Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Алмазбек Атамбаев Түркияга расмий сапар менен барды. Кыргызстан жаңы жылды дагы бюджетсиз баштады.

Президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө биринчи расмий сапарын Түркияга жасады.


Түркия - жаңы "түркүкпү?"


Түркия менен Кыргызстандын мамилеси буга чейин да жаман эмес болчу. Бирок Алмазбек Атамбаевдин бийликке келиши менен ал мамиле өтө жакындашуу жагына багыт алды. Буга Атамбаевдин түрк жетекчилиги менен жакшы мамилеси себеп болгонун серепчилер белгилеп жатышат. Ал эмес Алмазбек Атамбаевдин бизнеси да ал оппозицияда жүргөн мезгилде эле Түркияга көчүрүлгөнү айтылып келет.

12-январда башталган сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Түркия президенти Абдулла Гүл, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүп, түрк парламентинде да сөз сүйлөдү.

Президентти сапарында коштоп жүргөн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Түркиядан бир катар жардамдарды сураган. Ал Ооганстандагы долбоорлорго Кыргызстандын катышуусуна көмөктөшүү, коопсуздук тармагын бекемдөөгө салым кошуу.

Кыргыз тараптын дагы бир каалаганы бул соода байланышын күчөтүү жана Түркиядан инвестиция тартуу. Бирок бул жагынан эки тарап көрүнүктүү ийгиликке жетише элек. Түркия жетекчилери эки өлкөнүн соодасынын көлөмүн 1 млрд. долларга чыгаруу жөнүндө көптөн бери айтып келатат, бирок ал сооданын көлөмү акыркы кезде кыскарып баратат. Маселен, мурунку жылдары эки өлкөнүн соодасы 350 млн. доллардан ашып барса, азыркы кезде 300 млн. долларга жетпей калганын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да моюнга алды.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси эки тараптын соодасы 100 млн. доллардын тегерегинде болуп калганын билдирүүдө. Бул андан да кыскарышы ыктымал. Анткени 1-январдан тарта Кыргызстан Түркиядан келе турган товарларга бажы төлөмүн көбөйткөнү маалым болду.

Түркиядан инвестиция келишинин кыйындыгын Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси Мамбетжунус Абылов мындайча түшүндүрдү:

- Түркия эч качан инвестор боло албайт. Ал бир жерге барып инвестиция салган эмес. Түркия инвестиция барган жерге шерик болуп, ошол ишти аткарып жүргөн мамлекеттердин катарына кирет.

Ал ошондой эле буга чейин Түркиянын абдан белгилүү компанияларын Кыргызстанга тартуу үчүн аракеттер жасалып, бирок натыйжа чыкпаганын, түрк ишкерлери Кыргызстанда азыркы кезде майда соода, тамак-аш тармагында гана бардыгын кошумчалады.


Анкарада геосаясий маселе да талкууланды


Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапарында геосаясий олуттуу маселе, "Манастагы" транзиттик борбордун тагдыры талкууланды. Кыргыз тарап АКШ, Орусия жана Түркиянын катышуусу менен "Манасты" жарандык транзиттик борборго айлантууну сунуштады.

Кыргызстан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев транзиттик борбор маселеси тууралуу Түркияда буларды билдирген:

- Бул жерде Кыргызстандын президентинин билдирүүсү бар. Анда 2014-жылдан кийин транзиттик борборду жарандык транзиттик борборго айлантуу сунушталган. Ага Орусия, АКШ жана Түркия, башка дагы каалаган тараптардын катышуусу мүмкүн.

Ошентип Түркияда Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги күзүрү болгон транзиттик борбор маселеси көтөрүлдү. Бул маселени Кыргызстан АКШ жана Орусиянын ортосунда эле эмес, Түркиянын да катышуусу менен чечүүнү тандап алды.

Кыргызстандын бул кадамы жана Атамбаев тарабынан сапар учурунда айткан айрым сөздөрү Кремлге тескери таасир этип, ал стратегиялык өнөктөштүн өчөшүүсүн пайда кылбайбы деген чочулоолорду пайда кылууда.

Кыргыз тарпатын мындай кадамын серепчилер Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан убада кылынган 106 млн. доллардын бөлүнбөй калышы менен байланыштырууда.

Андан сырткары орус тарап ГЭСтерди куруу, газ, мунай кендерин издөө багытында долбоорлорду аткарууга киришерин байката элек. Өткөн жылы буга Кыргызстандагы президенттик шайлоо, саясий туруксуздук себеп болсо, быйылкы жылы Орусиянын өзүндө президенттик шайлоо болуп, саясий кырдаал бул өлкөдө да татаалдашып калды.
Түркия эч качан инвестор боло албайт. Ал бир жерге барып инвестиция салган эмес.Мамбетжунус Абылов

Ошондуктан Кыргызстан энергетикалык долбоорлорго Кытай жана Түркияны тартууга аракеттенүүдө.

Кыргыз-түрк мамилесинде чечилбей келаткан дагы бир маселе бар. Бул - “Ак кеме” мейманканасынын тагдыры. Түрк ишкерлери аны ээлигине алуу үчүн көп аракеттерди жасап келген. 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин мейманкана кыргыз тарапка өткөрүлгөн болчу.

Мамбетжунус Абыловдун маалыматы боюнча, түрк тарап азыркы кезде 51 млн. доллар карыздын ордуна ушул мейманкананы түрк тарапка кайтарууну сурап жатат. Ал боюнча кандай чечим кабыл алынаары азырынча белгисиз.

Бирок кыргыз-түрк “Манас” университетинин тагдыры Атамбаевдин мурунку сапарында түрк тараптын пайдасына чечилгени маалым.


Жыл бекитилбеген бюджет менен башталды


Акыркы жылдары адат болуп калгандай Кыргызстан 2012-жылды да бюджетсиз баштады. Башкача айтканда, быйылкы жылдын бюджети парламентте өз убагында каралбай калды. Өкмөт бюджетти даярдап, парламентке жолдогон. Бирок парламенттеги жараяндар бюджетке көңүл бурууга жол бере элек.

Быйылкы жылдын бюджетинин негизги параметрлерине токтоло турган болсок, анын кирешеси 82 млрд. 593 млн. сом, чыгашасы 100 млрд. 610 млн. сом деп белгиленген. Тартыштык 18 млрд. сомдун тегерегинде болууда. Өткөн жылдын бюджетинде да тартыштык 20 млрд. сомдун тегерегинде болуп, бирок өкмөт ал маселе чечилгенин, учурда Каржы министрлигинин кассасында 3 млрд. сом бар экенин билдирген.

Мына ушундай параметрдеги бюджетти парламент ички уюштуруу иштерин аяктагандан кийин карашы күтүлүүдө. Парламенттеги ички уюштуруу иштери болсо узап бараткан жумада соңуна чыкты. Маселен, парламенттин структурасы өзгөртүлүп, 16 комитеттин ордуна 13 комитет түзүлдү. Алардын жетекчилиги шайланды.

Бюджетти карай турган бюджет жана финансы комитети оппозициялык “Ата-Журт” фракциясына тийип, анын өкүлү Акматбек Келдибеков комитет төрагалыгына шайланды.


Өткөн жылдагы өсүш быйыл кайталанабы?


Статистикалык маалыматтар боюнча, 2011-жылдын 11 айын Кыргызстан экономикасы 8.5% өсүү менен аяктады. Бул тенденция быйылкы жылы сакталабы деген суроо жок эмес.

Экономика илимдеринин кандитаты Сапар Орозбаков быйылкы жылы өткөн жылдагыдай өсүш болбойт дейт:

- Быйыл өткөн жылдагыдай өсүш болбошу мүмкүн. Өсүш болсо да 8% жетпейт.

2011-жылдагы өсүштүн себебин Сапар Орозбаков 2010-жылы экономика абдан төмөндөп, өткөн жылы мына ошол төмөндөө калыбына келүүсү менен түшүндүрдү.

Дагы бир экономист Азамат Акелеев быйылкы жылы экономикада кандай көрсөткүчтөр болоору тууралуу буларды билдирди:

- 2012-жылы Европада кризис же болбосо өспөй калуу мезгили болот деген божомолдор болуп жатат. Бирок жаңы өнүгүп келаткан Кытай, Орусия жана Казакстанда өсүү болот деген божомолдор бар. Биз көбүнчө жаңы өнүгүп келаткан өлкөлөр менен байланышта болгон үчүн бул өсүш бизге да таасир этет деп ойлойм. Бирок ага бир шарт керек - өлкөдө саясий туруктуулуктун болушу жана өкмөттүн тийиштүү реформалардын жүргүзүүсү.

Акелеевдин пикиринде, учурда экономикага тоскоолдуктар жаратчу жагдайлар пайда болуп жатат. Маселен, казинолор жабылды. Андан сырткары маданият министри туризм тармагына лицензиялоону киргизебиз деп жатат. Булар чочулатуучу жагдай. Эгерде ушундай тоскоолдуктар жасалбай, тескерисинче ишкерликке шарт түзүлсө, өсүш болот.

Жогоруда айтылгандай, өткөн жылдын 11 айында ички дүң өнүм 2010-жылга салыштырмалуу 8.5% өскөн. Анын ичинде өнөр жай тармагы 124%, кайра иштетүү 125%, айыл чарбасы 102% өскөн. Бирок негизги капиталга инвестиция салууда алга жылыш болгон эмес.

Өлкөнүн тышкы соодасында да тескери сальдо сакталып кала берүүдө. Он бир айда жалпы тышкы сооданын көлөмү 4 млрд. 957 млн. доллар болсо, анын ичинен экспорт 1 млрд. 627 млн. доллар, импорт 3 млрд. 330 млн. доллар болгон. Тескери сальдо 1 млрд. 700 млн. доллардан ашкан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG