Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Британияда 91 кыргызстандык добуш берүүгө акылуу


Лондондогу кыргыз элчилиги жайгашкан имарат.
Лондондогу кыргыз элчилиги жайгашкан имарат.

Британияда жашап жаткан кыргызстандыктар арасында биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана консулдук каттоодо турган 91 жаран референдум үчүн добуш берүүгө акылуу.

Аталган өлкөдө окуп жана жашап жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны жүздөп саналат. Бейрасмий эки миңдин тегерегинде.

Элчиликтен кабарлашкандай, алардын басымдуу Лондон шаарынан алыста турушат. Британ калаасынан сырткары Шотландияда, Уэльсте, Түндүк Ирландияда жана Англиянын алыскы аймактарында да кыргызстандыктар бар.

Добушкана Лондондогу дипломатиялык өкүлчүлүктө гана жайгашкан.

Британия Кыргызстандан алты саат артта.

11-декабрда өтүп жаткан референдум үчүн 25 мамлекеттеги кыргызстандыктарга 35 шайлоо участкасы ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG