Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Аба ырайы: чукул билдирүү


Кыргызстанда эмки аптанын башында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде калың кар түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күрткү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундуна 15-20 метрге жетет.

24-25-январь күндөрү түнкүсүн Чүйдө -13, Таласта -15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында -8, Ысык-Көл ойдуңунда -12,Нарында -30, тоолуу райондордо -35 градуска чейин суук болот.

Бул абал автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде кыйынчылык туудурат. Жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаралат.

23-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаайт, айрым жерлерде катуу жаашы ыктымал. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3,

Талас жергесинде -2...-7, күндүз -2...+3,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -11....-16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -11...-16,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20...-25, күндүз -16...-21 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3 градус болот.

XS
SM
MD
LG