Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Эл аралык коомчулукта Кыргызстандагы апрель ыңкылабынын көзгө көрүнгөн жетишкендиги катары өлкө президенттин жана үй-бүлөсүнүн жеке басар бийлигинен парламенттик башкарууга көчкөнү гана баса белгиленип келет.

Ыңкылаптын экинчи жылдыгы андан берки жараяндарга дагы бир жолу сереп салууга негиз берүүдө.

Апрель окуяларын Борбор Азиянын демократиялык күчтөрү ыңкылап катары кубатташса, бийликтери терс мүнөздөшкөнү маалым. Саясат таануучулар муну Кыргызстандагы саясий жараяндар аймактын авторитардык режимдерин чочулатканы менен түшүндүрүшкөн эле.

Ыңкылаптан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алганда, мындай кадамды Кремль ачык эле сындаган. Орус президенти Дмитрий Медведев парламенттик башкаруу Кыргызстанды кыйроого алып барарын айткан.

“Мен күткөндөн кыйла дурус”

Апрель, аны коштогон июнь окуяларынан кийин Кыргызстандын мамлекет катары жашап кете аларына ишенкиребей карашкандар болгон.

"Алардын бири мен элем" деди “Азаттык” менен маегинде казакстандык саясатчы Петр Своик:

- Анткени Кыргызстандын көптөгөн көйгөйлөрү арасында ресурстун жетишсиздиги да бар. Экономикалык жактан, балким адам саны жагынан да чакан өлкө. Ага ылайык парламентаризмдин телчигүүсү силерде жарым-жартылай заманбап мыйзамдар, жарым-жартылай байыркы мыйзамдар боюнча кетүүдө. Бул да өз кезегинде жараянды бир топ татаалдаштырып жатат. Андыктан силерде баары ойдогудай кетүүдө, натыйжада Кыргызстан мамлекет катары жашоого укуктуу экенин далилдеди деп айтууга азырынча эртелик кылат. Бирок мен скептик экендигиме карабай, Кыргызстандагы кырдаал мен өзүмдүн көз-караштарыма негизденүү менен болжолдогондордон кыйла дурустугун баса көрсөткүм келет.

Петр Своик Кыргызстан акыркы эки жылдын ичинде жаңы Конституциянын негизинде парламентти, президентти шайлап, коалициялык өкмөттүн экинчиси иштеп жатканына карабай “жөнөкөй эмес өткөөл мезгилден чыга элек” деп эсептейт.

Майкл Лабуш - Борбор Азияга адистешкен германиялык эксперт. Ал “Азаттык” менен маегинде эки жыл мурда Батыштын коомчулугу Кыргызстандагы кырдаалды күн мурунтан аңдап биле албай калганын, мындан улам апрель ыңкылабы алар үчүн күтүүсүз болгонун эске салды.

Бирок Лабуштун айтымында, соңку бир жарым жылдан бери Батыштын көңүл борборунда түштүктө июнь коогасынан кийин түзүлгөн абал турду жана ушул маселе Батыш үчүн өлкөдөгү жалпы абалды баалоонун маанилүү көрсөткүчү болуп калды:

- Батыштык байкоочулардын көбү өлкөдөгү жараяндардын өнүгүшүнө абдан эле этияттык менен карап жатышты. Бирок, менимче, жараяндар азыркыга чейин алдыга көздөй гана кетип, Бакиев жана Акаев түптөгөн саясий системага кайтуу болбогондуктан, батыштык жамаат тынчсызданбай койо алат. Жалпысынан Кыргызстандагы кырдаал азыр кыйла эле үмүттөндүрөрлүк. Анткен менен өлкөнүн түштүгүндө абал чыңалган бойдон. Менимче Кыргызстанга азыр аймактык иштерге жигердүү аралашып, коңшулар менен сүйлөшүүгө, тыгыз кызматташтыкка баруу абдан маанилүү. Бул Кыргызстандын өзүнө да стабилдештирүүчү эффект берет.

Зардушт Ализаде – азербайжандык саясат таануучу. Ал “Азаттык” менен маегинде Кыргызстан “учурдун талаптары менен чакырыктарына жооп бере албаган башкаруудан кийинки абдан оор өткөөл мезгилден” өтө алганына, бирок али тобокелчиликтер бардыгына токтолду:

- Азербайжандарда "өзүбүз бышырбадык, коңшулар жөнөтпөдү" деген макал бар. Анысы сыңары биз демократияны кайдан билет элек? Менимче парламенттик башкаруу системасына өтүү ага ылайык саясий маданият болгон, өздөрү элдин жана шайлоочулардын көзөмөлүндө турган саясий партиялар бар жерде ийгиликтүү болушу мүмкүн. Бийлик сересине мафиялык-кландык топтордун чыгып кетиши, партия лидери улуттун жалгыз лидерине айланып калгыдай коркунучтар ал силерде деле бар. Мына ушундан сак болуу керек. Жеке мен өзүм Кырзстандын тажрыйбасына оптимизм жана үмүт менен карайм. Андан кийин биз өзүбүздө, Азербайжанда коомдук-саясий турмушта өзгөрүүлөрдү талап кылганда, кыргыздардыкы ийгилик тапты, биздики эмне үчүн боло албайт деп, шилтеме жасай алуубузду каалайм.

Эмкиси экономикага көз каранды

Хакан Гюнеш – Борбор Азияга адистешкен түркиялык талдоочу. Ал парламенттик башкаруунун Борбор Азиядагы алгачкы үлгүсү тар жол, тайгак кечүүдө бар жатканын белгилейт:

- Акыркы эки жылда бир катар прблемалар болду, бирок система жашап кетүүгө аракеттенүүдө. Мен салыштырмалуу ийгилик бар деп айта алам, Себеби Кыргызстандын саясий стандарттары, демократиялык мүмкүнчүлүктөр туруктуу нук алып бара жатат. Мурдагыдай эле Кыргызстан коңшуларынан эркин жана демократиялуу. Эки жылкы тажрыйбанын маанилүү бөлүгү катары мен ушуларды белгилейт элем.

Айрымдар Кыргызстандын Борбор Азиядагы коңшулары апрель ыңкылабы өлкөнүн саясий турмушуна алып келген өзгөрүүлөрдүн буруш жана дурус жактарына ынанышы үчүн кеминде беш жыл талап кылынат деп эсептейт. Бирок бул үчүн саясий өзгөрүүлөрдүн эпкини эл турмушуна да тийгени байкалыш керек. Түркиялык талдоочу Хакан Гюнеш “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасынын жашап кетүүсү эми экономикадагы абалга көз каранды болот:

- Кыргызстандын башкы көйгөйү чынында экономика. Эгер парламент, президент, өкмөт өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жолдорун табышса, парламенттик система стабилдүү болот. Андыктан экономикалык чөйрөдө, элдин күнүмдүк жашоо стандартында прогресс жасалса, менимче, жаңы система жашап, атүгүл коңшу өлкөлөр үчүн модель болушу мүмкүн. Ал эми мунсуз ал көпкө созула албайт. Экономикалык шарт-жагдай жакшырбаса, жаңы ыңкылаптар, башаламандыктар күтүлө бериши мүмкүн.

Учурдагы Конституцияны кайра өзгөртүп, президенттин бийлигин мурдагы деңгээлге кайтаруу демилгелери былтыр шайлоо өнөктүгү учурунда көтөрүлгөн эле. Бул маселе азыркы оппозициянын соңку митингдеринде да жаңырууда.

Артка кайтуу мүмкүн эмес

Германиялык талдоочу Майкл Лабуш муну тескери тенденция деп эсептейт. Ал апрель ыңкылабынын жетишкендиктери сакталып каларына үмүт артты:

- Апрель ыңкылабынан кийинки конституциялык өзгөртүүлөр - Кыргызстандын жаңы саясатынын башкы таянычы. Кыргыз коомунун ичиндеги кызыкдар топтор системаны кайра артка кайтарууга умтулушу мүмкүн. Мындай коркунучтар ар убак чыга берет.

Бирок мен парламенттик система Кыргызстандын саясатындагы стабилдештирүүчү факторлордун негизгиси болот деп үмүттөнөм. Президенттик шайлоонун алдында Алмазбек Атамбаев да конституциялык реформа артка кайтарылышын жактайт деген жоромолдор, ушак-айыңдар болгон. Бирок ал президенттин бийлиги чыңдалышын көздөгөнүнүн белгилерин азырынча көрсөтө элек.

Мен парламент Кыргызстанда бийликтин башкы инструменти бойдон калат деп үмүттөнөм. Мунун келечегине Батыш да көз салууда. Анткени ал Борбор Азиядагы ушундай системалардын алгачкысы.

Мен саясаттагы башкы оюнчулар оппозициячыл топторду артка кайтуу мүмкүн эместигине, Кыргызстан алдыга карай күчтүү жана кубаттуу парламент менен гана жыла аларына кадимки талкуулар аркылуу ынандыра алат деп үмүттөнөм.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG