсөтүлгөн айрым жагдайларга макул эмес. Азыр Кыргызстан ага жооп жазууда.

Учурда эл аралык уюм, ошол эле ПРООН, “СПИД” борборунун, Саламаттыкты сактоо министрлиги, коррдинациялык комитет, бейөкмөт уюмдардан турган топ Глобалдык фонддун каражаттарынын максаттуу жумшалышын кайрадан текшерүүдө.

ПРООН деле оңдой албайт го?

ПРООНдун өкүлү, эксперт Анна Чернышева ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү, алдын алууга 2012-жылдан тарта Глобалдык фонд менен 30 айга 30 млн. доллар гранттык келишимге кол коюлганын билдирди. Бул ар бир айга миллиондон туура келет дегендик.

Анткен менен Глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлгөн грантын ПРООНдун көзөмөлүнө өтүшү менен ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү, алдын ала иштери ого бетер солгундайт деп бейөкмөт уюмдар кабатыр болууда. Сөз кайрадан Айбар Султангазиевде:

- ПРООН болсо жакшырак болобу деп ойлогонбуз. Мурда ким алат, ким албайт - аябай караңгы нерсе эле. Бирок ПРООНдун башка жагы чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин 8 ай болду - мамлекетте ВИЧ боюнча иш дээрлик жок, токтоп турат. Дарылоо үчүн анализ алыш керек, тест тапшырыш керек. Ал 10 айдан бери жок. Баңгизат колдонуучуларга беш-алты айдан бери ийне таратыла элек. Кырдаал абдан оор. Келген каражат бейөкмөт уюмдарга таратылбай жатат. Иш жүрбөй жатат. Ал эми ПРООНдо иштеген Анна Чернышеванын айлыгы 16 миң доллар.

"Азаттыктын" архивинен: Граффити VS СПИД



Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанга келген жалпы гранттын 8 млн. долларын эле ПРООН уюштуруу иштерине коротот экен. Мисалы, отурган имараттын ижара акысы айына 5 миң доллар. Айлык акы, унаа, дарыларды ар бир аймакка жеткирүү өңдүү башка чыгымдар да бар.

Айтмакчы, “СПИД” борборунун программаларды ишке ашыруу бөлүмү уюштуруу иштерге деп гранттын акчасынан сатылып алынган эки "Жип" машинеси да ПРООНго өткөрүлүп берилген. Азыр мамлекеттин атына келген акчадан алынган машине эмнеге мамлекеттик мекемеге берилген эмес деген суроо да кабыргадан коюлууда. Анна Чернышева уюштуруу иштерине жумшалган каражат алда канча аз экенин белгиледи.

- Бул сумма алда канча аз. Эгер 30 млн. долларды алсаңыз анын 10-11% башкаруу иштерине жумшалат. Буларга айлык, административдик коротуулар кирет. Бул 4 млн. доллардын тегерегинде болот. Бирок эч качан 8ге жетпейт. Ал эми менин айлыгым 16 миң доллар деген да туура эмес. Айрымдар ПРООНдун финансылык системасын билбейт, анан дагы мен БУУнун кызматкери катары, өлкөдө белгилүү макамым бар. Ошондуктан бул жалган сөздөргө жооп берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок. Менин эл аралык позициям бар, мен Кыргызстандын жараны эмесмин. Мен беларусмун.

ПРООН коррупция орун алып кетиши мүмкүн деген чоң долбоорлорго жергиликтүү эмес, эл аралык адистерди тартат. Менен бул жерде экенимдин себеби да ушул. Эл аралык адисти камсыз кылууга чын эле 16 миң долларлык бюджет бөлүнөт. Бул кызмат өзү ушунча турат. Бирок мунун баары айлыкка кетет дегендик эмес. Анын ичинде камсыздандыруунун түрү, пенсия жана башка абдан чоң пакетти камтыйт. Мисалы менин беш балам болгон болсо, аларга кошумча. Албетте менен айлыгым 16 миң доллар эмес, калган кызматкерлер ПРООНдун жергиликтүү ставкасына жараша айлык алат.

Ошентип Кыргызстанда ВИЧ/СПИД жаатында кыңыр иштер аз эмес экенине баарыбыз күбө болуп жатабыз. Бирөөнүн кайгысынан, шорунан акча жасоо жакшылыкка жатпайт дейт журналист жана акын Жедигер Саалаев.

- Чындыгында жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт деп мурда эле ошондой кептер айтылып жүрчү. Эл аралык донорлордон келген акчалар каякка кетип, кандай пайдаланылып атат - коомчулукка белгисиз, түшүнүксүз болуп калып жүрөт. Орустардын “бирөөнүн кайгысына бакыт кура албайсың” деген макалы бар. Анын сыңарындай адамдардын, жалпы адамзатка келген кесепеттен байып, акча жасайм дегендин өзү акмакчылык.

Жедигер Саалаевдин "СПИД жөнүндө санаа" деген ыр саптарын сунуштайбыз.



ВИЧи да, СПИДи да башка келбесин!

Эми бири түшүнүп, бири түшүнө бербеген ВИЧ жана СПИД тууралуу учкай маалымат бере кетели. ВИЧ - бул иммундук таңкыстыктын вирусу. ВИЧ оорусун жуктурган адамдар көп жыл бою - 5 жылдан 15 жылга чейин өз оорусун билбей жүрө берет, өзүн соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан тездик менен көбөйөт. ВИЧти жуктуруп алган учурдан баштап башкаларга жугузуу коркунучу пайда болот. Ошол эле учурда оорунун мандемдери байкалып, алы кетип, дене ысып, ичтин өтүүсү, жөтөлүү, арыктоо ж.б. сезилет. ВИЧ менен СПИДге чейин өөрчүп жеткенче 10 же андан да көп жыл өтүшү мүмкүн.

СПИД - жуктурулган иммундук таңкыстык синдрому – дарттын өтүшүп бүткөн кези. Бул учурда адамдын иммундук системасы биротоло жабыркап, организм ооруларга каршылык көрсөтө албайт. СПИД тез өөрчүп, өлүмгө бат алып келет.

Азыркы мезгилде ВИЧ кезикпеген бир да өлкө жок. Эң көп кабылган катмар - жаштар топтору. ВИЧ жана СПИД жөнүндө маалымат биринчи жолу 1981-жылы АКШда басма бетинде жарык көргөн, бирок көп өтпөй эле мындай оорунун башка өлкөлөрдө да бар экендиги, айрыкча Африка өлкөлөрүндө кездешери белгилүү болгон. Ошол жылдан тартып СПИДден 30 миллион адам каза болгон, азыркы тапта ВИЧ/СПИДге чалдыккан 59 млн. чукул адам жашайт.

СПИД Кыргызстанда биринчи жолу 1987-жылы Африка өлкөсүнөн келген студенттен аныкталган. Алгачкы жылдары бул дарт чет элдик жарандардан гана табылып келсе, 1996-жылы биринчи жолу кыргызстандык жаран катталган. ВИЧ/СПИД дартына кабылгандардын саны 1987-2000-жылдары 53 киши болсо, 2012-жылдын 1-апрелинде 4122 кишиге жетти. Алардын миңден ашууну аялдар. Өткөн жылы 600гө жакын адам ВИЧ экени аныкталса, быйыл үч айда 235 адам аныкталган.

ВИЧ кан аркылуу, жыныстык жол жана энеден балага сүт аркылуу жугат. Ал эми кол алышканда жана кучакташканда, сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, үй жаныбарларынан, чымын-чиркей, курт-кумурска чакканда, душ жана даараткананы пайдаланганда, көлмөлөргө түшкөндө, идиштерди урунганда, компьютер жана телефон менен иштегенде, коомдук унааларда ВИЧ жукпайт.

Адамзаттын өмүрүнө коркунуч туудурган ВИЧ/СПИД тууралуу баянымды жыйынтыктап жатып, кыргыздын "ооз кесир кылба" деген накыл сөзүн эске салгым келди. Дарт адамды тандап келбейт, мүлдө дүйнөдө ар бир адамдын башына айыкпас дарт келиши мүмкүн. Миллиондордун өмүрүн жалмаган бул кесел кишинин башына келгис кылбасын...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG