Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Президент Алмазбек Атамбаев ӨКМ министри Кубатбек Бороновду кабыл алды


Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Кубатбек Боронов. 21-январь, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Кубатбек Боронов. 21-январь, 2017-жыл

21-январдагы жолугушууда мамлекет башчы учак кырсыгынан жабыркагандарга берилип жаткан жардам тууралуу маалымат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кыйроо болгон жерде издеп-куткаруу иштери аяктап, аймакты урандылардан тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн иш-чаралар күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалар министрлигине кыйроо болгон жерде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын баса белгилеп, кырсыктан набыт кеткендердин үй-бүлөлөрү жана жабыркагандар ар тараптуу жардам алуусун көзөмөлдөөнү тапшырды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG