Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Кытай: кыргызстандык боксчулар финалда


2-июнда бокс боюнча Кытайда өтүп жаткан эл аралык мелдеште кыргызстандык эки жигит финалга чыкты. Кыргызстандык 5 жигит Бухарестте дзю-до дүйнө кубогуна катышат.

2-июнда бокс боюнча Кытайда China Open эл аралык турниринде кыргызстандык жигиттер да таанылууда. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан алты жигиттен экөө финалга чыкты. Алар: Эрмек Сакенов менен Асадулла Баймурадов.

64 кг. салмактагы Эрмек бардык атаандаштарын утуп, финалга чыкты. 69 кило салмактагы Асадулло Баймурадов кытайлык жана филиппиндик атаандаштарын жеңип, жарым финалда монгол жигитин да утуп, баш байгеге талапкер болду.

81 кило салмакта өлкө намысын коргоп жаткан Чыңгыз Борбашев монгол жигитин жеңип, жарым финалда кытайлык атаандашынан жеңилүү ызасын тартып, коло байгелүү болду.

Өлкөнүн Бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаевдин айтымында, кыргызстандык боксчулар эми гана кайрадан баш көтөрүп, башкаларга теңата боло баштады.

Кытайда дүйнө жүзүндө бокс өнүккөн жыйырмадан ашуун өлкөнүн булгаары мээлей чеберлери күч сынашууда.

Топ башында "Дордой"

1-июнда футболдон өлкөнүн былтыркы чемпиону Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы Канттын “Абдыш-Ата” клубун 2:0 эсебинде утуп алды. Мында кочкораталык футболчулар Бакыт Маматов менен Евгений Пилипас айырмаланды.

Жогорку лигада 6 оюн ойнолду. Учурда 13 упай топтоо менен Бишектин “Дордой” командасы топ баштап баратат. Экинчи катардагы Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасынын 12 упайы бар.

Үчүнчү жана төртүнчү орундарда ондон упайы бар Бишкектин “Алга” жана Канттын “Абдыш-Ата” командалары турат.

2-июнда Бишкекте “Алга” командасы Караколдун “Ысык-Көл” командасын каршы алат. “Алганын” он упайы болсо, быйыл жаңыдан жогорку лигада ойноп жаткан ысыккөлдүктөр 6 беттешүүдө тең жеңилип, жолу болбой турат.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, жогорку лигада ойноп жаткан 6 команда менен Кыргызстанда футболдун деңгээли өспөйт.

Жамилянын жеңилүү ызасы

Алматыда өтүп жаткан эл аралык теннис турниринде кыргызстандык Жамиля Дүйшеева экинчи айлампада оюндан чыгып калды. Ал молдовалык Анна Батириден жеңилүү ызасын тартып калды.

Жуп болуп таймашууда дагы кыргызстандык Нелли Булюклянова менен Жамиля Дүйшеева грузиялыктарга утулуп калды.

Лондон олимпиадасы көздөн учат

4-июнда Румыниянын борбору Бухарест шаарында дзю-до күрөшүнөн дүйнө кубогунун таймашуулары башталат.

Өлкөнүн Дзю-до федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскуловдун айтымында, бул дүйнө кубогунда Кыргызстандын намысын 5 жигит коргоо үчүн Бухарестке аттанып кетишти.

- Азат Кубакаев (73 кг), Чыңгыз Мамедов (90 кг) жана Юрий Краковецкий (100 кг. жогору) Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн дүйнө кубогунда күч сынашып, аракет кылышат. Ислам Баялинов менен Алимбек Жусуповду дзю-до федерациясы чыгымдарын төлөп жөнөтүп жатат.

ШКУнун урматына футбол турнири

5-июнда Астана шаарында Шаңхай кызматташтык уюмунун уюшулганынын 10 жылдыгына арналган эл аралык футбол мелдеши башталат. Мында Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн 17 жаштагы футболчулары мөрөй талашат.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында, Кыргызстан “А” тобунда “Казакстан-1” жана Тажикстандын командалары менен ойнойт.
XS
SM
MD
LG