Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Сабырдын түбү сары алтынбы?


Митингчилер курчоосунда калган облус башчысы Эмилбек Каптагаев. (Кундуз Сырдыбаеванын сүрөтү - Kloop Media Foundation). 7-октябрь, 2013-жыл

Митингчилер курчоосунда калган облус башчысы Эмилбек Каптагаев. (Кундуз Сырдыбаеванын сүрөтү - Kloop Media Foundation). 7-октябрь, 2013-жыл

Караколдогу соңку окуялар элдин үрөйүн учурду. Өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаевди демонстранттар барымтага алып, машинасы менен кошо өрттөгөнү жатыптыр деген кабар өлкөгө чагылгандай тез тарады. Эки ыңкылапты башынан өткөргөн өлкө дагы эмне болуп кетээр экен деп кыйлага дымып калды. Кумтөрдөгү алтынга байланышкан бул соңку чатактан кийин "Азаттык" өзүнүн "Өңүт" программасын "эл мүдөөсүнө зордук-зомбулуксуз, кан төгүүсүз жетсе болобу?" деген темага арноону чечти.


Адам баласынын тарыхы бул зордук-зомбулуктун жана согуштардын тарыхы. Бирок улуу максаттарга эл чыдамкайлык жана сабырдуулук менен жеткен учурлар жок эмес. Индия Британиянын оторчулугунан, Түштүк Африка апартеидден дал ушул тынчтык мүнөздөгү каршылык көрсөтүү жолу менен кутулган.


Индиянын боштондук лидери Махатма Ганди, Түштүк Африканын экс-президенти Нелсон Мандела сыяктуу инсандардын күрөшү узак жана татаал болгон, бирок алар мамлекеттин келечектүү демократиялык системасын түптөөгө жетишкен.

Ганди менен Манделанын үлгүсү бүгүн да көп адамдарды куштарлантып келет. Сербдер үч ай бою көчөдөн кетпей, оюн куруп жатып, диктаторун кулатышкан. Кытайдын баскынчылыгы учурунда миллионго чукул улутташы кырылган тибеттиктер кытайларды аяшыбыз керек деп сабырдуулукту туу тутканы менен бүт дүйнөнү таң калдырып келет.

БИЗДИН АКТИВИСТ

Кыргыз коомунун да кочушу кур эмес. Тынчтык мүнөздөгү күрөштүн көрүнүктүү өкүлү Өндүрүш Токтонасыров чет өлкөдө талаштуу жагдайда каза тапкан кыргыз кызы боюнча дүйнөдөгү эң ири державалардын бирин ыкка келтире алган. Сабырдуу протест кыймылынын ардагери ал окуяны мындайча эскерди:

- Бир трагедиялуу учур болгон, Германияга бир программа менен Ишенаалы Арабаев атындагы университетти бүтүп, ошол жакка эмгек келишими менен иштөөгө барган Кундуз аттуу кызды мыкаачылык менен немис жараны өлтүргөн, ал тарап ишти жабыш үчүн Кундуздун сөөгүн Германияда калтырганга аракеттенген. Биз ошол күнү эки күн бою элчиликке басым жасап, талаптарды айтып жатып, Кундуздун сөөгүн өзүнүн туулган жерине алып келип койгонбуз.

Ө. Токтонасыров мамлекеттик тилге арналган жыйындын алдына пикетте, 2010-ж.

Ө. Токтонасыров мамлекеттик тилге арналган жыйындын алдына пикетте, 2010-ж.

Дайым эле көздөгөнүнө жете албаганы менен Өндүрүш Токтонасыров өтө талылуу маселелерди дароо көтөрүп, коомдук пикир жаратууда тынчтык жолдор менен өтө таасирлүү иштеп келет.

Ошондуктан, Караколдогу соңку окуялар аны кыйла кыжаалат кылды:

- Көлдүк туугандардын тынч жыйынга чогулуп туруп, өкмөттүн көлдөгү өкүлүнө, укук коргоо органдарынын адамдарына кол көтөрүп, ошондой ыпластыкка баргандыгын бир гана мен эмес эч ким колдобойт. Талап кылуунун жөнөкөй, ишенимдүү, маданияттуу жолдору бар. Кумтөр бир гана көлдүктөрдү эмес бүтүндөй Кыргызстанды санаага салып жаткан маселе. «Ачуу душман, акыл дос» деп коёт, бирөөлөрдүн өмүрүнө коркунуч келтиргендиктин өзү маданиятсыздык. Мен муну колдобойм, туура эмес.

Дүйнөдөгү эң ири кендердин бири болгон Кумтөрдөн Кыргызстанга маңдай жылытаарлык пайда түшпөгөндүгү, суулардын булгануу коркунучу көпчүлүктү катуу нааразы кылып келе жатканы түшүнүктүү.

Бардык эле талаш-тартыш мыйзамдуу жол менен чечилсе кана, бирок көп учурларда акыйкаттыктын жолу татаал болот экен. Анда мына ошондой татаал бирок зордук-зомбулуксуз күрөштү аркалаган замандаштарыбызга сөз берсек.

КЫЗЫЛ ТООНУН АЛТЫНЫ

Алардын бири Рамона Думиницоу Румынияда кесиптештери менен 300 тонна алтын уюган кенди 14 жылдан бери ачтырбай келатышат. Румыниянын түндүк батышындагы Рошия Монтана, кыргызча айтканда, Кызыл тоо деген аймактагы бул кенди иштетүү чечими 2000-жылы кабыл алынган.

Рамона мүчө болгон Рошия Монтананы сактап калуу кыймылынын ишениминде, кен казыла баштаса, 3 миң киши башка жакка көчүрүлүшү керек болот. Цианидден суулар булганып, эгер кырсык болсо, Румынияда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө 100 миңдеген киши жапа тартат:

Рамона Думиницоу: Рошия Монтанада алтын казабыз дегенден бери айыл чарбасы, ага негизделген туризм, токой чарбасы өнүкпөй калды. Алтын казылса, план боюнча, Рошия Монтана бир гана алтын өндүрүшүнө таянган аймак болуп калат. Рошия Монтананын аймагы алтынсыз өнүгө албайт деген таптакыр туура эмес жана мыйзамсыз ырастоо. Рошия Монтанада азыркыдан көп, сапаттуу, келечектеги муун да иштей ала турган жумуш орундарын түзүү мүмкүн.

Активисттерди алтынды цианид менен өндүрүү планы өзгөчө кабатыр кылат. Анткени алар Европадагы эң ири алтын кени болгон бул жерде төрт тоо тыптыйпыл талкаланганы аз келгенсип, анын айлана-чөйрөсү, суулары ууга каныгып, элдердин саламаттыгын бузат деп нааразы.

Рамона Думиницоу: Кен казуу кыйракан салуучу тармак. Кенди экологияга зыян келтирбей казса болот деп ырастаган бир да долбоорго ишенбейбиз. Бул жөн эле ооз көптүрүү. Алтынды зыянсыз казуу мүмкүн эмес. Экологиялык таза алтын кени деген бул дүйнөдө жок нерсе. Бирок кенди зыянсыз деген элдин башын айланткан манипуляция, калп кеп.

Ушул жерден Кыргызстандын өкмөтү да Кумтөр кенинен эч кандай зыян жок деп ырастап келаткандыгын эске салмакчыбыз.

15 жылдан бери Кумтөр кенин изилдеп келе жаткан мамлекеттик комиссиянын курамында иштеген эколог Калия Молдогазиеванын айтымында, өкмөт коомчулукка Кумтөр боюнча толук маалыматты бере албай жаткандыктан чоң суроолор жаралууда.

Калия Молдогазиева: Мөңгүлөрдүн арасында жер каймактагандан бери тоңуп жаткан катмарлар иштетилип, аябай чоң таасир болуп жатат. Кумтөрдүн башынан Нарын башталат, суу булганып жатат. Мамлекеттик комиссия абдан жакшы материалдарды берди. Сүйлөшүү жүргүзүү тобу аны толук колдонбой, дагы бир чет өлкөлүк уюмдарды жалдап, алардын жыйынтыгын бизге көрсөтпөй кандайдыр бир меморандум чыгарып койду, ошон үчүн ушунча элдин нааразычылыгы болуп, эксперттер да түшүнбөй жатат.

Индияны боштондукка жеткирген кыймылдын лидери Махатма Ганди, зордукчулуксуз күрөш идеясына шыктангандардын арасында Стив Мони да болгон.

Стив Мони Түштүк Африкада апартеидге каршы күрөштүн жол башчысы Нелсон Манделанын ишине салым кошкон активист. Ата-теги италиялык бул активист улуу максаттарга жетүүдө сабырдуулукту туу туткан лидерлердин болушу өзгөчө маанилүү дейт.

National Wake - Түштүк Африкадагы апартеид тушундагы алгачкы расалар аралашкан панк тобу, Стив Мони солдо

National Wake - Түштүк Африкадагы апартеид тушундагы алгачкы расалар аралашкан панк тобу, Стив Мони солдо

Апартеидге каршы күрөштө ал курал катары көркөм өнөрдү пайдаланган:

- «Нэшнел Уейк» деген панк тобубуз менен музыка ойнодук. Бул каралар менен актар бирге ойногон эң тунгуч панк тобу болчу. Италияда эки кино тарттым, бул өлкөдө киного акча табыш кыйын болчу. ЗАПО деген түштүк африкалык боштондук кыймылы менен иштештим.

Түштүк Африкада келгин ак түстүүлөрдүн зөөкүр үстөмдүгүнө негизделген системага каршы күрөштө куралдуу тактика да колдонулган, бирок мындай аракеттер чектелүү мүнөзгө ээ болгон.

Бул күрөштө активисттер жана Стив Мониге окшогон көркөм өнөр ээлери менен катар, журналисттердин аракети менен эл аралык коомдук пикир Түштүк Африкадагы ак түстүүлөрдүн бийлигине каршы бура алган. Натыйжада СССР менен катар, Батыш өлкөлөрү да Түштүк Африкага бойкот жарыялашкан. Банктар карыз бербей, бул өлкөнү спорт мелдештерине жана маданий иш-чараларга кошпой койгон.

Башкача айтканда, апартеидге каршы күрөштө көп багыттуу иш алып барылган жана Түштүк Африка боштондукка акыры куралдын күчү менен эмес, сүйлөшүү жолу менен жеткен.

Азыр италияда жашаган Стив Мони жалаң кара күч менен бийлик алмашкан күндө да негизги маселелер чечилбей калаарын белгилейт:

- Түштүк Африканын эли Махатма Ганди, Нелсон Мандела, Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Алберт Лу – тули (Chief Albert Lu- tuli) өңдөнгөн сабырдуулукту карманган көсөмдөрдү көрдү. Боштондук кыймылында бул адамдардын таасири өтө манаилүү болгон. Алар өздөрүнүн жүрүм-туруму, кылган иши менен элди зордукчулуксуз да боштондукка жетсе болооруна ынандыра алышкан. Зордукчулук бул күрөштүн бир гана элементи болушу мүмкүн, бирок андан пайда аз. Системаны алмаштырууда көп баскычта иш алып барыш керек. Биздин лидерлер эл аралык масштабда да иштеген. Түштүк Африканын өзүндө Тынчтык Мүнөздөгү Боштондук кыймылы деген болгон. Айлыкты көтөрүү, жумуш шартын жакшыртуу үчүн алар кесиптик кошуундар менен иштешкен. Бул өтө татаал күрөш. Аны жөнөкөй жол менен жүргүзүү мүмкүн эмес.

АКЫЙКАТТЫКТЫН УЗАК ЖОЛУ

Румынияда 17-октябрда Рошия Монтана тоосунда алтын казууга каршы ири демонстрация өткөнү жатат. 2002-жылдан бери уюшкан мүнөздө иш алып келаткан Рошия Монтананы сактап калуу уюмунун аракети менен бул кенден алтын өндүрүү эмдигиче баштала элек.

Аталган уюм мыйзам бузуулар боюнча улам сот ишин козгой берип, канадалык "Габриел Ресурсес" компаниясынын айласын кетирген. Акыры бул ишкана акцияларынын бир далайын башка кен казуучу компанияларга сатып жиберди. Бирок өкмөт да кен үчүн күрөшүн токтоткон жок. Ушуга байланыштуу акыркы айларда нааразылык акциялары кайра күч алды.

Рошия Монтананы сактап калуу уюму бул Кызыл тоодогу алтынды таптакыр казбоону, бул аймакты ЮНЕСКО коргогон жерге айлантууну, алтын казууда цианид колдонууга Румынияда, бүт Европада тыюу салынышын талап кылууда.

Уюмдун өкүлү Рамона Думинициу алтын кенин ачтырбоо үчүн күрөш узак убакытты, көп түйшүктүү эмгекти талап кылып келатканын мындайча белгиледи:

- Биз иш-аракетибизди 10 жыл мурда баштаганбыз, алтын кени боюнча көптөгөн мыйзамсыз административдик жардыктарды чыгарган өкмөттү көп жолу сотко бердик. Сотко кайрылуулар өтө таасирдүү чара болду. Акыркы бир жарым айдан бери демонстрацияларга элдин жабылып келиши өзүнөн өзү болуп калган жок, бул 14 жылдан берки күрөштүн натыйжасы.

Романа анын кыймылы тынчтык жана демократиялык мүнөзгө ээ экендигин баса белгилейт. Алар петиция, конференция, изилдөөлөр, иликтөөлөр аркылуу да иштешет.

Активисттин айтымында, кен казуучу компания кен ачылсын деген талап коюлган көп жүрүштөрдү жең ичинен уюштурду. Бул ишкана маалымат каражаттарынын көбүн реклама төлөмдөрү менен колго алып койгондуктан, алардын көбү оппозициянын пикирин чыгарбайт. Мындан тышкары коррупция, өтө бюрократиялашкан система да эбегейсиз кыйынчылыктарды жаратып келет.

Бийлик менен камыр-жумур болуп кеткен чоң бизнеске каршы теңдешсиз күрөштө активизмдин таасирдүү болушу үчүн мыйзамдарды, анын ичинде эл аралык мыйзамдарды, кен тармагы кандай иштээрин жакшы билиш керек.

Save Rosia Montana уюму өз тарабына билимдүү жана тажрыйбалуу мекендештерин тарта алды:

– Алтын кенине каршы күрөштүн эң кубантканы, бул горизонталдуу зор кыймыл. Ага уюмдар, адистер, жеке адамдар катышат. 100 миңдеген киши өз күчүн, тажрыйбасын, билимин ушул максатка жумшап келатат. Адвокаттар юридикалык бекер жардам беришет. Маданият, экология, социалдык-экономика тармактарындагы эксперттер, Илимдер Академиясы, Геология Улуттук институту, Румыниянын Экономикалык университети, Архитекторлордун Улуттук биримдиги сыяктуу көп сандаган институттар бул кендин коркунучу тууралуу адистик тыянактарын чыгарышты. Алар бекер иштеп беришти. Анткени алар өкмөт менен кен ишканасынын мыйзамсыз аракеттерин көрүштү. Анын үстүндө Рошия Монтанадай тоолорунун таш-талканы чыккан өлкөдө жашагылары келбейт.

Рамона бардык кыйынчылыктарга карабастан, акыркы 14 жыл ичинде бир да жолу бул кен ачылбай тургандыгынан күмөн санаган эмес. Анын сөзү боюнча, 2000 жылдык тарыхы бар, өлкөдөгү эң байыркы тарыхый эстеликтер жайгашкан жана улуттук маданияттын чордону болгон Рошия Монтана бүгүн АКЫЙКАТТЫК менен ЭРКИНДИКТИН СИМВОЛУНА айланды.

ДААНЫШМАН ЛИДЕР ТАҢСЫКТЫГЫ

Теңсиздикти көрүп туруп, акыйкаттыкка жетиш мүмкүн экендигине көзү жетпеген демонстранттарга сабырдуу бол дегенден канча майнап чыгат. Ошол эле убакта карапайым эл популист же өзүмчүл саясаттын оюнчугуна айланган кырдаалда кылмышкер же зордукчул элементтер тизгинди өз колуна алган учурлар болуп жатканы таң калдырбайт.

Ушундан улам Түштүк Африкадагы апартеидге каршы тынчтык мүнөздөгү күрөштүн ардагери Стив Мони акыйкаттык үчүн күрөштө жалпы кызыкчылыкты ойлогон лидерлерсиз максатка жетиш кыйын дейт:

- Африкада болобу, Азияда болобу, чоң бизнес бирдей эле жолдор менен иштейт. Алардын ишин көзөмөлдөп, алардын мыйзам чегинде жана өлкөнүн кызыкчылыгында иш алып барышы үчүн шарт түзүү, тийиштүү структураларды куруу бул лидерлердин милдети. Мындай структураларга бардык жарандар ишениши керек. Өз кекиртегин гана ойлогон адамдардан акыры жакшылык болбойт. Анткени эл демократиядан көңүл калды болот, өз ара кырылышып, жакырлыктын чеңгелинде кала берет.

Ал эми Румынияда алтын кенин иштетүүгө каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүп келаткан уюмдун өкүлү акыйкаттыкка жетиш үчүн жалпы максатты көздөгөн күрөштү улантуудан башка айла жок дейт. Рамона Думинициу бирок зордукчулукка жол бербөө зарыл экендигин мындайча эскертти:

Зордукчулук жеңишке алып келе албай турган тактика. Өкмөттөр менен кен компаниялары зордукчулукка кандай жооп бериш керек экендигин билишет. Тынчтык жол менен күрөш узак жана өтө оор жол. Бирок биз күрөштүн ушундай жолун эң таасирлүү жана келечектүү деп эсептейбиз.

Кыргызстанда жеке активист Өндүрүш Токтонасыров да тынчтык жол менен күрөштүн ыкмаларын жогору баалайт.

- Нааразылык билдирүүнүн өзүнчө жолдору бар, маданияттуулук керек.
Максатка жетүүнүн, талап коё билүүнүн өзүнчө жолдору бар. Биринчи - сабырдуулук, маданияттуулук анан чечкиндүүлүк керек.


Ал эми маданияттуулукту сактоонун эң ишенимдүү жолдорунун бири бул чыгармачылык. Ардагер активист чыгармачыл идеяларды кайдан алат болду экен?

Айзада Касмалиева: Сиз бир учурларда шайтандын кийимин кийип алып, жерге жатып алып, акцияга чыгып элди таң калтырган элеңиз. Мындай ыкмаларды сиз кантип ойлоп табасыз?

Өндүрүш Токтонасыров: Ал менин жеке өзүмдүн инсценировкам деп койсом болот, сценарий жазып алам. Аны түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар. Ал тургай мени психикасы туура эмес, оорукчан киши катары карагандар бар. Андай учурда суроо бергендер болсо мен бетке эле айтам. Мен антпейм, менин негизги максатым - ошондой жөнөкөй кандайдыр бир кызыктуу иш-чара - инсценировка аркылуу бир таасир болсо экен, бир жыйынтык чыкса экен деген эле аракет.

Айзада Касмалиева: Сиздин ыкмаңыз, ар кандай ыкма менен чыгып жатканыңыз эмне үчүн башкаларга тарабайт?

Өндүрүш Токтонасыров: Башкалар көп окушу керек го дейм. Токтонасыров пикетке чыкса эле ушундайларды ойлоп чыга калат деп айтышат. Мен анализдейм, көп окуйм, жөн эле чыгат десе эле чыга бербейм, өзүм толгоном, актер сыяктуу эле бир образга кире тургандай болуп...

СӨЗ СОҢУ

Токтонасыров бизге азыр жаңы акция даярдап жаткандыгын билдирди. Бирок ал "акциянын максаты жана анда кандай кийим кийип, кандай кыймыл-аракет көрсөтөөрүмдү айтпай турайын», - деп суранды.
  • 16x9 Image

    Жаңыл Жусупжан

    "Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011). 

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG