Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33
Европадагы терең финансылык кризис, Америка менен Жапониянын өспөй аткан экономикасы, ошону менен бирге камчыласаң да жеткирбей кеткен Кытай, араб дүйнөсүндөгү кыйраткыч революциялар, диндердин күчөп бараткан кагылышы улам барган сайын эл арасында ар түрдүү ойлор, санаалар жаралууда: деги дүйнө кай жакты көздөй баратат?

Адамзаттын колу Марска жетип, ташы менен кумуна чейин фотосүрөтүн көрүп, чөнтөк телефон аркылуу дүйнөнүн каалаган жери менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган заманда адамдар өз ара тил таппай, дүйнө кайра кедерине кетеби деген суроо азыр нечен мыктымын деген эксперттерди, ойчулдарды ойго салууда.

Ошондой анализди белгилүү орус эксперти Модест Колеров “Независимая гезитинде” ортого салды. Анын оюнда араб дүйнөсүндөгү Батыш ар кандайынан колдоп аткан төңкөрүштөрдүн пайдасына караганда зыяны көп болот экен да, анын терс таасири бара-бара түндүк жакты көздөй тарап, акыры күрддөр эң көп жашаган үч мамлекет, атап айтканда Түркия, Сирия жана Ирак тополоңго түшчүдөй.

Андан соң Армения менен Азербайжан кайрадан кагышып, ортосуна терең жик салган Тоолуу Карабак үчүн катуу жаңжал чыгат, дейт орус эксперти. Акыр аягында Орусиянын ансыз да эч бир тынчыбай аткан Кавказ тарабы козголуп, ага Путиндин бийлигине нааразы болгон оппозиция кошул-ташыл болуп, аны Батыш колдоп, айтор, орус эксперти Модест Колеровдун болжолуна караганда дүйнөнүн келечеги, анын ичинде Орусиянын келечеги бир топ эле проблемалуу болот сыяктанат.

Бирок ошол эле Орусия кечээ жакында өтө манилүү бир иштин өтөсүнө чыкты. Атап айтканда, Владивостокто, Ыраакы Чыгышта Азия континентинин Тынч океанды тегеректеп жашаган мамлекеттеринин башы кошулуп, Америка, Жапония, Кытай, Таиланд, Вьетнам сыяктуу экономикалык лидерлер жыйналып, эркин соода жүргүзүү, бизнесмендерге виза маселесин жеңилдетүү сыяктуу көп маселелер каралды.

Бирок Орусия үчүн негизги маселе - кризистен башы чыкпай жаткан Европага багыт алгандан көрө чыгыш мамлекеттери менен тыгыз алака түзүп, батпай аткан газ менен кара майды ошол жакка сатуу болуп эсептелет. Ошону менен бирге болгону алты миллион адам жашаган Ыраакы Чыгышты, Сибирди экономикалык жактан көтөрүү, элдин турмушун оңдоо, инфраструктураны жакшыртуу да Орусиянын стратегиялык маанилүү максаттарынын бири.

Владивостоктогу саммитке Батыш басма сөзү абдан катуу көңүл бурду. The Wall Street Journal гезитинин пикири боюнча, бул саммиттин пайдасы баарынан Жапония үчүн чоң болчудай.

"Путин, - деп жазат журнал, - үчүнчү жолу президенттикке келгенден кийин Жапония менен жарашуу демилгесин биринчи жолу көтөрдү. Ал эми “жарашуу” жеген сөз Орусия чынында эле Жапонияга эзелтеден бери тиешелүү болуп келген Курил аралдарын кайтарып берсе гана болушу мүмкүн. Анда Жапония капталында турган Ыраакы Чыгышка жана Сибирге опол тоодой инвестицияларды берүүгө даяр, ошону менен бирге экинчи дүйнөлүк согуш убагынан бери кол коюлбай келаткан тынчтык келишимине кол коюлат, Орусия экономикалык жактан, айрыкча технологиялык жактан ого бетер тездеп өнүгөт".

The New York Times гезити Владивостоктогу мамлекет жетекчилеринин жолугушуусун "орус геосаясатынын чыгыш тарапка бет бурушу" деп жазды.

Ал эми Лондондон чыккан The Times гезити Путиндин бул саясатын Батышка болгон таарынчынын, ич күптүсүнүн белгиси, андан көрө орустар дүркүрөп өсүп бараткан Күн чыгыш мамлекеттери менен тыгыз алака түзүп, газ менен кара май сатуудан зор пайда көрүүнү максат кылып жатат деп белгиледи.

Ѳткөн аптадагы дагы бир маанилүү саясий окуя - Барак Обаманын президенттик экинчи мөөнөткө расмий түрдө аттанганы десек болот го. Ырас, Түндүк Каролина штатындагы Шарлотт шаарындагы демократтардын курултайы эч кандай сюрприз же сенсация алып келген жок, себеби Обаманын эмне деп айтаары, эмне убада кылаары башынан белгилүү болчу.

Бирок аны азыр Америкада аябагандай популярдуу Билл Клинтондун колдогону, Обаманын атаандашы Митт Ромнини абдан ишенимдүү кылып сындап бергени америкалыктарга бир топ катуу тасир этти, деп жазат The Wall Street Journal.

Азыр Обаманын рейтинги кайрадан алдыга чыкты, бирок алдыдагы 60 күндүк шайлоо марафонунда кимиси элдин купулуна толуп, кимиси биринчиликти алат, бул азырынча алдын ала болжол кылууга кыйын маселе, дейт Вашингтондон чыккан Time журналы.

Ага бир катар олуттуу себептер бар, дейт экинчи бир жаңылык агенттиги RBK Daily. Биринчиден, Америкада жумушсуздук эч бир кыскарбай жатат, АКШнын ички карызы 16 триллион долларгы чыкты, башкача айтканда, ар бир америкалыкка, ал гана эмес жаңы төрөлгөн балага да бөлө келгенде 51 миң доллардан карыз туура келет, дейт RBK Daily.

Учурдагы АКШнын бюджеттик тартыштыгы болсо 1.2 триллион доллар. Кыскасы, азыркы дүйнөдө проблема деген толтура. Азайган жок, көбөйүүнүн үстүндө. “Атаңдын көрү дүнүйө, арбыды мээнет күнүгө” деп “Манаста” бекеринен айтылбаган белем.
XS
SM
MD
LG