Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Кыргызстанда Илимдер академиясы бар. Илим экономикага кандай салым кошууда?

"Арай көз чарай" талкуусуна Илимдер академиясынын жетекчиси Шарипа Жоробекова, Инновациялык технологиялар боюнча эл аралык университеттин ректору Улукбек Бегалиев, Жогорку Кеңештин Билим, илим жана маданият комитетинин төрага орун басары Каныбек Осмоналиев жана техника илимдеринин доктору Роман Оморов катышты.

“Азаттык”: Шарипа айым, Илим күнү менен куттуктайбыз. Илимдин очогу болгон Илимдер академиясынын абалы кандай?

Шарипа Жоробекова: Улуттук илимдер академиясынын абалы жакшы. Анткени биздин өлкөдө шартка жараша Академияга, илим тармагына көңүл бурулуп атат. Эки ай мурда илимпоздордун айлыгын эки эсе көбөйттү.

“Азаттык”: Илимдин кайсы бир тармагына артыкчылык берип, илимди каржылоо жагы кандай болуп жатат? Бул жагынан өнүгүү, тандап алган багыттар барбы?

Шарипа Жоробекова: Сөзсүз, Илимдер академиясында артыкчылыктуу багыттар бар. Алар: суу, экология, биотехнология проблемасы. Андан башка бизде тоолордо иштей турган унааларды чыгарган тармак иштеп жатат жана руханий дүйнөнү көбөйтө турган институттарыбыз бар.

“Азаттык”: Илимдер академиясында Технопаркты түзүү аракети көптөн бери көрүлүп жатат. Көзгө көрүнөрлүк жылыштар барбы?

Роман Оморов: Албетте бар. Институттардын көбүндө жакшынакай табылгалар бар. Бирок каржы жагынан маселе бар.

“Азаттык”: Коомчулук билген, дүйнөнү дүң эттирбесек да, Кыргызстанды алдыга сүрөй турган эмне жасалды?

Роман Оморов: Тоо-кен унааларды куруу жагынан абдан жакшы жетишкендиктер бар. Мурда Токтогул ГЭСин тургузганга колдонулган, башка ГЭСтерди курууга да, тоо-кендерди казганга да колдоно турган жабдык, унаалар бар.

“Азаттык”: Технопаркта азыркы мезгилге заманбап технология боюнча барбы?

Роман Оморов: Нанотехнология боюнча лаборатория бар. Бирок каржы болмоюнча ал натыйжа бербейт.
Нобел сыйлыгын алыш үчүн биздин окумуштууларга шарт түзүп бериш керек. Ошондо бир кыргыз мүмкүн сыйлык алып калаар.

“Азаттык”: Каныбек мырза, кыргыз илиминин абалы кандай, эмки жылга бюджеттен канча акча каралган, илимий иштерди, практикаларды жүргүзүүгө акча каралганбы?

Каныбек Осмоналиев: Бул абдан орчундуу маанилүү маселе болуп атат. Азыр эсептесем, 0,12ден да түшүп кетиптир, 0,07 деген цифраны алып атабыз. Бул дүйнө жүзү боюнча эң начар. Ошондуктан Жогорку Кеңештин алдында чоң маселе турат.

Биз биринчи илимпоздордон бир нерсени талап кылаардын алдында каражат жөнүндө сөз кылышыбыз керек. Акыркы беш жылда инфляцияны эсептегенде бир дагы тыйын кошулбаптыр. Былтыр 94 млн. Билим берүү министрлиги, Академия аркылуу жарыбаган акча бөлүнүптүр. Бул жок деген нерсе.

Өкмөт менен мамлекеттин саясаты жаман экендиги, таштап койгондугу көрүнүп турат. Мен комитетте бул маселени көтөрдүм. Атайын топ түздүк, бюджетти карап атабыз. Эми бул маселени же ары жагына, же бери жагына кылып, бир жансыл чечишибиз керек.

“Азаттык”: Улукбек мырза, сиздердин окуу жайдын аты заманбап экен. Кайсы багыттагы технологияларды өнүктүрүүнү көздөп жатасыздар?

Улукбек Бегалиев: Мен Илимдер академиясына чоң жаңылык киргизем деп айта албайм. Бирок өзүбүздүн окуу жай жөнүндө айтсам болот.

Биринчиден, Инновациялык технологиялык университетте нанотехнологияга жете албайбыз. Бирок материал таануу, архитектура, азыркы заманбап дизайн, инновациялык технологиянын менеджменти деген адистиктер бар. Ошондой багыттар менен балдарды тарбиялап атабыз.

Инновациялык технология мурда эстен чыгып кеткен, үзгүлтүксүз окуу, мектеп, лицей, коллеждердин багытын колдоп, ошондой эле жогорку окуу жайлардагы илимди күчөтүү багытында иштеп атабыз. Биз Илимдер академиясы менен өтө тыгыз иштейбиз.

Илим менен билимди бириктирип, бирдей багытта интеграция кылмайынча илимге мамлекет анчалык каражат жумшай албайт. Өкмөт адегенде илимге жардам кылам десе, жабдыктарды жаңылап бериш керек. Окуу жайлар менен Илимдер академиясы тыгыз байланышта интеграцияланса жаш кадрлар менен байланышта иштешмек.

Шарипа Жоробекова: Эң биринчи проблема - илимий тармакта бул координацияны кайсы мекеме жасайт - ошону белгилеп алышыбыз керек. Илимге 315 млн. сом берилет, ошонун ичинен 94 млн. жогорку окуу жайлардагы болгон топторго берилет. Академияга былтыр 160 млн. сом берилген, эми айлык көбөйгөн үчүн быйыл 199 млн. сом берилди. Тартыш болуп атып дагы 20 млн. сомду илимдин өнүгүүсүнө берди.

Илимдин өнүгүшү үчүн жабдык керек. Азыркы жабдыктардын баары аябай кымбат, 20 миллионго эч нерсе ала албайбыз. Бирок биз Академияда жамааттык колдонуучу борборун түзө баштадык. Илимий мекемелердин жабдыктарынын баарын бир жерге топтоп, окумуштуулар кайда болсо да ошол жабдыктар менен иштегенге мүмкүнчүлүк түзсөк деп атабыз.
Тоо-кен унааларды куруу жагынан абдан жакшы жетишкендиктер бар. Мурда Токтогул ГЭСин тургузганга колдонулган, башка ГЭСтерди курууга да, тоо-кендерди казганга да колдоно турган жабдык, унаалар бар.

Академия түздөн-түз өкмөткө карайт, ЖОЖдор өзүнүн министрлигине карайт. Жогорку Кеңешке азыр биз Инновациялык илимдин кодексинин долбоорун бердик. Азыркы комитет бизге аябай жакшы көңүл бөлүп, мыйзамдарды карап атышат. Биринчиден, координациялоо болуш керек. Экинчиден, акчаны бөлүштүрүүнү караш керек.

“Азаттык”: Каныбек мырза, координациялык ишти кантип жакшыртса болот?

Каныбек Осмоналиев: Кыргызстандын шартында Улуттук илимдер академиясын биринчи орунга коюшубуз керек. Улуттук илимдер академиясы өзү биринчи кадамды ЖОЖдорду көздөй ташташ керек. Технопарк саясатын да биринчи орунга коюшубуз керек. Ал бир эле Илимдер академиясынын базасында эмес, жогорку окуу жайлардын багыттары болуш керек.

Жакында баарыбыз катышып, илимдер боюнча мыйзамды талкуулайбыз. Жаштарды кантип өнүктүрөбүз, окуу жайлардын нагыз борбору болобу, ага Илимдер акадмиясынын кандай салымы керек - ушул маселелерди ири отуруп, түз кеңешип чечип алышыбыз керек.

“Азаттык”: Өзүн-өзү каржылап өнүгүп кетиши керек деп атасыздар. Ушул багытта биздин Илимдер академиясында колго илинээрлик эмне жасалып атат?

Шарипа Жоробекова: Биз жалаң эле республика берген акчаны карап, каражатыбыз жок деп отуруп албай, эл аралык деңгээлде эл аралык долбоорлорду түзгөнгө илимпоздор киришип, 10 жылдан бери 20 миллион долларга жакын каражат алынган.

Советтер Союзу учурунда алган жабдыктардын баары эскирип бүткөн. Долбоорлор аркылуу жаңы жабдыктарды алып, илимпоздор иштеп атышат. Эл аралык нанотехнологиянын борбору Москвада түзүлгөн, ошого биз да кирип, биздин жаш окумуштуулар 3-4 айдан бекер окуп келип атышат. Маалымат жагынан да эл аралык деңгээлде алып атабыз.

Биотехнология боюнча биздин республикада сибир жарасы, чума сыяктуу коркунучтуу инфекциялар бар, ошолорго вакцина чыгарып, инфекцияны изилдеп, карталарын түзүп атат. 10 чакты дары-дармектерди биздин чөптөрдөн кандай чыгарыш керек деп технологиясы алынган. Ал биздин цехтен чыгарылып атат.

“Азаттык”: Технопарк көп үмүттөндүргөн долбоор болуп, аябай көп даңазалаган эле, азыркы кезде бул долбоордо канча иш аткарылып, кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
Биз биринчи илимпоздордон бир нерсени талап кылаардын алдында каражат жөнүндө сөз кылышыбыз керек. Акыркы беш жылда инфляцияны эсептегенде бир дагы тыйын кошулбаптыр.

Роман Оморов: Технопарк, жалпы эле инновациялык ишмердүүлүк өнүгүш үчүн атайын мыйзам керек. Ошондой мыйзамды биз даярдаганбыз, азыр өкмөттө турат. Ошол мыйзамды тез кабыл алыш керек. Ал жерде салык жагынан да жеңилдик көрсөтүлгөн, ошолор менен гана иштегенге мүмкүн. Ошондо гана инвесторлор келет.

“Азаттык”: Каныбек мырза, ал мыйзамды кабыл алсак мүмкүн Технопарк да өнүгөттүр?

Каныбек Осмоналиев: Өкмөттө ошол мыйзам көптөн бери жатат. Ошондуктан аны Жогорку Кеңешке түз эле бериш керек. Азыркыга чейин Билим берүү министрлиги аркылуу бир дагы долбоор жок экен. Өзүн приоритеттүү деп аталган бир багыты болуш керек.

“Азаттык”: Айыл чарба, мал чарбабыз муктаж болгон дагы бир маселе бар. Бул - асыл тукумдуулук, үрөндүн асылдуулугу. Шарипа айым, бул багытта кандай иштер бар?

Шарипа Жоробекова: Бул тармак боюнча Жер иштетүү институту деген бар, аны башкарган академик Жамин Акималиевичтен сураш керек. Бизде Илимдер академиясында 24 институт бар, бирок андай маселелер менен иштебейбиз.

Технопарк болсо эле болгон унааларды паркка коюп койот деп ойлойт. Андай эмес, Технопарк абдан майда иштер менен өнүксө болот. Биздин институтубузда 100дөн ашык инновациялык сунуштар бар. Биздин лабораторияга келип жабдыктарды карап, өздөрүнө кызыктуу нерселерди алса, инвестиция берип өнүктүрүп кетет. Ал үчүн инвесторлорго шарт түзүшүбүз керек. Андан башка бизге өзүнчө имарат салышыбыз керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда илимдин 650 доктору, 3500 кандидаты, 1987 илимий кызматкер бар экен. Бул азбы, көппү? Бизде Нобел сыйлыгын алган окумуштуубуз жок болсо да, булар канчалык миссия аткарып жүрөт?

Шарипа Жоробекова: Нобел сыйлыгын алыш үчүн биздин окумуштууларга шарт түзүп бериш керек. Ошондо бир кыргыз мүмкүн сыйлык алып калаар.

“Азаттык”: Бул маселени айтканымдын себеби эл ичинде илимдин баркы кетип калды деген сөз бар. Кимдин акчасы көп болсо, ал кандидат болуп аткан учурлар көп да?

Шарипа Жоробекова: Андай жок.

Каныбек Осмоналиев: Акыркы 15 жылдын ичинде илим жактоо маселеси өтө начар болгонун мойнубузга алышыбыз керек. СССРдин учурдагыдай тартип да, талап да жок. Бул Илимдер академиясынын да, министрликтин да колунан келбей калды. Өзүнчө ВАК деген чоң монстр пайда болду. Ал жерде иштин кандай болуп жатканы жөнүндө өзүнчө маселе болуш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG