Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

ӨКМ Сагынбек Рахмановдун сөөгүн Ноокенге жеткиришет


Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү.
Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүп берген унаага салынган Рахмановдун жасаты жетекчилердин жана жакын туугандарынын коштоосунда Бишкектен Жалал-Абадка чыгып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

29 жаштагы Сагынбек Рахманов 16-январдагы учак кырсыгында оор жаракат алып, денесинин 45% күйүп калган. Ошол күндөн бери ооруканада оор абалда жаткан Сагынбек 22-январда саат 12:30да көз жумду.

Учак кырсыгында Сагынбек Рахмановдун сегиз айлык боюнда бар келинчеги, алты жана үч жаштагы эки наристеси каза тапкан эле. Өткөн жумада бул үй-бүлөнүн сөөктөрү Ноокенде, туулган жеринде жерге берилген.

Сагынбек Рахманов менен Венера Дүйшеева 2010-жылы баш кошкон. Үчүнчү перзенти бир айдан кийин төрөлмөк. Төрөлө элек үчүнчү наристесин энесинин курсагынан алып, Аяна деген ысым ыйгарып, энесинин жанына коюшкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG