Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Дүйнөдө орус тилин билгендер азайды


Орус тилинен экзамен тапшырган мигранттар. Екатеринбург, Орусия.

Орус тилинен экзамен тапшырган мигранттар. Екатеринбург, Орусия.

“РИА Новости” интернет басылмасы кабарлагандай, НАТОнун чыгышка карай жылышы Борбор Азияда уланышы мүмкүн.

"НАТО Кытайга жакын жерде Азияга таасир этүү үчүн өзүнө плацдарм түзүп алууга аракет кылууда" дейт Орусиянын илимдер академиясынын АКШ жана Канада институтунун директорунун орун басары Павел Золотарев.

Эксперттин оюнда социалисттик система урагандан кийин НАТО мүмкүн болушунча таасирин күчөтүүгө аракеттенүүдө. Бул жерде Орусиянын бир гана Кытай менен достугу жетишсиз. “Эгер биз АКШ менен достошпосок, Кытайдын столунан технологиялык объектилерди жейбиз. Урушпастан, өз кызыкчылыктарды коргоо менен достошо билүү керек”, – деп эсептейт Золотарев.

Советтер Союзунун учурунда деле АКШ менен идеологиялык каршылыкта болгон Советтик Орусия өлкөнү индустриализацияоо үчүн америкалыктардын технологиялык дараметин колдонгону айтылат макалада.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Евразия экономикалык биримдигине кошулууга Вьетнам, Түркия, Индия жана Кытай кызыкдар деп айтканын «РИА Новости» интернет басылмасы жазып чыкты.

Экономикалык кризиске, экспорттолуучу негизги товарлардын баасынын кескин төмөндөшүнө жана Орусияга каршы санкцияларга карабастан, Евразиялык биримдиктин келечеги кең деп ишенет казак президенти. Мурунтадан Евразиялык экономикалык биримдиктин парламентинде Орусиянын президенти Владимир Путин казак кесиптешин жакында өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, алгач Бажы союзун, андан кийин Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирген.

Орус тилдүүлөрдүн азайышы – орус дүйнөсүн коллапска алып келет деп жазат “REGNUM” интернет басылмасы. Макалада өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында дүйнө жүзү боюнча 350 миллион адам орус тилинде сүйлөсө, азыр алардын саны 270 миллионго чейин кыскарганы айтылат.

Орусиянын Мамдумасынын КМШ жана евразиялык интеграция боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий постсоветтик аймакта орус тилин билбеген жаңы муун өсүп келатканын айтып, муну жоюу үчүн КМШ мамлекеттеринде орус мектептерди жана борборлорду ачуу керектигин айткан. Учурда орус тилдүүлөрдүн дүйнөсүнүн тарышына АКШны күнөөлөгөн Слуцкий, алардын башкы максаты - Украинадагы орус дүйнөсүнө орду толгус сокку уруу деп болжолдогон.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кабыл алынышы орусиялык жетекчилик көтөргөн саясий долбоор деп жазат “Независимая газета” басылмасынын серепчиси Виктория Панфилова. Бирдиктүү чек аранын айынан Казакстан да Кыргызстанды кошуп алууга мажбур болгон сыяктуу. Орусия азыр геосаясий максатын орундатуу үчүн айрым курмандыктарга барууга даяр.

Кыргызстанда орусиялык аскердик база жана бир катар өнөр жай объектилери бар, андан тышкары бул Евразиялык биримдикке Тажикстан менен Өзбекстанды дагы кошууга жакшы аракет деп баалайт серепчи. Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик университетинин аналитикалык борборунун директору Андрей Казанцев Борбор Азияда “алсыз звено” болгон Кыргызстанды Евразиялык биримдикке алуунун экономикалык жана саясий коркунучтарына кеңири токтолгон.

Эң башкы коркунуч – кытай товарларынын Кыргызстан аркылуу Орусия менен Казакстандын рыногуна чыгышы, экинчиси – ооган маңзатынын кыргыз чек аралары аркылуу Орусияга таркашынын күчөшү, үчүнчүсү – Орусияга агылган кыргызстандык эмгек миграциясынын өсүшү.

Эксперттин оюна караганда саясий стабилдүүлүгү жок мамлекетти биримдикке алуунун өзү чоң коркунуч. Кыргызстан болсо Москванын экономикалык жардамына муктаж жана бир гана Орусия Кыргызстандын коопсуздугунун гаранты деген ой айтылат макалада.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG