Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Узап бараткан аптада БШК Алмазбек Атамбаевди президент катары каттоого алды. Кыргызстандын экономикасы тогуз айда тогуз пайызга өстү.

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-ноябрда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын президенти деп каттоого алды.


Ант берүү аземи декабрда болушу мүмкүн


Эми жаңы президенттин төш белгиси, күбөлүгү, штандарты даярдалып, инаугурация күнү тапшырылат. "Инаугурация декабрь айында болуп калышы күтүлүүдө", - деп билдирди БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов.

Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда БШКда эки ача пикир пайда болду. Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча арыздарды текшерген БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси Гүлнара Жоробаева арыз түшкөн участоктордон келген сейф-пакеттерди ачып текшерүүнү сунуштаган. Бирок БШКнын мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен аны четке каккан.

Ошондуктан Жоробаева шайлоонун жыйынтыгына карата өзгөчө пикирин жазган:

- Бүгүн жыйынтык чыгарылганда мен өзгөчө пикирди жаздым. Ага БШКнын дагы үч мүчөсү кол койду. Ошону менен төрт мүчө өзгөчө пикирди көрсөттүк.

Жоробаеванын айтымында, өзгөчө пикир Октябрь, Сокулук, Жайыл райондорунан келген протоколдорго байланыштуу жазылган. Бирок бул участоктордогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган күндө да, ал шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эте алмак эмес.

БШКнын дагы бир мүчөсү Жеңиш Акматов маселе 20 миңден ашуун добуш жөнүндө болуп жатканын билдирди:

- Ал шайлоонун жалпы жыйынтыгына эч кандай таасир бере турган сандар эмес. Болгону кийинки шайлоолордо ошондой тартип бузууларга жол бербөө, ошондой ишке барган участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн тартипке салуу максатында сейф-пакеттерди ачалы дегенбиз. Тилекке каршы ал ишке ашпай калды.

Белгилүү болгондой, онго чукул талапкер 26 участок боюнча арыз беришкен. Ал участоктордогу шайлоочулардын саны 25 миңге чукул экени аныкталган.

БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, 30-октябрдагы шайлоодо Алмазбек Атамбаев 1 млн. 162 миңге чукул, Адахан Мадумаров 274 миңден ашуун, Камчыбек Ташиев 266 миңден ашуун шайлоочунун добушун алган.

Калган талапкерлер ичинен Темирбек Асанбеков 17 миңден ашуун, Өмүрбек Суваналиев 16 миңден ашуун, Кубатбек Байболов 15 миңден ашуун шайлоочунун добушун алган.

Атамбаевдин негизги атаандаштары Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын жарыялашып, бирок нааразылык акцияларын уюштуруудан баш тартышты. Камчыбек Ташиевдин штабы протоколдорду өз алдынча текшерүүнү жана салыштырууну улантып жатат. Алар шайлоо боюнча өздөрүнүн жыйынтыктарын жарыялашарын билдиришкен.

Алмазбек Атамбаев өз кезегинде шайлоодогу ушул эки атаандашын реалдуу саясатчы катары баалап, алар менен сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдирген.

Алмазбек Атамбаев шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланган соң өкмөт башчылык ишке киришерин билдирген. Айрым маалыматтарга караганда, ал келерки аптанын башынан жумушуна киришип, инаугурацияга чейин өкмөт башчылык милдетин аткарат.


Орусия ДСУга кирүүгө уруксат алды


Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү келишимине жетишти. Эми Москва ички жол-жоболорду аткарган соң келерки жылдын ортосунан баштап, ДСУнун толук кандуу мүчөсү болуп калышы күтүлүүдө.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү. Ошол эле учурда Бишкек Орусия башында турган Бажы биримдигине кирүүгө багыт алган. Ага кирүүнүн шарттары боюнча экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев башында турган топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы да маалым.

Албетте Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүнөн пайда болгон ыңгайлуулуктарды мүмкүн болушунча сактап, ошол эле учурда Орусия жана Казакстандын базарына тоскоолсуз кирүүгө аракет жасап жатат.

Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү менен бул маселе жеңилдейт деген пикирлер бар. Бирок ошол эле мезгилде Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүдө өзүнүн ички базарын коргоо боюнча алда канча бараандуу шарттарга жетишкен. Ошондуктан Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан Орусиянын шарттарын аткарууга аргасыз болоору да эскертилүүдө.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Москванын ДСУга кириши менен Кыргызстан үчүн жеңилдиктер болот дейт:

- Эми Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кире турган болсо, анда биз ал уюм менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз. Анткени биз мүчөбүз, алар да мүчө болот. Биз үчүн абдан жакшы шарт түзүлөт. Буйруса, товарлар өтпөй жатат деген токтоп, базарлар иштеп калат.

Акенеевдин айтымында, Орусия, Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн шарты да өзгөрөт. Анткени Бажы биримдигин түзгөн өлкөлөр Дүйнөлүк соода уюмунун шарттарына баш ийиш керек.

Кыргызстандык дагы бир экономист Азамат Акелеев Орусия ДСУга өзүнүн шарттары менен кирип жатканын белгилейт:

- Орусия чоң өлкө. Алардын дипломатиясы да күчтүү болгондуктан алар өздөрүнө ылайыктуу шарт менен кирип жатат. Мен шарттарын азыр карап жатып байкадым. Мисалы, америкалыктар жана башкалар адегенде автоунааларга болгон тарифтерди 15% чейин төмөндөткүлө деп чакырган. Азыр мен карасам, булар 30%дан 25%га чейин азайтат экен. Демек алар өздөрүнө ыңгайлуу шартты алышкан.

Ошондуктан Орусиянын импорттук саясатында кескин өзгөрүүлөр болбойт. Кыргызстан Бажы биримдигине кирген болсо, импорттук тарифтерин Орусияга карап койот деп кошумчалады Акелеев:

- Булардын импорттук тариф саясатында кескин өзгөрүүлөр болбойт деп ойлойм. Бизде болсо импорттук тарифтер нөлгө барабар. Бизде салмагы боюнча эсептейт. Ал эми Бажы биримдигине кире турган болсок тарифтерди Орусиянын тарифтерине жакындатышыбыз керек болот. Ал бизге пайдасыз. Ошондуктан Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү жараянын создуктурууга аракет жасаш керек.

Ошентип Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү алдында турат. Бул Кыргызстандын соода-экономикалык саясатына олуттуу таасир этээри да белгилүү болуп калды.

Кыргызстандык эксперттер анын оң таасири болоорун көбүрөөк айтышууда. Реалдуу турмушта кандай болоорун Учкун Ташбаев башында турган топтун сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында айкын болот.


Экономикада жылыш бар


Кыргызстан ошентип Бажы биримдигине кирүү алдында турат. Бул маанилүү кадамдын алдында өлкөнүн экономикасы активдүү түрдө калыбына келип жатканын Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгү да белгилеп кетти.

Ал эми Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң өнүмү быйылкы жылдын тогуз айында тогуз пайызга өстү.

Бул өсүштү өнөр жай тармагы 127.5%, тоо-кен 119%, кайра иштетүү 129%, электр энергия, газ өндүрүү жана сатуу 120 пайызга, айыл чарбасы 102.7% өсүү менен камсыздаган.

Бирок тышкы соодада тескери сальдонун көлөмү кыскарган жери жок.

Маселен, тогуз айда экспорт 1 млрд. 442 млн. доллар болсо, импорт 3 млрд. долларга жетип барган. Натыйжада 1.5 млрд. доллардан ашуун тескери сальдо түзүлгөн.

Тышкы соодадагы мындай жагдай улуттук валютага басым жасап жатканы түшүнүктүү. Бирок кырдаалды эмгек мигранттарынын акча которуулары бир кыйла жеңилдетип турат. Маселен, быйылкы жылдын ичинде алар 980 млн. доллар которушкан.

Мына ушундай колдоого карабай акыркы күндөрү улуттук валюта сомдун курсу АКШ долларына карай төмөндөп баратат. Маселен, бир апта мурун бир АКШ доллар 45 сом 30 тыйын болуп турган болсо, азыркы күндөрү 46 сом 30 тыйынга сатылууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG