Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Цыгандардын ыры жана сыры


Цыгандар ырдагандай ырдап, бийлегендей бийлеш үчүн үйрөнүү же окуу жетишсиз. Ал үчүн цыган болуп гана төрөлүп, цыган катары жашоо керек. Мындай пикирди бул элдин маданиятын изилдеген дээрлик бардык окумуштуулар белгилеп келишет.

“Азаттыктын” “Миң кырдуу дүйнө” рубрикасынын бул жолку чыгарылышы цыгандардын ыр, бийине арналды.

Баянды толугу менен бул жерден угуңуз.



Цыгандар ыр-бийге шыктуу калк

Гитаранын шаңдуу да, муңдуу да добушу менен цыган ырчынын жуурулушкан күчтүү үнү, кызыл-тазыл кийинген кыздардын бийи цыган музыкалык маданиятынын өзөгүн түзөт. Ыр-бийге өзгөчө шыктуу бул элдин өз өлкөсү болбосо да, алардын маданияты дүйнөнүн ар бир бурчунан түнөк таап келет.

"Бир тууган Степановдор" тобу
"Бир тууган Степановдор" тобу
Дүйнөдө бардыгы 8-10 миллиондун тегерегинде цыган бар. Бул эл көчүп, конуп жүргөндүктөн, алардын музыкалары керегелеш жашаган улуттардын маданиятынан таасирленип келген. Мындан улам мажар цыгандары, орус жана балкан цыгандарынын бири-биринен айырмаланган музыкалары бар.

Цыган таланттарынан Кыргызстан да куру эмес. “Бир тууган Степановдор” аттуу Бишкектеги жападан жалгыз цыган тобу жергиликтүү калкка 25 жылдан бери ыр-бий тартуулап келатат.

Үндөрүнүн күчтүүлүгүн ушундан көр, “Бир тууган Степановдор” бир ырдаганда үйдү, залды жаңырта ырдашат. Той-топурларга чакырылганда, элдин көңүлүн көтөрүп, элди бийге чыгарышат, кыргызча ырдашат.

Топтун жетекчиси Николай Степанов цыган эли ыр-бийге шыктуу экенин тастыктап, мындай жөндөмдү туубаса таберик катары сыпаттайт:

- Бул нерсе биздин каныбызда. Менин балам 12 жашта. Ал музыкалык билим албастан деле биз менен жарышып ырдап жатат. Кыздарыбыздын да бийлегени тубаса жөндөм. Цыган кызы чындап бийлегендей, башка улут бийлей албайт. Цыгандарга окшоштурушу мүмкүн, бирок кудум цыгандардай бийлөөгө мүмкүн эмес.

Өздөрүн шайыр адамдарбыз деп эсептеген цыгандардын салттуу музыкалык аспабы – гитара жана скрипка. Бул элдин бийинде системалуу кыймыл аракеттер жок болгону айтылып келет. Бирок дүйнөнүн ар кыл өлкөсүндө жашаган цыгандардын бийлеринде негизги окшоштуктар арбын. Маселен, цыган кыздарынын кош этектерди булгалап, ийинин, төшүн кыймылдатып бийлегенин Албаниядабы, Болгарияда, же Орусияда болобу: дээрлик бардык аймактарда бирдей учуратабыз.

Көбүнесе шаңдуу музыканын коштоосунда жерди тез-тез тепкилеп бийлөө да цыгандар арасында кеңири таралган. Испаниялык цыгандарда болсо фламенко стили басымдуулук кылат. “Бир тууган Степановдор” тобунун солисти Геннадий Степанов цыган бийлеринин түрлөрү көп экенине көңүлүн бурат:

- Биздин кандай бийлерибиз бар? Бизде испандардыкындай, индиялыктардыкына окшогон бийлер бар. Негизинен биз ырдайбыз. Кыздарыбыз бийлешет. Алар кыймыл-аракеттери менен ырдын маанисин көрсөтүп турушат.

Цыгандардын сыры

Изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, дүйнөдө мажардык, испаниялык, орусиялык жана балкан аймагындагы цыгандардын музыкасы басымдуулук кылат. Цыгандардын фольклордук ыр өнөрүндө философиялык түшүнүктөр көп кездешип, ыр кайрыктарда элдин мүнөзү, маданияты жана рухуна басым жасалат. Мындан тышкары цыган музыкасында сүйүү ырларынын да өзгөчө орду бар

Бул элдин музыкасын иликтеген немис окумуштуусу Стефан Ледерих цыгандардын ырдоо жөндөмдүүлүгүн өзгөчө бөлүп көрсөтөт. Анын эмгектерине ылайык, цыгандар башка улуттарга салыштырмалуу, башка улуттардан айырмаланып бир эле үн менен эмес, бир нече үн менен ырдашат.

Мындан тышкары үндүн вариациясы же кубулжутуп ырдоого көбүрөөк көңүл бурушат. Маселен, цыган бир ырды ырдап, аны экинчи жолу аткарганда алгач ырдаганындай ырдай албайт. Себеби ырды ар бир жолу аткарган сайын башкача кооздоп созот.

Цыган маданияты менен жакындан тааныш Кыргыз Республикасынын эл артисти Юрий Бобков цыгандардын ырлары менен бийлерин элдин жашоо шарты, кулк-мүнөзүнүн жаңырыгы катары эсептейт:

- Булар өзү эркин эл да. Эркиндигине, жашоо-турмушуна жараша ырдашат, бийлешет. Булардын жаратылышы, төрөлүшү, болгон турмушу көчмөндүк менен байланышкан. Алардын турмушу ошого ылайык.

Болочокто “Бир тууган Степановдор” тобунун катарын 18 жаштагы Гена да толуктаганы турат. Ал цыган ыры тууралуу мындай ою менен бөлүштү:

- Бардык нерсе каныбызда. Атам, байкелерим ырдап жатканын көрүп, алардан үлгү алам. Ырдап жатканда кандайдыр бир жашооңду айтып жаткандай болосуң. Ырды сезесиң. Цыган ырысыз жашоомду элестетүүгө болбойт.

Цыгандардан атактуулар чыккан

Ошентип, цыгандар жер шарынын кайсы гана бурчунда болбосун, курчаган чөйрөдөн дайыма айырмаланып келишет. Адаттан тыш кийимдери, өзгөчө ыр-бийлери, ата-бабаларынын көчмөн турмушу бул улутка өзүнчө табышмактуулук берип, музыкасын да өзгөчөлөнтүп турат.
Булар өзү эркин эл да. Эркиндигине, жашоо-турмушуна жараша ырдашат, бийлешет...

Цыгандардын музыкасы кезегинде 19-кылымдагы белгилүү мажар композитору Ференц Листтин да чыгармаларынын негизин түзгөн. Молдовалык режиссер Эмил Лотяну 1975-жылы цыгандардын турмушу, маданиятын чыгылдырган “Цыган уруусу бейишке багыт алат” тасмасын тарткан.

Дүйнөдө цыган тектүү атактуу адамдар да аз эмес. Атактуу "Роллинг Стоунз" тобунун солисти Ронни Вуд цыган үй-бүлөсүнөн чыккан. 2007-жылы Евровидениени багындырган сербиялык ырчы Мария Шерифович, ал түгүл Чарли Чаплин да цыган тектүү деп сыпатталып келет.

«Бир тууган Степановдордун» үй-бүлөлүк архивинен. «Ырдайлы кыргыз ырларын» берүүсүнө катышуу учурунда.


"Бир тууган Степановдордун" үй-бүлөлүк архивинен
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00
XS
SM
MD
LG