Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

Дүйнөдө качкындар эмнеге көбөйдү?


Пакистандан келген ооган качкыны БУУнун Качкындар агенттигинин Кабулдагы лагеринде, 20-июнь, 2013

Пакистандан келген ооган качкыны БУУнун Качкындар агенттигинин Кабулдагы лагеринде, 20-июнь, 2013

“Азаттык” соңку бир жыл ичиндеги дүйнө качкындарынын абалына таасир эткен жагдайларга жана Кыргызстандагы 2010-жылкы июнь окуялардан кийин өлкөдөн качкан өзбек улутундагылардын абалына кызыккан.

Мекениңде өзүңдүн, жакындарыңдын өмүрү коркунучта калганда эптеп качкандан башка арга калбайт. Андан ары бөтөн жердин абасы да, эли да, тили да, мамилеси да башка...

Бириккен улуттар уюмунун Качкындар агенттиги соңку жылдык баяндамасында “абал начарлап кеткенин” даана белгиледи. Буга негизги себеп катары тигил же бул мамлекеттеги атышууларды, конфликттерди атады.

Документте айтылгандай, былтыр дүйнөдө өз там-жайын таштай качуудан башка арга таппаган элдин саны 7,6 млн. адамды түзгөн же ар бир төрт секундада бир адам ушундай тагдырга туш болуп турган.

1994-жылдан бери качкындардын саны мынчалык көбөйгөн эмес болчу. Ал жылкы жагдай Руандадагы геноцид, мурдагы Югославиядагы кан төгүүлөрдүн кызыган учуру менен өзгөчөлөнгөн эле.

Ал эми 2012-жылы качкындардын санына Сириядагы согуш, Ооганстандагы, Ирактагы, Сомалидеги коопсуздуктун начар абалы өзгөчө таасирин тийгизди.

Кыргызстандык өзбектер

Өз мекенин таштай качкандардын ичинде кыргызстандык өзбектер да бар. 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңдан кийин өлкөнүн түштүгүнөн жүздөгөн өзбектер Орусияга, Түркияга, Европага жана башка жактарга качып кетишкен. Алардын айрымдары мекенинде июнь коогасындагы адам өлтүрүүлөр үчүн айыпталып, сыртынан соттолгон. Өздөрүн алар күнөөлүү деп эсептебейт, ошондуктан качкын макамы үчүн арыз беришкен.

Жалал-Абаддагы “Санпа” пахта заводунун жанында жолдун боюндагы адам өлтүрүүлөр боюнча айыпталгандардын айрымдары Орусияда башкалкалап жүрүшөт. Аларды кыргыз бийликтери өзүнө өткөрүп беришин суранып, орус укук коргоо органдарына кайрылышкан. Анын негизинде Орусиянын Башкы прокуратурасы өзбек улутундагы кыргызстандыктар Гайратбек Салиевди, Бахтиер Мамашевди жана Махаммадилло Кадиржановду Кыргызстанга өткөрүп берүү чечимин чыгарган болчу. Бул чечимге каршы айыпталгандар менен алардын адвокаттары өлкөнүн Жогорку Сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Жогорку Сот ишти 19-июнда карап, алардын бири – Салиевди – Кыргызстанга өткөрүп берүү чечимин чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Адам укуктары институтунун “Башпаанекке укук” деген программасынын башчысы Елена Рябинина бирок “Салиев экстрадицияланбайт” дейт.

"Бул дегени Салиевди экстрадициялайт дегенди билдирмек. Бирок андан бир күн мурун биз Европа сотуна жиберген арызыбызга оң жооп алган болчубуз. Европа сотунан биз бул иш боюнча соттун регламентинин №39 эрежесин колдонууну суранган элек. Ал эреже Орусиянын Жогорку Сотунун “айыпталуучуну өз мекенине күчтөп жиберүүнү анын иши сотто каралмайынча” токтотуп коё алат. Эми Орусия, экстрадиция боюнча чечим күчүнө киргенине карабай, Салиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүгө акысы жок”, - деди укук коргоочу Рябинина.

Айыпталгандардын калган экөөнүн доо арызы кийинчерээк карала турган болду. "Эми аларды коргоодо да ушул эле тактиканы колдонобуз", - дейт ал.

"Кийинки иш 4-июлда каралат, анда Кадыржановдун абалы боюнча чечим чыгарылат. Биз ал боюнча да ушул эле жол менен Страсбургга арыз жөнөтөбүз. Анын жыйынтыгы да кечээгидей болот го деп үмүттөнүп турам. Мамашевдин иши азырынча Жогорку Сотко түшө элек, бирок ал боюнча да Европа сотуна кайрылабыз, - деди укук коргоочу. - Биз өз өлкөсүндө этникалык, диний же саясий себептер менен куугунттукталып жаткан адамдарды коргогон учурда дайыма Европа сотунун ошол 39-эрежесин колдонгонго аракет кылабыз".

Укук коргоочу Рябининанын айтымында, июнь коогасынан кийин кыргыз бийликтери Орусияга өзүнүн жарандарын өткөрүп беришин сурап көп жолу кайрылган, бирок адатта ал арыздарды Орусия канааттандырган эмес.

"2011-жылдын январынан бери кыргызстандык өзбектерди экстрадициялоо боюнча арыздар толтура келип жатат. Мен алардын так санын билбейм. Биздин уюм эле андай арыздардын 10дон ашууну менен иштеген. Бирок көпчүлүк учурларда Орусия аягында аларды Бишкекке өткөрүп бербөө чечимин кабыл алган жана ошол өзбектерге “убактылуу башкалка” берген", - деди “Азаттыкка” Адам укуктары институтунун “Башпаанекке укук” деген программасынын башчысы Елена Рябинина.

Деги Европа сотунун 39-эрежеси эмнени билдирет? Бул суроо менен мен Москвада көп жылдардан бери качкындар, мигранттар менен иштеп жүргөн белгилүү укук коргоочу, “Жарандык көмөктөшүү” деп аталган борбордун төрайымы Светлана Ганнушкинага кайрылдым.

"Мындай учурларда биз көбүнчө Европа сотунун 39-эрежесин колдонууга арыз беребиз. Мунун мааниси “соттун акыркы чечими чыкканга чейин айыпталып жаткан кишини мекенине экстрадициялоого тыюу салуу боюнча алдын ала аракет” дегенди билдирет. Демек тигил же бул сот ал адамдын иши сотто каралып, акыркы чечим чыкканга чейин эч ким аны өз өлкөсүнө өткөрүп бере албайт. Биз муну Өзбекстандан саясий себептерден улам качкан өзбектерге колдонуп келдик жана Европа соту ошол эрежесинин так аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзүп келди. Анткени Өзбекстанда ал жарандардын Европа конвенциясы боюнча негизги укуктары бузулат деп ишенет, бул - өмүрүнө коркунуч жана кыйноолор боюнча беренелер. Бирок акыркы мезгилдерде эмнегедир Европа соту позициясын бир аз бошоңдоткондой болуп жатат, мунун себебин түшүнбөй турам. Менимче, бул начар тенденция. Анткени Өзбекстанда абал жакшырган жери жок. Эмнеси болсо да, баары бир Европа соту мындай учурларда биздин акыркы үмүтүбүз, ал көп учурда чындап эффективдүүлүгүн көрсөткөн", - дейт Светлана Ганнушкина.

Кыргызстандан 2010-жылдын июнундагы окуядан кийин сыртка качкан өзбектердин ичинен Орусияда жана башка мамлекеттерде качкын макамы үчүн арыз бергендер көп болгон. Алардын ичинде Түркияда качкын макамын алып, бирок акыркы үчүнчү өлкөгө көчүүгө укук алуу чечимин күтүп жаткандар бар. Бирок Орусияда, биз сүйлөшкөн укук коргоочулардын айтымында, эч кимге азырынча качкын макамы бериле элек.

(Программаны толугу менен аудио форматында угуңуз)

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG