Линктер

Узап бараткан аптада Кыргызстанда күч структураларында жүрө турган реформа жарыяланды. “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшү мындан ары кемий турганы маалым болду. Варшава саммитинде НАТО Орусияга карата саясатын тактады.

Күч түзүмдөрүндөгү реформа

4-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин жыйыны болду. Анда тартип коргоо органдарын реформалоонун концепциясы жарыяланды. Концепцияда тартип коргоо органдарын олуттуу реформалоо биринчи жолу сунушталганы байкалат. Буга чейин министрлик же кайсы бир органдын башына жаңы кишинин келиши реформа катары аталып келсе, бул ирет тартип коргоо органдарынын түзүмүн, милдет, укуктарын өзгөртүү каралган.

Реформа өзгөчө Ички иштер министрлиги менен прокуратура кызматына көбүрөөк таасирин тийгизет. Ал эми Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жоюлуп, анын функциясы Ички иштер министрлигиндеги өзүнчө түзүлө турган кызматка өткөрүлүп берилет.

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Ички иштер министрлигиндеги өзгөрүүлөр тууралуу буларды билдирген:

- Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүп карап чыгуу жүрүп жатат. Министрликтин жалпы жазык жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү болгон салттуу функциясы бар. Ошол функцияны күчөтө турган чечимдер кабыл алынды. Ал эми министрликтин алдында бир нече кызмат түзүлөт. Алар: Коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматы, Криминалдык милиция, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы, Тергөө кызматы жана бүгүнкү жыйында Өздүк коопсуздук кызматын түзүү да сунушталды. Бул эске алынат.

Ички иштер министрлигинин азыркы структурасы башкармалыктардан турат. Жалпысынан ар кайсы багыттагы 14 башкармалык жана министрдин төрт орун басары бар.

Реформада Башкы прокуратурадан тергөө функциясын алып, аны УКМК жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматка өткөрүп берүү каралууда.

Башкы прокуратурага мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана кылмыш ишин козгоо функциясы калат. Азыркы кезде Башкы прокуратура мамлекеттик жогорку даражалуу кызматкерлерге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына, сотторго кылмыш ишин козгоого жана тергөөгө укуктуу. Бул Конституциянын 104-беренесинде жазылган. Ошондуктан Башкы прокуратурага байланыштуу өзгөртүүлөр Конституцияга да өзгөртүү киргизүүнү талап кылат. Демек тартип коргоо органдарын реформалоо маселеси Конституцияны өзгөртүү боюнча да референдумга алып келиши күтүлөт.

Өлкөнүн мурунку ички иштер министри, оппозициялык саясатчы Өмүрбек Суваналиев Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап баратканда реформага бел байлаганын сынга алды:

- Атамбаев негизи реформаны жүргүзбөш керек болчу. Анткени убактысы да келип калды, моралдык акысы да калбай калды. Анткени мунун баарын президент болуп шайлангандан кийин башташ керек эле. Эми башаламандык кылып кетип калат. Конституцияга, мыйзамдарга өзгөртүү киргизиш керек. Конституцияга жарым жылдын ичинде үч окууда өзгөртүү киргизилет. Убакыт келип калбадыбы. Кийинки жылы президенттик шайлоо болот. Ошон үчүн башаламандык болот.

Өмүрбек Суваналиев

Өмүрбек Суваналиев

Өмүрбек Суваналиев сунушталып жаткан реформада көз карандысыз тергөө кызматынын каралбаганын кемчилик катары атады:

- Биринчиден, Алмазбек Атамбаев оппозицияда көп жүргөн адам катары күч структураларын саясаттан ажыратып, ошого жараша структуралык реформа жасаса болмок. Прокуратурадан тергөөнү алып койгону бир жагынан жакшы. Бирок көз карандысыз тергөө кызматын түзүш керек эле. Тилекке каршы биздики шапке алмаштыргандай болуп, прокуратурадан тергөөнү алып, башкаларга берип койду.

Өмүрбек Суваналиевдин пикиринде, сунушталган реформаларга ылайык Ички иштер министрлигинде функциялар кеңейтилбестен, структуралык өзгөрүү болуп, жаңы адамдар дайындалат, аны менен олуттуу реформалар болбойт.

Өлкөнүн мурунку башкы прокурору Кубатбек Байболов болсо сот системасын кошуп, күч органдарын комплекстүү реформа жүрмөйүн, натыйжасы да болбойт деп эсептейт.

"Жолдор жана келесоолор"...

Орусияда негизги проблема катары “жолдор жана келесоолор” деп аталган. Кыргызстанда да ошол көйгөй актуалдуу. Бирок жол жагынан да, башка жагынан да республикада абал Орусиядагыдан алда канча кейиштүү экени белгилүү. Балыкчы-Тамчы, Бишкек-Манас жолдорун оңдоп-түзөөдөгү алешемдиктер мунун бир далили.

Негизи республиканын бюджетинде жолду куруу үчүн каражат жок. Быйылкы жылдын бюджети 25 млрд. сом тартыштык менен кабыл алынганы белгилүү. Ошондуктан республикадагы жол курулуштары чет өлкөлүк грант же насыялардын эсебинен курулууда же оңдолууда.

Маселен, 2015-жылы Кытай Кыргызстанга 1 млрд. юань грант бөлүүнү чечкен. Ал үч жылдын ичинде Бишкектеги жолдорду курууга, оңдоого жумшалары расмий түрдө айтылган. 1 млрд. юань 180 млн. доллар же 13 млрд. сомго жакын сумманы түзөт. Ошондуктан Балыкчы-Тамчы, Бишкек-Манас жолдоруна 1 млрд. сомдон бөлүнгөнү айтылганда, акча Кытай гранты же башка бир жактан келген жардам эсебинен деп түшүнүүгө болот. Бирок маселе ошол каражатты кандай пайдаланууда жатат.

Балыкчы-Тамчы жолун оңдоодогу башаламандык мамлекетке эле зыян алып келбестен, туристтик сезондун башталышында чаңыган, бузулган жолдор жергиликтүү калкка жана туристтерге ар кандай ыңгайсыздык жаратууда.

Ал эми өткөн жылдан бери бүтпөй жаткан Бишкек-Манас жолунун сапаты, ал жолдогу кооз арчалардын жулунушу кескин сынга кабылган. Жолдун сапатынын начардыгына 8-июлда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да күбө болуп, сынын айтты:

- Райондордогу, айылдардагы жол куруучулар да мындай жасабай калган. Түз салып жатышат. Мындай болбойт. Оңдогула. Кабыл албагыла. Бюджеттен 1 млрд. сом жумшалып жатса, алмаштыргыла баарын. Уят да!

Премьер-министрдин уяткарышы менен маселе чечилип кетеби - муну эми мезгил көрсөтөт. Негизи Бишкек-Манас жолунун сапаты тууралуу маселени “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов көтөрүп, "эки жылга жетпей аны кайра курууга аргасыз болобуз" деген эле. Мына ошондон кийин өкмөттүн реакциясы жаралды окшойт.

"Центерранын" өз алдынча аракеттери

Узап бараткан аптада кыргыз өкмөтүн жол курулушундагы кемчилик эмес, “Центерранын” кезектеги кадамы да өкмөттүн айласын кетиргендей болду.

Бийлик “Центерра Голдго” “азууларын көрсөтүп”, Бишкектеги кеңсесин тинтүүгө алып, келишимдерди кайра текшерүүгө кирүүсүнө жана 6 млрд. сомдон ашуун экологиялык доосун элес албаган “Центерра” кыргыз тараптын каршылыгына карабай Канаданын Британ Колумбиясы провинциясындагы “Томпсон Крик Металз” компаниясын сатып алууну чечти.

Кумтөр

Кумтөр

Алтын жана жез өндүргөн бул компанияны сатып алуу үчүн “Центерра Голд” кошумча акция чыгарат жана насыя алат. Кошумча акцияларды чыгаруу “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшүнүн азайышына алып келет. Буга чейин да “Центерра Голд” кыргыз тараптын каршылыгына карабастан кошумча акция чыгаруу чечимин кабыл алган. Насыялар болсо келечектеги кирешелердин кыскаруусуна алып келет.

“Центерра Голддун” 11 кишиден турган Директорлор кеңешинин кыргыз тараптан дайындалган үч мүчөсүнүн бири болгон Кылычбек Шакиров “Томпсон Крик Металз” компаниясын сатып алууну Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүн “суу жээкти жегендей жешип” кыскартуу деп атады. Анын айтымында, Кыргызстан буга жол бербеш үчүн 50/50 үлүш бөлүү келишимине барыш керек эле:

- Эң негизгиси биздин үлүштү жууп кетүүгө жол бербеш үчүн 50/50 дегенге барышыбыз керек эле. Кумтөрдөгү үлүшүбүз кыскармак эмес. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибердик. Ага жетишкенибизде адегенде биз 50% менен Кыргызстанга келет элек. Кумтөрдүн 50% биздин көзөмөлгө өтүп, пайданын да 50% алат элек.

Кылычбек Шакиров бул формуланын ишке ашпай калышына парламентти күнөөлөйт жана Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөттөн кетирилишин атайт.

Тирешкен дүйнө

Узап бараткан аптада дүйнөлүк саясатта олуттуу окуялар жана саммиттер болду. 8-июлда Варшавада НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери чогулуп, негизинен Орусия менен мындан кийин мамилесин жана анын саясатына берчү жообун талкуулады.

2014-жылы Украинадагы ыңкылып, андан кийин Крымды Орусиянын кошуп алуусу жана Донбасс, Лугансктагы кандуу окуялар Батышты сестендирип, өзгөчө Польша жана Балтика жээгиндеги мамлекеттердин коркуусун жараткан.

НАТО өз мүчөлөрүнүн коркуусуна жол бербеш үчүн Чыгыш Европада күчтөрүн бекемдөөгө жана ал аймактарда аскерий машыгууларды өткөрүүгө киришти.

Варшава саммити, 8-июль, 2016-жыл

Варшава саммити, 8-июль, 2016-жыл

8-июлдагы Варшава саммити мына ошол чечимдерди жана максаттарды ишке ашырып, Орусияга эскертүү берүүнү көздөгөнү айтылууда. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО Польша жана Балтика өлкөлөрүндө аскерлерин, техникасын көбөйтөрүн билдирди:

- Биз Польша, Эстония, Латвия жана Литвада алдыңкы катарыбызды көбөйтүүгө макулбуз. Биз ошондой эле түштүк-чыгышта катарыбызды бекемдейбиз. Биз ошондой эле кибер коопсуздукту жана абадан коргонууну күчтөнтүрөбүз. Бул негизги чечимдер. Мунун баары саясий эркти жана каражатты талап кылат.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Европада мына ушундай ишенбестик пайда болушуна Орусияны айыптап, анын себеби катары Крымды басып алууну, Чыгыш Украинадагы согушту эске салды.

Орусия өз кезегинде НАТО чыгышта чыңалууну ого бетер күчөтөт деп эсептейт. Москванын НАТОнун күчтөнүүсүнө каршы батыш тарабында жаңы аскердик бөлүктөрдү жайгаштырып жатканын кабарлаган.

Албетте эки тарап тең тирешүү жана капыс кагылышуу эмнеге алып келерин билет. Анткени эки тарап тең кыйраткыч ядролук куралга ээ. Ошондуктан абайлоого чакыргандар да жок эмес. Жакында эле Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Орусияга карата “кылыч шилтемей” саясат туура эместигин билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирия жана Украина маселеси боюнча Барак Обама, Франсуа Олланд жана Ангела Меркел менен жакынкы күндөрү телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Бул кыйын жана чаташкан маселелерди чечүүнүн ылайыктуу жолу табыла элек. Бирок орус-түрк мамилесин оңдоп-түзөөгө айла табылгандай эле тараптар орток чечим табарына үмүт артып туралы.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG