Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Кыйраган учактын куйругу "Манас" аэропортуна жөнөтүлдү


Кырсык болгон жерди тазалоо иштерине ӨКМдин куткаруучулары, Улуттук гвардиянын аскерлери катышууда.
Кырсык болгон жерди тазалоо иштерине ӨКМдин куткаруучулары, Улуттук гвардиянын аскерлери катышууда.

Учак кыйраган жерди тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн куткаруучулар "Боинг-747" учагынын куйругун атайын унаага жүктөп, "Манас" аэропортуна алып кетти. Ал жакта учактын фрагменти тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлөт.

Тазалоо иштерине ӨКМдин куткаруучулары, Улуттук гвардиянын аскерлери катышууда. Алар ысык тамак жана эс алуучу жайлар менен камсыздалган.

16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, айылдын 34 тургуну набыт болгон. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсү да көз жумган. Ошондой эле 23 үй кыйраган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG