Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Расмий Вашингтон алдамчылык үчүн айыптап жаткан Максим Бакиевди экстрадициялоо боюнча Британия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кошмо Штаттарга экстрадициялоо чечилсе, кенже Бакиевге 20 жылдан 40 жылга чейин жаза чектелиши мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы, депутат Каныбек Иманалиев АКШ сапарынын жыйынтыгы боюнча “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Депутат АКШга экономикалык кызматташтык боюнча “АКШ-Түркия” жылдык жыйынына катышуу үчүн барып, анын алкагында АКШнын жана Эл аралык уюмдардын бир катар расмий өкүлдөрү менен жолугушкан.

Ата-бала Бакиевдердин айыбын ачуунун үч жолу

Каныбек Иманалиев
: АКШ конгрессинде үч күн ар кандай жолугушуулар болду. Бул – АКШнын белгилүү конгрессмендери Жозефф Питтц, Прайс, Обама партиясынын лидери, парламенттеги мурунку спикер, азыр фракция башчысы Пеносил, Мамдепартаментте мамкатчынын орун басары Роберт Блейк менен жолугуштук. Нью-Йоркто БУУнун, ЮСАИДдин жетекчилиги, Сорос мырза менен жолуктум. Демократия институтунда, Карнеги фондунда болдум. Жалпысынан кыргыз-америка кызматташтыгы жөнүндө сөз болду.

“Азаттык”: Негизи программаңыз абдан тыкыр болгон экен...

Каныбек Иманалиев: Он жети жолугушуу болду.

“Азаттык”: Мазмуну кандай болду? Кандай жүк менен келдиңиз?

Каныбек Иманалиев: Биринчиден, Дүйнөлүк банктан Кыргызстанга 1 млрд. доллар жардам каралган болчу. Анын 200 миллион доллардайы калган. Мен барганда чечим кабыл алышты, быйылкы жылдагы программасына ылайык 3 миллиондой даана окуу китебине жардам беребиз дешти. Анын 55 пайызы - кредит, 45 пайызы - грант.

Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын чон тажрыйбасы бар. Аларда атайын адистер иштешет. Эгер Кыргызстан тараптан атайын кайрылуу-өтүнүчтөр болсо Бакиевдердин чыгарып кеткен активдерин өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөр менен иликтеп, тапканга аракет кылабыз дешти. Ушул эле маселе боюнча БУУнун Өнүктүрүү программасынын регионалдык директору Жейхан Султан оглы менен жолукканда сөз болду. Ал Кыргызстанды абдан жакшы көрөт экен.

Борбордук аянт – режимдик объект эмес. Тынч митингге чыккандарды аткан, куралдуу күчтөрдү колдонгон дүйнөдө чоң кылмыш болуп эсептелет. Адамгерчиликке каршы кылмыш деп эсептелет экен. 7-апрель боюнча иликтөө үч жылга созулуп кетти. Бизде эч кимиси жазасын ала элек. Бирок кайсы көзгө атар же офицер кайсы адамды аткан деп, так иликтегенге аракет кылып атышат.

7-апрель, 2010-жыл

7-апрель, 2010-жыл

Биз бул маселени бийигирээк карашыбыз керек. 80ден ашык киши өлдү, 1500дөй киши жарадар болду. Дүйнөлүк тажрыйбада аскер башчысы (ошол учурда Курманбек Бакиев) куралдуу күчтөрдү өз элин атканга пайдаланган оор кылмыш, биз ошону далилдешибиз керек, ок атылганы чын, адамдар өлгөнү чын. Биз ошону БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын тиешелүү резолюция кабыл алышына демилге кылышыбыз керек. Муну же өкмөттүк эмес уюмдар же мамлекеттик органдар, башкача айтканда Башкы прокуратура жасашы керек. БУУ андай шартта өз адистерин бөлүп, резолюция кабыл алганга жардам беребиз деди.

“Азаттык”: Ал үчүн атайын макулдашуу зарыл бекен?

Каныбек Иманалиев: Жок, биз кайрылуу жиберебиз. Алар адистерин жиберишет. Бизден комиссия түзүлүшү мүмкүн.

Анан Роберт Блейк да жолугушууда элчи Мухтар Жумалиевдин көзүнчө айтты. "Биз силердин тартип коргоо органдарга кайсы эпизоддор боюнча кылмыш ишин козгодуңар деп сурап, кат жибергенбиз" деди. Ага да биздин тартип коргоо органдарынын шалаакылыгынан жооп жибериле элек экен. Эң кызыгы, мен БУУда болгон учурда “эмне үчүн Кадыржан Батыровго ЕККУнун, БУУнун трибунасында сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бересиңер” деп сурасам эл аралык издөө жарыяланбаптыр дешти. Бул да тартип коргоо органдарынын шалаакылыгы болушу керек. Бул маселени парламентте көтөрөбүз.

Мамдепартаменттеги жолугушууда “Максим Бакиев боюнча Америка кандай жардам бере алат?” деген суроого Роберт Блейк маанилүү жооп айтты. АКШ аны экстрадициялоо боюнча Британия менен сүйлөшүп жатыптыр. Эгер кылмышы далилденсе, АКШ мыйзамы боюнча ал 20 жылдан 40 жылга чейин кесилиши мүмкүн экен. Ошондон кийин гана Кыргызстанга экстрадиция кыла алабыз дейт. Бирок АКШ менен Кыргызстан ортосунда кылмышкерлерди алмашуу боюнча келишимге кол коюла элек экен. Ошо документиңерди даярдай берсеңер болот деди.

“Азаттык”: Бул демилгелерди ишке киргизүүгө канча убакыт талап кылынат?

Каныбек Иманалиев: Максим Бакиев боюнча майда Англия соту карайт. Ошондон кийин белгилүү болуп калат. Калгандары көп убакытты алышы мүмкүн. Мисалы, мен ошол жакта сүйлөшкөн эксперттердин айтуусуна караганда, Бакиевдердин чет элдик эсептерин биз бергенден кийин андан ары жеке иликтөөчү бюролор менен Кыргыз өкмөтү келишим түзүшү керек болот. Бул болжолу 4-5 млн. доллар турат. Мынча акча тапса, мынча сумма алат деп келишим түзөт. Бул өтө дыкат ишти талап кылат. Эл аралык квалификациясы бар юристтер, иликтөөчүлөр, адвокаттар керек болот.

“Азаттык”: Кыргыз бийлиги ошону жасайбы?

Каныбек Иманалиев: Биз муну жакында же коалициянын чогулушунда же сессияда көтөрүп чыгабыз. Көзөмөлгө алабыз деп ойлойм.

“Азаттык”: Сиз Роберт Блейк менен жолугуштум деп атпайсызбы. Транзиттик базанын айланасында сөз болдубу?

Каныбек Иманалиев: Мага да таң калычтуусу – эксперттер, конгрессмендер, Роберт Блейк менен жолугушууларда, суроо-жооптордо бул маселе көтөрүлгөн жок. Алар көтөрбөгөндөн кийин мен да айткан жокмун. Биринчиден, Ооганстандын ички абалы кыйын. Экинчиден, Карзай менен АКШнын сүйлөшүүсү өтө кыйын болуп атат. Ошондуктан ал маселени толук чечмейинче АКШ аскерлери калар-калбас маселесине кайрылуу эрте деп ойлошсо керек.

Тескерисинче, Бажы биримдигине кирип атканыбызга тынчсызданышты. Мен бул саясий биримдик эмес деп айттым. Бул - соода биримдиги. Мамлекеттин үстүнөн карай турган түзүм болбойт. Анын үстүнө сооданын 70 пайызы Орусия, Беларус, Казакстан менен. Бир миллион жараныбыз Орусияда жүрөт. Ошондуктан биз ага кирүүгө аргасызбыз. Бирок биз Орусиядан жеңилдик сурайбыз деп түшүндүрмө бердим.

“Азаттык”: Сиз саясий элитанын бир тобу менен жолуккан экенсиз. Бир топ талдоочулар транзиттик борбор кетсе, АКШнын Кыргызстанга кызыкчылыгы азаят деген пикирди айтып атышат. Кыргызстан менен кызматташтык багытында кандай маанайды байкадыңыз?

Каныбек Иманалиев: Мындан эки-үч жыл мурун, балким, парламентке мындай кызыгуу болбос эле. Түрк тилдүү элдердин жыйынына 40 конгрессмен, 8 сенатор келди. Айрыкча эң таасирдүү адам Пиллосинин келгени альянстын аброюнан кабар берет. Ал эми сиз айткан боюнча Роберт Блейк айтты, биздин Орто Азия мамлекеттери, асырэсе Кыргызстанда Ооганстанга карабай геосаясий кызыкчылык кала берет деди. Конгрессмендер да ушуну айтышты. Ошон үчүн Питтс да апрелде Кыргызстанга келатат. Транзиттик борбор боюнча болсо биздин президент өз оюн айткан.

"Азаттык" биринчи орунда турат

“Азаттык”: Бүгүнкү ушу сиз интервью берип жаткан 18-март күнү “Азаттыктын” түптөлгөнүнө 60 жыл толуп жатат. “Азаттыктын” Кыргызстандагы орду кандай? Кандай баа бересиз?

Каныбек Иманалиев: Мен да Нью-Йорктон элчиден Азамат Алтайдын китепканасы кайда калды деп сурадым. Мен ал кишинин интервьюсун окудум эле. Бүткүл дүйнөгө угулбай турган кезде Азамат Алтай радио аркылуу кыргыз үнүн угузган. Чет жердеги кыргыздардын тарыхын чогултуп жүргөн. Чогултуп, жообун айтам деди.

Экинчиден, биздин демократиялык аң-сезимдин, эркин басма сөздүн өнүгүшүнө “Азаттыктын” таасири биринчи орунда деп ойлойм. Журналисттер туура түшүнөт болуш керек. Акыркы жыйырма жылда ар кандай окуялар болду. "Азаттыктын" оозун эч ким жаба алган жок. “Азаттыктын” журналисттери Би-Би-Си сыяктуу эле дүйнөлүк стандартта иштөөнүн үлгүсүн көрсөттү. “Азаттык” эркин басма сөздүн, туура маалымат берүүнүн жана ар кандай көз караштагы саясий лидерлердин ойлорун элге жеткирүүдө чоң таасир көрсөттү.

“Азаттыктын” 60 жылдагы тарыхы эбегейсиз. Бул жөнүндө Азамат Алтай да китебинде жазган. Дагы көп китептер жазылат болуш керек. Журналист кесиптештериме ийгилик, жакшылык каалайм!
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG