Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

15-августта Жогорку Кеңештин алдында өткөн митингде айрым депутаттар жулмаланып, кээ бирине кол да тийди. Эл эмнеге зордукчул болуп баратат?

Кыргызстанда саясатчылар арасында да, эл ичинде да зордукчул маанай күчөгөнүн талдоочулар белгилешүүдө. Анын кесепеттери оор болорун айтып, ал түгүл мамлекеттин бүтүндүгүнө да таасири тиет деген кооптонуулар жок эмес.

Ыргытылган чокой, жулмаланган депутаттар

Дүйшөмбү күнү парламент гана чукул жыйынга чогулбастан, айрым топтор чукулунан жыйылып, Жогорку Кеңештин алдында митинг уюштурушту.

Сотторду тандоо кеңешине нааразы болуп, митингге чыккандар парламенттин имаратын ар тараптан курчап, айрым депутаттарга кол тийгизгени кабарланды. Бул митингде мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевдин үй камагына бошотулганына каршы болгон “Мекен шейиттери” жана “Айкөл-Ала-Тоо” кыймылдары болду.

Митингчилер “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбековду ортого алып, жулмалашса, “Ата Журт” партиясынын депутаты Садыр Жапаровго карай чокой, желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

“Психикалык саламаттык” борборунун жетекчиси Бурул Макенбаева бул көрүнүштү мындайча сыпаттады:

- Ак үйдүн жанында зордук болгонуна күбө болдук. Бул өтө оор кесепеттерге алып келген жок. Бирок баары агрессивдүү маанайда болуп, жулкулдатып, эшик тосуп, “киребиз, атып көрүшсүн” деп жатышты.

Байкоочулар эл арасындагы зордукчул маанайдын күч алышына өлкөдө болгон ыңкылаптар таасир этти деп айтышууда. 2005-2010-жылдары болгон окуялар, талап-тоноолор да аң-сезимдин бурмаланышына алып келген. Ал эми Макенбаева 7-апрелден кийин ким күчтүү болсо, ошонуку туура болот деген түшүнүк көпчүлүккө жайылганына токтолду.

- Зордук-зомбулук, курмандыктар эки тараптан тең болду. Ошондон тарта ким күч колдонсо, ошол жеңет, ошол баатыр деген түшүнүк пайда болду. Андыктан агресивдүүлүк менен максатка жетүүгө жол ачылды. Муну коомчулуктагы оору деп эсептесек болот.

Сөз көтөрө албагандар арбыган

Адистер зордукчул маанай бир гана митингдерге байланыштуу эмес экендигин белгилешүүдө. Ош шаарындагы “Гендер жана психологиялык жардам” борборунун өкүлү Акчач Жолдошева коомдук жайларда да ызы-чуу салып, сөз көтөрө албагандар көбөйгөнүн айтууда.

- Адамдар кичине эле иши оңунан чыкпай калса кыйкырып, ушул сыяктуу көрүнүштөрдү жасап жатат. Мындайлар абдан көп. Райондун борборлорунда, шаарларда мамлекеттик каттоого же мэрияга барып калсаң ушундайларга кабыласың.

Жолдошева өткөн жылкы июнь коогалаңы да коомдук аң-сезимге терс таасир эткенин кошумчалады. Анын айынан өз жанын кыйгандар, ошондой эле маселени күч менен чечүүнү максат кылгандар арбыганын айтат.

Адистердин оюнча, көпчүлүк учурда эл митинг-пикеттерди кайсы бир маселени чечүүнүн жалгыз аргасы катары санашат. 15-августта митингге чыккандар да буга чейин бир нече ирет Сотторду тандоо кеңешине нааразы болуп келишкенин, тиешелүү адамдар талаптарын укпаган соң, чечкиндүү кадамга барышканын айтып чыгышты.

“Социалдык, саясий жана укуктук адилетсиздикке чыдабаган эл акыры зордукчул маанайга өткөн учурлар көп” дейт талдоочу Руслан Ташанов. Ал коомдук аң-сезимдин агрессивдүү болуп баратышынын себебин үч нерседен көрөт:

- Биринчиси, укуктук жана саясий аң-сезимдин тайкылыгы. Экинчиден, коомдогу адилеттүүлүктүн жоктугу көпчүлүк учурда элдин агрессивдүү болушуна алып келүүдө. Үчүнчүдөн, социалдык-экономикалык маселелердин чечилбегендиги, элдин мамлекетке, жалпы системага болгон мамилесин агрессивдүүлүк менен көрсөтүүгө мажбурлап жатат.

Мындай ойго социолог Кусейин Исаев да кошулат. Ал да элдин зордукчул болуп баратышынын себебин үч нерсе менен түшүндүрдү:

- Биринчиден, саясий маданияттын төмөндүгү. Экинчиден, бийликтин адамдар жөнүндө кам көрүп, алардын муктаждыктарын чечпегени. Үчүнчүдөн, демократия деп, ага азгырылып, ойногондуктун кесепети.

Кыргыздар сабырдуу эл болгон

Анткен менен Кусейин Исаев зордукчул маанай же болбосо агрессивдүүлүк кыргыздардын жан дүйнөсүнө жат көрүнүш экендигин кошумчалады.

- Адилеттүүлүк сакталбаган учурда, албетте ага каршы ар кандай жүрүштөр болгон. Бирок кыргыздын өзүнүн нагыз тарыхында агрессивдүүлүк болгон эмес. Кыргыздар башынан толеранттуу, сабырдуу эл. Ошондой эле кыргыздын даанышмандары, акылмандары жана аксакалдары укмуш калыс болушкан. Баары айтылып, маселе калыс чечилип жатса, эч ким каршы чыккан эмес.

Ошондой эле зордукчул маанай катардагы адамдар арасында гана эмес, жогорку бийлик өкүлдөрүндө да орун алып жатканын айтылууда. Буга Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Камчыбек Ташиевдин жана Камчыбек Ташиев менен Бахадыр Сулеймановдун ортосунда орун алган чырлуу окуяларды мисалга тартса болчудай.

Талдоочу Руслан Ташанов “коомчулуктагы зордукчул маанайдын күч алышы мамлекеттин келечеги үчүн кооптуу” деп эсептейт.

- Мунун кесепеттери өлкөдөгү мыйзамдуулуктун нөлгө түшүшүнө, ошондой эле иштелип чыккан механизмдердин четке кагылып, жөн гана ач-айкырык, куу-сүрөөн менен өз мүдөөлөрүн ишке ашырууга алып келет деп ойлойм. Бул айланып келип эле өлкөдөгү анархияга алып келет.

“Психикалык саламаттык” борборунун жетекчиси Бурул Макенбаева көйгөйдү күч менен чечем деген ой жаңылыштык деп эсептейт. Ал адамдарды сабырдуу болууга чакырууда.

- Тегеректеги адамдар адилетсиздикти жасап жаткан күндө да ар бир адам зордукчул жолго барбаганга аракет кылыш керек. Ар кимибиз өзүбүздү-өзүбүз кармап, мыйзамдуу жол менен аракеттенбесек эч жакшылыкка жетпейбиз. Кыжырданып, агрессивдүүлүк менен бирөөнү жулкулдатып, ошону менен бир нерсеге жетем деген ой абдан кыска жана коркунучтуу ой.

Ал эми психолог Акчач Жолдошева адис катары мындайча ой бөлүштү.

- Адамдар өздөрүнүн күч аракеттерин башкара билүүгө аракеттениши керек. Мисалы, өзүнүн эмоциясын, сезимдерин, таанып-билүүсүн башкарышы керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG