Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

The Sunday Times: Британиянын баллистикалык ракетасы сыноодон өтпөй калган


Бул тууралуу The Sunday Times гезити өз булактарына таянып, жазып чыкты. Ага ылайык, Британиянын июнь айында АКШнын Флорида штатынын суу жээгинен учурган “Трайдент” ракетасы багытынан адашып, башка жакка учуп кеткен.

Британ бийлиги учурунда ракета сыноодон ийгиликтүү өткөнүн маалымдаган. Гезитке маалымат берген булактын айтымында, муну атайын жашырышкан. Окуя парламентте суу алдында жүрүүчү өзөктүк кайыктар боюнча маселеге добуш берүүгө бир нече жума калганда болгон. Өткөн жылы июлда британ парламенти “Трайдент” ракетасын учуруучу кайыктарга 30 млрд фунт стерлинг сарптоого макулдугун берген.

The Sunday Times маалымдагандай, Британия акыркы 17 жылда төрт жолу өзөктүк куралын сынаган. Бир өзөктүк ракетанын баасы 17 миллион фунт турат.

XS
SM
MD
LG