Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Учак кырсыгында жаракат алган Сагынбек Рахманов көз жумду


Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү.
Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. 29 жаштагы Сагынбек Рахманов 16-январда Бишкектеги №4 ооруканага оор абалда, күйүктүн 3-4-даражасы менен жеткирилген. Анын денеси, буттары, жамбашы 45% күйүп калган.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткан Сагынбек Рахмановдун абалы ошондон бери оор болчу. Дарыгерлердин аракетине карабай, Сагынбек Рахманов 22-январда саат 12:30да көз жумду.

Учак кырсыгында Сагынбек Рахмановдун сегиз айлык боюнда бар келинчеги, алты жана үч жаштагы эки наристеси каза тапкан эле. Өткөн жумада бул үй-бүлөнүн сөөктөрү Ноокенде, туулган жеринде жерге берилген.

Сагынбек Рахманов менен Венера Дүйшеева 2010-жылы баш кошкон. Үчүнчү перзенти бир айдан кийин төрөлмөк. Төрөлө элек үчүнчү наристесин энесинин курсагынан алып, Аяна деген ысым ыйгарып, энесинин жанына коюшкан.(ZKo)

"Азаттыктын" буга чейин кырсыкка кабылган Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсү тууралуу тарткан видеобаяны:
Ноокен: кырсык курмандыктары жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

XS
SM
MD
LG