Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча эки миңден ашуун кыргызстандык абактарда отурат. Алардын көпчүлүгү Орусияда.

Адвокаттардын айтымында, акыркы кездерде бул өлкөдө адам өлтүрүү жана зордуктоо беренелери боюнча соттолгондор көбөйүүдө. Мындан сырткары маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн соттолгондор да арбын.

Өзүн Айнагүл деп тааныштырган келин мындан беш жыл илгери жолдошу менен бирге Кыргызстандан Орусияга жумуш издеп аттанган. Алар деле четтеги миңдеген мигранттар сыяктуу тырмалап тапкан акчасына үй-бүлөсүн багып, артканын чогултчу.

Ошентип бир аз чогулткан акчасына иш баштайбыз деп турган үй-бүлөнүн тагдыры оор абалга кептелди. 2011-жылы Айнагүлдүн күйөөсү Нурбек кылмышкер катары кармалып, беш жылга кесилип кетти.

- Жолдошум досу экөө чет өлкөлүк жарандар менен бирге бизнес ачабыз дешкен. Бирок алар буларды алдап, “отургузуп” кетишти. Милицияга арыз жазып, өздөрү качып кетишиптир, таппай, далилдей албай калдык. Баары бир үмүттөнөт экенсиң. Соттун башка чечими чыгып калабы деп, кайра-кайра кайрылып күтүп отурабыз.

Нурбек сыяктуу чет өлкөдө ар кандай себеп менен кылмышка кириптер болгон кыргызстандыктардын саны жыл санап көбөйүүдө.

Кыргызды кыргыз сотко бергенде...

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта майда бейбаштыктан тарта маңзат ташып, киши өлтүрдү, зордуктады, каракчылык кылды делген 2110 кыргызстандык дүйнөнүн 20 чакты өлкөсүндө темир тор артында отурат. Алсак, Орусияда 1700 кыргызстандык эркинен ажыратылган. Андан тышкары 200дөн ашууну Казакстанда, алтымыштайы Өзбекстанда, калгандары Түркия, Индия, Индонезия, Иран, Пакистан, Бириккен Араб Эмирлиги, Кытай, АКШ жана Европа өлкөлөрүндө.

Кылмышка кабылган кыргызстандык мигранттар, маселен, Европада көп учурда документи жок үчүн камалып, кайра бошотулат. Ал эми Орусия менен Казакстанда оор кылмыш менен кармалгандар өтө эле көп. Алар адатта уурулук, зордуктоо же болбосо ошол жактагы кыргыздар менен чыр-чатакка катышып, айыпка жыгылышат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Ибрагим Асанов да “Азаттыкка” курган маегинде бул фактыны бышыктады.

- Бул жакка келгендердин саны да көбөйүп жатпайбы. Кыргызстандан келген жаштардын арасында орусча билбеген,дер мыйзамды сактабагандар, түшүнбөгөндөр көп. Мисалы, Москвада алдап, талап-тоногон, каракчылык кылган, зордуктаган учурлар көп.

Айниса Назарова Москвада сегиз жылдан бери адвокат болуп иштейт. Ал кылмышка кириптер болгон кыргыздардын таламын сотто талашып жүрөт. Анын белгилешинче, соңку жылдары Орусияда зордуктоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча соттолгон кыргызстандыктардын саны өскөн экен.

- Эмнегедир ушул жылы зордуктоо беренеси менен соттолгон кыргызстандыктар көп болуп жатат. "Кантип зордуктоого барасыңар" деп мен да таң калып жатам. Негизи бул иш эки тараптын макулдугу менен эле болуп атат. Бирок кыздар бир аз тыйын таап калайын деп ойлойбу, айтор арыз жазышат. Кыргыздын баары 131-берене (зордуктоо) боюнча кетип атат. Күнүнө үч сотко барам. Андан сырткары 105-берене (адам өлтүрүү) боюнча камалгандар да көп. Өздөрүнүкүн өздөрү өлтүрүп жатат, кыргыз кыргызды сотко берип жатат.

Маңзат ташыгандарды аяшпайт

Чет жерде камалгандардын дагы бир бөлүгүн маңзат ташып шугулдангандар жана чек араны мыйзамсыз басып өткөндөр түзөт. Салыштырмалуу Орусияда маңзат аткезчилигинен улам абакка түшкөндөр сейрек болгону менен Кытай, Индонезия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстанда соттолгондордун басымдуу бөлүгү дал ушундай кинеге кабылгандар. Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулу Сейит Убукеев буларга токтолду:

- Тилекке каршы Казакстанда камалгандардын көбү маңзат аткезчилигине байланыштуу. Жөнөкөй жаранды маңзаттын кайсы бир бөлүгүн темир жол же аба каттамы аркылуу өткөрүп берүүнү суранган учурлар кездешет. Ошондон улам канчалаган тагдырлар талкаланып жатат.

Убукеевдин белгилешинче, Казакстанда камалгандардын жарымына сот өкүмү угузулса, теңинин иши тергөөдө. Айрымдарын жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөө боюнча тиешелүү органдар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Айрым өлкөлөрдө маңзат аткезчилиги оор кылмыштар катарына киргендиктен бул берене боюнча камалгандар өлүм жазасына тартылып, же өмүр бою абакка кесилет. Мыйзамы катаал Кытайда 14 кыргызстандык ушул берене менен соттолгон. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Жээнбек Кулубаевдин айтымында, ал жакта жалпысынан 20 жаран темир тор артында күн өткөрүүдө.

- Биздин 20 жаран Кытай түрмөсүндө отурат. Алардын 14ү героин алып барып кармалган. Кытайда мыйзам абдан күчтүү, 50 граммдан жогору маңзат менен кармалгандар атууга кетет. Биздин жарандардын көбү бир килодон жогору алып келген шарттар болгон. Андан тышкары үч жараныбыз Кытайда иштеп жүрүп, кырсык болуп, эки кытайлыкты өлтүрүп кармалган. Экөө уурулук менен кармалган. Алардын иштери элчиликтин көзөмөлүндө.

Ал эми Бириккен Араб Эмирлигинде да соттолгон үч кишинин бирөө маңзатка байланыштуу өмүр бою түрмөгө кесилген. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү консулу Бакыт Түнгатаров билдирди.

- Ушул тапта кыргызстандык үч жаран Дубайда борбордук Ал-Авир түрмөсүндө отурушат. Алардын бирөө мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча өмүр бою кесилген. Экөө машине уурдаганы үчүн камалышкан. Негизинен башка мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу кыргызстандыктарга көп доомат жок. Биздин жарандар көп учурда визага жана спирт ичимдикке байланыштуу кармалып, айыппул төлөшөт.

Өз тагдыры өз колунда

Соңку кезде Индияда сексуалдык бизнес менен шугулданган кыргызстандык кыздар көп кармалууда. Элчиликтен билдиришкендей, сойкуларга каршы атайын мыйзам болбогону менен полиция аларды катуу көзөмөлдөйт.

Адатта чет жакта камалган кыргызстандыктар сотто административдик иштерде гана утуп чыкпаса, оор кылмыш жасады дегендер акталган эмес. Алардын катарында коомчулуктун назарын буруп, көп талкуу жараткан Жибек Сакеева аттуу кыргызстандыктын ишин айтууга болот. 23 жаштагы Жибек Сакеева 2010-жылдын октябрь айында Индонезияда “маңзат соодасы менен шугулданган” деген айып менен кармалып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, акыркы жылдары Орусияда түрмөгө түшкөндөрдөн 10го чукул адам Кыргызстанга кайтарылып берилген. Анткен менен Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү чет өлкөдө кылмыш жасап, камакка алынган кыргызстандык жарандардын саны айтылгандан да көп болушу мүмкүндүгүн божомолдошот.

Ошентип чет өлкөлөргө мигрант болуп кетип, кылмышка кириптер болгон кыргызстандыктардын айрымдары гана элчилик, министрлик тарабынан жардам ала алса, кээ бирлери өз тагдыры менен өзү гана алпурушуп кала берүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG