Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

Шанхай кызматташтык уюмунун 13-сентябрындагы Бишкектеги саммитин дүйнөлүк жана аймактык 450 кабарчы чагылдырды.

Андан тышкары көптөгөн эл аралык маалымат каражаттары да бул чоң жолугушуу жөнүндө жазды.

ШКУ мүчөлөрүнүн Сирия маселеси боюнча туруму батыш медиасынын көңүлүн айрыкча бурду. Саммит өткөн күнү эл аралык басылмалар Бишкек, ШКУ, Сирия жана Женева тууралуу жазышты.

Орусиянын “Коммерсант” гезитиндеШанхай кызматташтык уюму Сирия боюнча Москванын турумун колдоду” деген чакан макаланы басты. “Орусиянын туруму – Сириядагы кырдаалды аскерий кийлигишүүсүз жөнгө салуу” деп жазды “Коммерсант”.

“Сирия жана Ооганстан маселелери Шанхай уюмунун Бишкек саммитиндеги негизги тема болот,” – деп Түркиянын World Bulletin басылмасы жазды.

Британияда жарык көргөн The Economist журналы "Кытай баш көтөрүп, Орусия чөгүп баратат" аттуу макаласын 13-сентябрда чыгарды.

Анда Мындан 10 жыл илгери Борбор Азия газ, мунай жана башка байлыктарын Орусияга ташыса, эми жагдай өзгөрүп, коңшусу Кытай тарапка чыгышты көздөй бурулганы жөнүндө кеп болот.

"Эгер мурда Орусия энергетикалык жактан инфраструктура жана базарга ээлик кылса, азыр куурлар Кытайды карай бурулду. Бул жума бою Кытай президенти Си Цзинпин Борбор Азияны кыдырып, энергетикалык тармакта миллиарддаган долларга келишимдерди түзүп жана миллиарддаган инвестицияларды берүүгө сөз берди" деп мисал келтирди The Economist. Кытай лидеринин сапары аймакта ким экономикалык лидерликке ээ экенин даана көрсөткөнү, Казакстанда 30 млрд., Өзбекстанда 15 млрд. долларлык келишимдерге кол коюлганы тууралуу да макалада айтылган.

Eurasianet басылмасында Борбор Азия боюнча жазган журналист Дэвид Триллингдин “Кытай аяз атасы Кыргызстанды унуткан жок” деген макаласы жарык көрдү. Анда Кыргызстанга Кытай тарабынан 3 млрд. долларлык инвестиция келээри айтылат.

Андан сырткары Eurasianet “Армения көп вектордуу тышкы саясатынын алкагында ШКУга байкоочу болууну сурайт” деп жазды. Бул тууралуу армян премьери Тигран Саргсян өзүнүн кытай кесиптеши Ли Кекиаң менен Кытайдагы жолугушууда айтканына таянып жазды. Кекиаң бул маселени башка ШКУ мүчөлөрү менен талкуулаарын жооп кылганын Eurasianet белгиледи.

Азербайжандагы Trend медиа порталы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин "Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрү аймактагы суу маселеси боюнча талаштарда орток чечимди (консенсус) табышы керек" деген билдирүүсүн жазды.

The Times of India гезити чоң макаласын Индиянын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуу ниетине арнады. Анда Индиянын тышкы иштер министри Салман Хуршид бул турумду саммитте коргоору жана Индия өкмөтү ШКУ 2014-жылы Ооганстандан эл аралык аскерлер чыккан соң аймакта коопсуздук боюнча башкы ролду ойнооруна ишенээри жазылды

Кытайдын The Diplomat журналы “Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин ШКУнун мүчө өлкөлөрүнөн 30 миң студентке Кытайда бекер окуганга мүмкүнчүлүк берет. Алар үчүн стипендия бөлүнөт”, – деп жазды.

Индияда жарык көргөн Post Jagran басылмасы Пакистандын тышкы иштер министри Сартаж Азиз кыргызстандык кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен Шанхай саммитинин алкагында жолукканын жазды. Басылма Пакистандын жаңы дайындалган өкмөтү "Пакистан-Кытай экономикалык коридоруна" шилтеме жасап, соода алакаларына өзгөчө көңүл буруу аракеттери көрүлүп жатканын белгиледи. Пакистандын тышкы иштер министринин айтымында, “Шанхай кызматташтык уюму аймактагы соода жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң рол ойнойт”.

Кытайдын Global Times басылмасы тышкы иштер боюнча айрым адистер Шанхай кызматташтык уюмун "кагаздан жасалган жолборс" дегени менен, террорчулук коркунучу уюмду бекемдерине токтолду. “АКШ жана НАТО аскерлери Ооганстандан 2014-жылы чыгарылгандан кийин Борбордук Азия жаңы жана мурдагы коркунучтарга кайрадан туш болушу мүмкүн. Ошондо ШКУ ага мүчө өлкөлөргө бул коркунучтарга туруштук берүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле ШКУ аймагында эркин соода жана эркин экономикалык зоналар түптөлөт. ШКУ Кытайга "кытай кыялын" ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт”, – деп жазды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG