Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

31-май - Тамеки тартууга каршы күн. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Жер жүзүндө ар бир он секунд сайын тамеки тарткан бир киши өпкө рагынан каза табат. Кыргызстанда 2006-жылдан бери чылым чеккендердин саны 56 пайызга өскөн. Ал эми тамекиге азгырылган кыз-келиндердин саны акыркы он жылда 25-30 эсеге өскөн.

Катышуучулар: Бишкектеги “Демнур” медициналык борборунун директору, врач Шайлообек Өмүралиев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамекиге каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасарова.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

1-бөлүк



2-бөлүк




“Азаттык”: Кыргызстанда 2006-жылдан бери чылым чеккендердин саны 56% чейин өсүптүр. Бул сан кандайча аныкталат жана эмнеге тамеки тарткандар көбөйүп атат?

Чынара Бекбасарова: 56% бул эркектердин арасындагы көрсөткүч. Негизи азыр андан да көп болуш керек. Анкткени бул бир топ мурда өткөрүлгөн изилдөөнүн негизинде айтылып атат. Азыркы күндө министрликтин каржылоо маселеси начар болгондуктан толук изилдөөлөр акыркы 3-4 жылда өткөрүлө элек. Азыр болсо салыштырмалуу айыл жеринде жашаган эркектер арасында чылым чеккендер көбөйүүдө. Бул маалыматтын жетишсиздигине жараша болуп жатат деп ойлоп жатабыз.

Чылым чеккендердин санынын көбөйүшүн тамекинин биздин базарга түшкөнгө чейинки санына да карап аныктайбыз. Каржылоо маселеси 1998-жылдан бери эле чечилбей келатат. Өкмөткө каржылоо боюнча мыйзам долбоорду киргизсек ал өткөн жок. Бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдө орто жаштан жогору тамеки тарткандардын саны азайган менен жаштар арасында дале көп.

Шайлообек Өмүралиев: Бишкекте стоматологиялык борборлордун жана тиш догдурлардын көбөйүшү – бул тиштин талкаланышын көрсөтүп турат. Он жыл тамеки чеккен кишинин 32 тишинин 75% талкаланат. Өкүнүчтүүсү балдардын, өспүрүмдөрдүн арасында тамеки тарткандар көбөйүп атат. Келечекте эне, ата болчулар өз ден соолугун билбей жатат. Бул маңкурттук деп эсептелет.

​Мында Саламаттыкты сактоо министрлигинин чоң күнөөсү бар. Азыр санитардык-агартуу иштери өтө начар абалда жүрүүдө. Бүгүн тамеки тартууга каршы күн. Биз бир күн менен ишти токтотпошубуз керек. Тамекини Кыргызстандан айдап чыкмайынча жыл бою күрөшүүгө туура келет. Бүгүн Европа тамекини таштанды катары сүрүп чыкты.

Кыргызстан ошол таштандыны алып, өнүгө албай бечел болуп жатабыз. Кыргызда “бечелге жөтөлдүн кереги не” деген сөз бар, бизге жөтөлдүн кереги жок. Бул жерде мен эмес журт башы, президент отуруп сүйлөш керек болчу. Ушул арак, тамеки бизге керекпи, таштайлыбы деп айтыш керек болчу. Бул жерде акча, каражаттын кереги жок. Эгер журт башы, өкмөт башы көңүлдөнсө эл көтөрөт.

Тамекини таштаган Улан Асаналиев аттуу угарман да "Азаттык" менен ой бөлүштү: Тамеки илдетин таштоого мага Аллен Каррдын “Тамекини жеңил таштоо” деген китеби жардам берди. Ошол китепти окугандан кийин мен тамеки тартуу – бул көз карандылык, муктаждык эмес, жаман адат экенин чындап түшүндүм. Жаман адатты түп орду менен жок кылууга болот. Ал эми көз карандылыкты жоюу оор болуш керек. Ошондуктан муну жаман адат деп аң сезимге сиңиргенден кийин таштап койдум окшойт.

Аралашып жүргөн балдардын, мектептеги балдардын таасири го. Эл менен теңелейин деген нерсе го. Мектептен бир аз кызыгып тартып койчумун. Анан студент болгондо бул нерсе илдетке айланып, күнүнө эки пачкага чейин тамекини тартып коёр элем. Азыр кээде өзүмдү сынап тартып көрөм. Бирди алып тартып, аягына чыга албайм. Өзүмдү жаман сезип, көңүлүм айнып кетет.

Тамеки таштоонун дагы бир эң мыкты ыкмасы - бул спорт менен машыгуу. Бир ай бою турнир болуп, күнүгө эки-үч сааттан футбол ойноп калдык. Кечке жүгүрүп жүрүп, өпкөгө күч келгенде тамеки тартмак тургай, дем алгың да келбей калат эмеспи.

Маалымат үчүн: Тамеки 25 түрлүү оорунун келип чыгышына себепкер боло алат. Жер жүзүндө ар бир он секунд сайын тамеки тарткан бир киши өпкө рагынан каза табат. Кыргызстанда 2006-жылдан бери чылым чеккендердин саны 56% өскөн. Ал эми тамекиге азгырылган кыз-келиндердин саны акыркы он жылда 25-30 эсеге өскөн. Тамекиден мээ, омуртка, өпкө, бөйрөк, жүрөк, тил, ашказан, кан тамырлар, кекиртек жана башка органдар зыян тартат. Ал эми жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунда турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG