Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Р.Казакбаев: "Экинчи база боюнча расмий сүйлөшүүлөр жүргөн жок”


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев.

9-декабрда Москвада ЖККУнун саммити башталат. Анда каралчу маселелер жана Кыргызстандын тышкы саясатына байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жооп берди.

"Азаттык": Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитине Кыргызстандан президент баш болгон делегация баратат. Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу кандай маселелер каралышы мүмкүн, дегеле саммитте эмне маселелер каралат?

Руслан Казакбаев: Саммитте 29га жакын маселе каралат. Өзүңүздөр билгендей, саммиттин өзүнүн уставдык органдары бар, ал Тышкы иштер, Коргоо министрлеринин кеңешмелери, Коопсуздук катчыларынын кеңешмеси, анан эң жогорку органы болгон президенттердин катышуусу менен саммит өтөт.

29 маселенин ичинен атайын Кыргызстан боюнча өзүнчө суроо жок. Бирок ал жерде берилип аткан ар бир маселенин Кыргызстанга байланышы бар. Анын астында биринчи тышкы иштер министрлеринин айдын тогузунда, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңешменин катчыларынын бириккен чогулушу болот. Ошол чогулушта алгач кол коюла турган материалдардын бардыгын карайбыз.
Кытай мамлекети базага байланыштуу 3 млрд. акча бөлүп атыптыр деп айтпадыбы. Ал бурмаланган маалыматтар.


Эң кызыгы бул саммитте, Кыргызстандагы Ош коогалаңы болгондон кийин биз көрбөдүкпү, ЖККУга мүчө болгон мамлекеттер тез арада жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгону билинди, ошондуктан көп документтерди өзгөртүү керек болуп турат. Мисалы Уставга өзгөртүү киргизүү керек. Ошондой эле бул уюмду түзүү боюнча келишимдер бар. Ошол уюмдун ичиндеги, мисалы биргелешкен куралдуу күчтөрдүн тез жардам куралдуу күчтөрүн киргизиш үчүн жаңы механизмдерди ойлоп, иштеп чыгыш керек болуп атат. Ошол боюнча келишимдин долбоору сунушталышы мүмкүн. Ошол биз үчүн эң негизги жана кызык маселе болуп саналат.

"Азаттык": Эки маселе боюнча да тактоо иретинде суроо. Эки жыл мурда Орусия жана Кыргызстан президенттери экинчи база негиздөө боюнча Чолпон-Атада меморандумга кол коюшпады беле. Ушул маселе азыр кайсы стадияда турат?

Руслан Казакбаев: Өзүңүздөр айтып кеткендей, мен бир канча ай мурун билдирдим эле, Орусиянын базасынын 10-июндагы Ош коогалаңынан кийин ошол жерде болушунун бизге өзгөчө муктаждыгы болду, ошол убакта булар көп жардам бере алат эле деп.

Орусиянын экинчи базасын ачуусу боюнча расмий түрдөгү сүйлөшүүлөр жок. Коргоо министрликтеринин арасында бул жерде Канттагы болгон Жамааттык коопсуздук келишимге тиешелүү болгон Орусиянын базасы, башка жердеги базалар жөнүндө, алардын жайгашуусу, бул жерде болгон шарттары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, ошондой эле Орусия коргонуу күчтөрүнүн биздин коргонуу күчтөргө, 7-апрелден бери 10-июндагы Ош коогалаңынан кийин жардамдар болбодубу. Ошол жардамдар боюнча сүйлөшүүлөр болду. Бирок түштүктө аскерий базаны ачуу боюнча расмий сүйлөшүүлөр жүргөн жок.

2009-жылы ЖККУ саммити Ысык-Көлдө өткөн. Ошондо биздин эски бийлик менен Орусиянын өкмөтү арасында экинчи база ачуу боюнча(аскердик машыгуу базасын ачуу боюнча) сүйлөшүүлөр болуп, меморандумга кол коюлган. Кыргыз тарап Баткенде ачууну, Орусия өкмөтүнүн Коргоо министрлигинин эксперттери Ошто ачууну сунуштап, сүйлөшүүлөр болуп, кийин токтоп калган. Андан кийин бизде көп саясий окуялар болуп кетти. Ошондон кийин ал уланган жок.

"Азаттык": Кыргызстандагы бөлүктөрдү, объектилерди деп жүрөбүз го, бирдиктүү база кылып кайра түзүү маселеси да ЖККУ жетекчилиги тарабынан көтөрүлгөнү бар. Саммите бул маселе козголушу мүмүнбү? Орусиянын бул демилгеси ишке ашса Кыргызстан кандай пайда таба алат?

Руслан Казакбаев: Бул жолку саммиттин күн тартибинде мындай маселе жок. Бирок эки тараптуу көрүшүүлөр болушу мүмкүн, ошондо бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Бул жердеги бардык Орусия Коргоо министрлигинин объектилерин бириктирүү боюнча бул сүйлөшүүлөр чындыгында эле башталган. Аны Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Орусиянын Коргоо министрлигинин эксперттеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп аткан, анын жыйынтыгы кийин ачык болгондо билдиребиз.

Сындалган жана мактоого алынган ЕККУ

"Азаттык": Ош окуясы албетте ар бир учурда, ар бир жолугушууларда орчундуу, актуалдуу маселелердин бири болуп атат. Өзбекстан ЕККУну Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуясын болтурбоого эч кандай салым кошо алган жок деп сындады. Өзбекстандын Тышкы иштер министри Владимир Нуровдун мындай билдирүүсү канчалык сизди ынандыра алды?

Руслан Казакбаев: Бул чындыгында татаал суроо. Кыргызстандагы окуялар боюнча серепчилер, саясатка кызыккан билим, илим адамдары тарабынан ЕККУнун Кыргызстандагы болгон иштерине ар түрдүү баа берилип атат.
Полициялык кеңешме тобу эгер убагында кире турган болсо, көп пайдалуу иш кыла турган топ эле.


ЕККУ бул жылы Казакстандын төрагалыгы астында жумуш жүргүзүшпөдүбү, ошол ЕККУнун өзүнүн механизмдеринде кемчиликтер көп деп санайм. Бул Астанада болгон саммитте дагы каралды. Мисалы, бул жердеги көп маселелер ал жерде консенсус, мүчө болгон 56 мамлекеттин бардыгы макул болгондо гана иш жүзүнө аша алат, кандай гана чечим болбосун. Ошондуктан көп механизмдерин азыркы заманга жараша, ар жерде ар кандай жаңы коопсуздук маселелер чыгып атканда, ошого байланыштуу, азыркы турмушка тиешелүү болуп аны кеңейтиш керек. Тилекке каршы ал жумуш акырындап-акырындап жүрүп атат.

Бирок Кыргызстандагы окуяга байланыштуу ЕККУ азыркы иштеп аткан механизминин ченеминде жакшы иштерди кылды. Биринчи күндөн баштап эле Казакстандын төрагалыгы астында, ошондой эле Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин көп сунуштары менен 7-апрелдеги окуядан кийин эле колдон келгенин жасашты. Мурунку президенттин Кыргызстандан чыгып кетүү маселеси, Кыргызстанда күндөн-күнгө татаалдап аткан Оштогу окуяларды стабилдештирүүдө Казакстан өкмөтүнүн көп салымдары болду деп айталат элем.

Биз полициялык кеңешме тобу боюнча кайрылдык. Бирок бул жерде көрдүңүздөр, эгер убагында кире турган болсо, көп пайдалуу иш кыла турган топ эле. Бирок чечимди кабыл алуу механизми татаал болгон үчүн көпкө чейин созулуп кетти. Анын ичинде биз өзүбүздүн күч менен жана башка дос, бир тууган кошуна мамлекеттердин аз да болсо жардамдары болду, ошол жардамдардын негизинде жагдайды ордуна келтире алдык деп айталат элем.

"Азаттык": Өткөндө Отунбаева айым да полиция тобу Кыргызстанга жаңы долбоордун чегинде келген атат, бул боюнча Ички иштер министрлиги менен макулдашуулар болду, жүрдү деп айтты. Ошол полиция эми качан ишке кириши мүмкүн?

Руслан Казакбаев: Жагдайга жараша мурунку полициялык кеңешме тобунун киришинин эч кандай муктаждыгы болбой калган үчүн, бул жерде Бишкекте ЕККУнун кеңсеси бар, ошонун негизинде Кыргызстандагы тартип коргоо органдарына жардам деген мурунтадан иштелип келаткан чоң долбоорлор бар эле. Ошол долбоордун негизинде жаңы форматка кирди. Ал формат боюнча ошол эле ЕККУга мүчө болгон мамлекеттердин полициялык кеңешме тобуна бөлүнгөн каражаттар эми биздин тартип коргоо органдарына колдонуп, системаны жакшыртуу жана реформалоо боюнча ар түрдүү долбоорлорго каржылана тургандыгы боюнча сөз болду. Ал ишти биздин Ички иштер министрлиги жүргүзүп атат. Ички иштер министринин орун басары Австриядагы туруктуу комиссиясында сөз сүйлөп, мүчө болгон мамлекеттердин баарын ынандырып келип, эми ал иш башталды. Ал чечимдин ишке ашышына Астанадагы саммитти күтүп аткан, эми саммит бүттү, Ички иштер министрилиги улантып атат, жакын арада алар келиши мүмкүн.
Орусиянын экинчи базасын ачуусу боюнча расмий түрдөгү сүйлөшүүлөр жок.



"Азаттык": Жакында эле ЕККУнун улуттук азчылыктары боюнча комиссары Кнут Воллебек Кыргызстандагы улуттук азчылыктар ортосундагы кагылышуу кайра кайталанып кетеби деген кооптонуусун билдирди. Эмне үчүн ушундай көз карашты ЕККУнун өкүлү айтып атат?

Руслан Казакбаев: Ооба, чындыгында эле Кнут Воллебек ошондой пикирин билдирди. Ал пикирди билдирерден мурун бул жерге келип сүйлөштүк. Биздин президентибиз Роза Отунбаева менен жана башка өкүлдөр менен сүйлөшкөндөн кийин көп маселелер чечилип, алып салдык десек болот. Бирок ал киши өзү келип түштүктө да болду, ал жакта биздин жергиликтүү органдар менен, Кыргызстандын жарандары болгон ар түрдүү улуттар менен сүйлөштү. Ар түрдүү пикирлер болушу мүмкүн. Ал эл аралык уюмдун комиссиянын жетекчиси катары өз пикирин билдирди.

Кеп ээрчиген Mina Corp.

"Азаттык": АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым жакында биздин өлкөгө сапары учурунда Кыргызстанга жардам берүү тууралуу айткандыгы кабарланды эле. АКШ кандай жардам бериши мүмкүн, акчалайбы, же техникалыкпы? Бул тууралуу Бишкек сапарында так айтылдыбы?

Руслан Казакбаев: Көп жакшы маселелер сүйлөшүлдү. Анын бардыгы келечекте ишке ашса сиздер менен кеңири пикир бөлүшөбүз. Азыр айтып кетерим, АКШ мамлекети, ошондой эле АКШнын президенти 7-апрелдеги саясий окуялардан баштап эле көп жардам берип атышты. Эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык өнүктүрүү боюнча фонд боюнча көп сөз болуп, канча жылдан бери келатат эле. Жакын арада ошол фонддун ичинде 20 млн. жардам берүү боюнча келишимге Тышкы иштер министрлигинде кол коюлду. Эми ал фонд иштей баштайт.

Анын сыртында да БУУнун ар түрдүү программалары аркылуу жана ошондой эле АКШнын өзүнүн дагы бул жерде иштеп аткан долбоорлору, уюмдары көп, ошолор аркылуу түштүктү кайра калыбына келтирүү, ал жактагы курулуштарга жардам берүү боюнча, финансылык, гуманитардык, анын тышында ар түрдүү моралдык жана саясий жардамдарын да берип келатышат.

"Азаттык":“Вашингтон пост” гезитинин жазышында Клинтон айым Бишкек сапарында Кыргызстанда жайгашкан АКШ базасы үчүн каражатты көбөйтүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн талаптарын аткара тургандыгын айткан экен. Кыргыз өкмөтү АКШга каржылык кандай талаптарды койду жана коюп жатат?

Руслан Казакбаев: Жаңы финансылык же эсеп жөнүндө сүйлөшүүлөр уланат деп айтат элем. Бирок бул жердеги АКШ базасына күйүүчү май ташуу боюнча көп ар түрдүү коррупциялык системалар иштеген. Мисалы күйүүчү май Орусиядан келип, башка мамлекеттерге реэкспортко кетип, жыйынтыгында орус өкмөтү бизге Орусиядан келе турган күйүүчү майларга кошула турган экспорттук салыктарды көбөйтүп жиберип, чындыгында эле кыйын абалга туш болдук.
Кыргызстандагы окуяга байланыштуу ЕККУ азыркы иштеп аткан механизминин ченеминде жакшы иштерди кылды.


7-апрелден кийин келген Убактылуу өкмөт анын үстүндө иштеп, Орусия өкмөтү менен, АКШ өкмөтү менен көп көрүшүүлөр болуп атат. Тилекке каршы Пентагондун тендеринде мурунку эле компаниялардын утуп алганы биз үчүн таң калычтуу окуя болду деп эсептесек болот. Ошон үчүн Тышкы иштер министрлиги тарабынан АКШ өкмөтүнө кайрылуу жасап, мурунку коррупцияга байланган компанияларды кайрадан тендерге киргизбөө, аларды тендерден алып салуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылдык, эми кандай чечилет ал АКШ өкмөтүнүн иши. Бирок бул жерде күйүүчү май боюнча орток ишкана жөнүндө сөз болуп атат. Орусиянын, Кыргызстандын, АКШнын компаниялары бириктирип, ачык, көрүнүктүү кылып, чыгып аткан күйүүчү майды, алардын баасын, эсеп-кысабын элге ачык-айкын болгон орток ишкана түзүү боюнча сөз болуп атат.

"Азаттык": Каражатты көбөйтүү жөнүндө эч кандай конкреттүү талаптар коюла элекпи?

Руслан Казакбаев: Каражатты көбөйтүү боюнча да иш жүрүп атат. Бирок, өзүңүздөр билгендей, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым бул маселе боюнча АКШ өкмөтү тарабынан биздин кызыкчылык эсепке алынаары жана биздин шарттар ойлонулуп, ал шарттар аткарыла тургандыгы боюнча билдирүү айтылды, аны өзүңүз да уктуңуз.

"Азаттык": Шарт жөнүндө азыр ачыктабайсыздар да?

Руслан Казакбаев: Аны аягына жеткенден кийин сүйлөшөлү.

- “Викиликс” сайты дүйнөлүк чоң оюнчулардын айланасында жабык деп саналган эң эле чуулгандуу маалыматтарды таратууну дагы эле улантып жатат. “Викиликстеги” маалыматтардын арасында АКШнын Кыргызстандагы база тууралуу да сөз болбоду беле. Дегеле ушул таратылган маалыматтар Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?

Руслан Казакбаев: “Викиликс” маалыматтары жөнүндө коңшу мамлекеттердин мамлекеттик башчылары, өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери өз пикирлерин айтпадыбы. Аягына чейин күтөлү, анан айтылгандар боюнча ар бир мамлекет өзүнчө талдасын, алар чындыгында эле болгонбу, же бурмаланган маалыматтарбы деп. Мен да ошондой айтаар элем, Кыргызстан боюнча болгон маалыматтардын арасында өзүңүздөр да суроо бергенсиздер, Кытай элчилиги менен АКШнын элчиси ортосундагы сүйлөшүү боюнча Кытай мамлекети базага байланыштуу 3 млрд. акча бөлүп атыптыр деп айтпадыбы. Ал бурмаланган маалыматтар, аны мен айткам, дагы бир жолу кайталайм. Кытайдын статистика комитетинин эсептөөсү боюча Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода байланыштын жалпы көлөмү 3 млрд. деп белгиленет. Ошол жөнүндө сөз болуп атса керек, расмий сүйлөшүү болгон эмес.
XS
SM
MD
LG