Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Ноябрь айынын экинчи аптасы дүйнөлүк Сапат күнү катары белгиленип келатат. “Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусу сапат маселесине арналды.

Талкууга “Фармани” айыл чарба компаниясынын башкы директору, Кыргыз либерал партиясынын мүчөсү Манас Саматов жана Социалдык коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишева катышты.

Бул күн 1989-жылы Бириккен Улуттар уюмунун колдоосу, Европа сапат уюмунун демилгеси менен кабыл алынган. Ал тамак-аш, кызмат көрсөтүү, жалпы эле сапатты көтөрүү максатында кабыл алынган экен.





“Азаттык”: Тамак-аштын, кийимдин, тейлөөнүн, саламаттыктын, билим берүүнүн сапаты азыр бүт дүйнөдө башкы орунга чыгып жатат. Кыргызстанда азык-түлүктүн, кийим-кечектин сапатына анча көңүл бурулбайт деген ой канчалык жөндүү?

Гүлнара Дербишева: Биздин социалдык коргоо тармакта сапатка бааланган нерсе - социалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү болуп эсептелет.

Азыркы учурда биздин системада жүзгө жакын ар кандай социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Бирок азыркы учурда аябай көп социалдык кызматтарды мамлекет өзү буйрутма жасайт, ошол эле кызматты мамлекет өзү аткарат.

Мамлекеттик ири мекеме-ишканалар сапаттуу тейлөө көрсөтүп, өздөрүн-өздөрү кантип баалайт деп айтып атабыз. Азыркы учурда мамлекет аябай көп уюмдарды же менчик уюмдарга, же мамлекеттик эмес уюмдарга өткөрүп бериш керек. Анткени көп социалдык кызматтардын жер-жерлерде сапаты аябай төмөн болуп атат.

2006-жылдагы өкмөттүн токтомуна ылайык, азыр Кыргызстанда 250гө жакын ар кандай мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар көрсөтүлөт, анын ичинен 150сү акчалай түрдө көрсөтүлөт, калганы акысыз. Бирок ошол эле мезгилде жалпы тунгучта азыр Кыргызстанда 24 миңге жакын ар кандай мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар көрсөтүлөт. Ошону иреттеп, атайын чоң реесторду түзүп, ага сөзсүз стандарт иштеп чыгыш керек.

“Азаттык”: Манас мырза, Кыргызстанда азык-түлүктүн, кийим-кечектин сапатына анчалык көңүл бурулбайт деген пикирлерге кандай ойдосуз?

Манас Саматов: Сапат көп кырдуу түшүнүк. Жалпы дүйнө жүзүндө турмуш динамикасы таптакыр башкача нукта баратат. Тиричиликтеги жөнөкөй тамак-аштын, кийим-кечектин сапатынан, же кайсы бир тармакта тейлөөнүн сапатынан тышкары ушул күндө жаңы түшүнүктөр пайда боло баштады.

Мисалы, адам сапаты, жашоо сапаты, мамлекеттик чиновниктердин элди тейлөө сапаты деген сыяктуу. Балким ушул багытта кененирээк сөз кылганыбыз оңдур. Себеби турмуш-тиричилик чөйрөсүндөгү тейлөө жөнөкөй болуп эсептелет.

“Азаттык”: Бирок ошол жөнөкөй нерседен башталып атпайбы. Кыргызстанда мен угармандарга собол салганымда, тейлөө тармагы аябай аксайт деп белгилешти эле. Сиз чет өлкөлөрдө көп жүрөсүз, салыштырмалуу кандай, Кыргызстан өтө эле арттабы?
Алдыңкы өлкөлөр эмне үчүн бай? Эгерде курулуш жасай турган болсо, алар 500 жылдык кылып салат экен. Ал эми кийинки муундар жашоо шартын замандын талабына жараша аз чыгым менен өзгөртүшү мүмкүн.

Манас Саматов: Өзүн-өзү сыйлаган мамлекеттерде кишилер колдоно турган буюмдардын сапатына болгон стандарттары бар. Өзгөчө өндүрүш каражаттарына, тамак-ашка болгон стандарттары өтө жогору. Ошол көз караш менен караганда, биздеги андай стандарттар бүгүнкү талаптарга жооп бербейт. Бизде кимдин колунан келсе, Кытайдан болобу, башка жактан болобу, сапатын текшербестен алып келип элге сунуштай берет. Бул өңүттө өтө көп кемчиликтер бар.

“Азаттык”: Фирманын, же компаниянын бедели, кирешеси жана адамдын саламаттыгы сапатка байланыштуу деген тыянакка макулсузбу?

Манас Саматов: Товардын, же алынып келинген буюмдун сапатын лицензиясы бар фирмалар, же мамлекеттик уюмдар белгилейт. Ал жерден кимдин тааныш-билиши болсо, өтүп кете бере тургандай жылчыктары бар. Себеби жалпы стандарт, талап жок.

Үй-бүлөгө бир буюм көтөрүп келүүдөн мурда, өзүңүздү сыйласаңыз, үйгө босогодон сапатсыз буюмду көтөрүп кирбейбиз. Ошондой эле эрежени мамлекеттик масштабда көтөрүш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Бирок ошого элдин аң-сезими, мүмкүнчүлүгү жеттиби?

Гүлнара Дербишева: Чындыгында ар бир сапаттуу кызматты көрсөткөндөн кийин, аны бирөө баалаш керек. Бирок, тилекке каршы, аз гана коомдук уюмдар баа берип, сынга алып айтканы аз болуп атат. Анткени кызмат алган жарандарыбыз сот аркылуу товар сапатсыз алынды, же кызматты сапатсыз алдым деп кайрылгандар аябай аз болуп атат.

Биздин жарандарыбыз сапатсыз товарды, сапатсыз кызматты алгандан кийин сөзсүз түрдө өзүнүн ой-пикирин айтып, баа берип, үйрөнө-билиш керек. Эгерде өз таламын талашпаса, анда товарыбыз, кызматыбыз ошондой сапатсыз бериле берет.

“Азаттык”: Кыргызстанда белгиси жок товарларды көп чыгарышат, белгиси жок товарлар көп кирет. Ушуну кантип көзөмөлдөш керек? Дегеле белги деген нерсени кантип киргизиш керек?

Гүлнара Дербишева: Мамлекеттик деңгээлде аябай көзөмөл катуу болуш керек. Анткени биринчи кезекте биздин жарандарыбыздын ден соолугу турат. Мамлекет жарандарыбызды товар менен камсыз кылганда биринчи кезекте мамлекеттин, жарандардын кызыкчылыгы туруш керек. Ал эми кандайдыр бир пайда кийинки кезекте туруш керек.
Канчалык элдин жашоо деңгээлин көтөрсөк, ошончолук биздин товарларыбыздын сапаты да көтөрүлөт.

“Азаттык”: Жай мезгилинде туристтерди көбүрөк тартабыз деп аракет кылганы менен, тейлөө абдан начар экени көп айтылат. Тейлөө жагын кантип жакшыртыш керек, ага шарт түзүп бериш керекпи, же башка дагы жагдайлар барбы?

Манас Саматов: Бул жерде адамдын адамкерчилик деңгээли жөнүндө эмес, адам сапаты жөнүндө сөз болуп атат. Акыркы 20 жылга көз чаптыра турган болсок, кыргыз жаранынын адамдык сапаты кескин өзгөрдү. Эл өз алдынча оокат кылганга үйрөндү, мурдагыдай түрмөдө жүргөндөй болбой, дүйнөнү кыдырып, көп жакшы нерселерди үйрөнүп келди. Бул көз караш менен караганда адам сапаты өтө жогорулады.

Туристтик тейлөөнү жакшы уюштура билген адамдар кимдер? Четтеги кызматты өздөрү кабыл алып, көргөн кишилер уюштуруп жатат. Демек көргөн башка, мамлекеттик кызматчылар иштеп чыккан стандарттар башка. Адам сапатын жогорулата билсек, калганы ээрчип жөнөйт болуш керек деген философияны айткым келет.

“Азаттык”: Сырттан келип аткан товарларды ким көзөмөлдөш керек? Жөнөкөй балдардын оюнчугун алалы. Алып алгандан кийин аллергия болду деген сөздөр көп айтылат.

Гүлнара Дербишева: Мындай маселе көп. Биринчи кезекте чек ара көзөмөлүнөн өтүш керек. Андан тышкары санэпидем кызматтар ишти күчөтүш керек. Андай болбосо улуттун генофонду коркунучта болушу мүмкүн. Жогорку Кеңеште бир топ техникалык регламенттер талкууланып алынып атат. Ошол эле учурда эл өзү да таламын талаша билиш керек.

“Азаттык”: Адамдын сапатын кантип өнүктүрүш керек?

Манас Саматов: Адам сапатынын негизги элементи - адам эркиндиги, ошонун ичинде ишмердүүлүк эркиндиги. Атуулдардын ишмердүүлүк эркиндигин күчөтүш керек. Ал эми мамлекеттик тараптан алардын кийлигишүүсүн кескин чектеш керек.

“Азаттык”: Менчик, жеке фирмаларга нааразылык көп болуп атпайбы.

Манас Саматов: Бул дүйнөлүк практика. Ар бир иш башталганда мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн, мүдүрүлөт. Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин кашында 3-4 кабаттуу ветеринардык кызмат бар, элге эч кандай пайдасы жок.

“Азаттык”: Жакшы жашоонун көрсөткүчү сапат деп белгилеп келебиз. Советтер Союзу убагында сапат белгиси коюлчу эле. Кыргызстанда адамдар сапатты кантип аныкташ керек?

Гүлнара Дербишева: Сапатты таасиринен баалаш керек. Ар бир сапаттын таасирдүүлүгүн кантип бааласа болот? Мисалы, турмушуң кичине оңоло баштаса, демек мамлекеттик кызмат жакшы көрсөтүлдү. Эгерде кызматты алып, жашоо турмушуң оңолбой, ошол эле абалда калса, демек сапаттын таасирдүүлүгү жок болду деп эсептейм.

“Азаттык”: Бизде ушундай түшүнүк бар, эгер кымбат болсо сапаттуу, арзан болсо сапатсыз деп эсептелет. Чын эле кымбат нерсе сапаттуу болушу мүмкүнбү?

Манас Саматов: Албетте. Мунун түз пропоциясы бар. Сапат дегенде эмнени түшүнөбүз? Биринчи, ошол буюмдун кызмат өтөө мөөнөтү. Экинчи анын кишиге кызмат өтөө жөндөмдүүлүгү, жагымдуулугу. Андан кийин өзүн-өзү актоо мөөнөтү. Бардык элементтерин талдап, тандап, анан сатып аласыз.

“Азаттык”: Кыргызстанда толугу менен сапатка көңүл бурууга мүмкүнчүлүк жок го дейм. Себеби иштебеген адамдар көп. Муну кантип колго алабыз?

Гүлнара Дербишева: Андай пессимист болбош керек. Кандай болсо да бизде аракет көп. Азыр мамлекет кызматтарды тейлөө жагын иретке келтирип, бирдиктүү реестор иштеп чыгып атат. Ал реесторду иштеп чыкканда, сапатсыз, керектүү эмес, бирин-бири кайталаган, пайдасы жок кызматтарды алып коюп атат.

Азыркы убакта көп мамлекеттик кызматтар акчалай, сооплата түрүндө көрсөтүп атат. Бирок жарандардан аны алгандан кийин мамлекет сапатты көтөрүш керек. Биздин жүзгө жакын социалдык тейлөө кызматтардын стандартын иштеп чыгып атабыз. Керектүү эмес, ашыкча болгон кызматтарды мамлекеттик эмес уюмдарга, же мүмкүнчүлүк болсо менчик уюмдарга берип атабыз.

“Азаттык”: Азык-түлүк болобу, кийим кечекпи, айтор кардардын укуктары кымындай да эске алынбайт деген пикирлер арбын. Анан кардарлар да өз укуктарын билбейт. Эгер товардын кемчилигин үйдөн көрүп калса, барып кайра алмаштырууга баары эле ынанбайт. Балким кардарлардын өздөрүнүн укуктарын билгенде, сапат маселесине көбүрөк көңүл бурулат го?

Манас Саматов: Бул майда деңгээлдеги эрежелер. Мурда кыргыздар үй курат элек, 30 жылда физикалык жактан да, моралдык жактан да үйүбүз эскирип калган. Балдарыбыз ал үйдө жашагандан уялат. Ал үйдү бузуп, кайрадан салат. Ар бир муундун өмүрү үй салуу менен убара болуп калып атат. Бул таптакыр болбогон эреже.

Мисалы, алдыңкы өлкөлөр эмне үчүн бай? Эгерде курулуш жасай турган болсо, алар 500 жылдык кылып салат экен. Ал эми кийинки муундар жашоо шартын замандын талабына жараша аз чыгым менен өзгөртүшү мүмкүн. Ошондуктан сапат деген өтө терең түшүнүк. 20 жылдын ичинде биздин эл өстү. Азыр жашоо шарттары 20 жылга салыштырмалуу өтө жогору.

Көп жерде биз турмуштан үйрөнүшүбүз керек. Мамлекеттик бийлик да турмуштан көп нерсени алып, керексиз элементтерин, кожоюндук позиция менен боло тургандарын жоготуп туруп, элдик тейлөө багытына өткөнү туура деп эсептейм.

“Азаттык”: Мисалы, тамак-ашты алсак, жакшы колбаса алам десек баасы кымбат, ошондуктан арзаныраагын алышат. Балким элдин жашоосу көтөрүлгөндө сапат маселесине көңүл бурулат го деп ойлойм.

Гүлнара Дербишева: Анын байланышы түздөн-түз, канчалык элдин жашоо деңгээлин көтөрсөк, ошончолук биздин товарларыбыздын сапаттары да көтөрүлөт. Бизде өлкөдө кээде такыр башкача болот. Ошол эле көп акчаны төлөп сапатсыз товар аласың, же арзан сапаттуу товар алсаң болот.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG