Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Кыргызстандыктар Грекиядан байгелүү кайтты


Каныбек Сагынбаев Алматыда бешинчи болуп калды.
Каныбек Сагынбаев Алматыда бешинчи болуп калды.

Грекиядагы акыл-эси тубаса солгун өнүккөн жарандардын атайын олимпиадасында кыргызстандыктар 5 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль утуп алды.

3-июлда Грекиянын Афина шаарында акыл-эсинин өнүгүүсү тубаса солгун улан-кыздардын атайын олимпиадалык оюндары жыйынтыкталды. Бул атайын олимпиадага катышкан 169 өлкөнүн катарында кыргызстандыктар 5 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль утуп алышты.

Атайын олимпиадалык комитеттин жетекчиси Канат Мамбеталиевдин маалымдаганына караганда, кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча мөрөй талашууга катышты. Жыйынтыгында көркөм гимнастика мелдешинде кыргызстандык Александра Юрасова эки көнүгүүдөн биринчи орунду ээледи. Ал атайын олимпиаданын чемпиону аталып, 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байгелүү болду.

Атайын олимпиаданын дзю-до күрөшүндө кыргызстандык балбандар Ильгиза уулу Каналбек менен Максат Бейшенкулов бардык атаандаштарын утуп, биринчи орунду ээледи. Алардын өнөгү Рустамбек Кадыров бешинчи болду.

Пауэрлифтинг спорту боюнча чалкасынан жатып алып, оордук көтөрүүдө кыргызстандык Сабыржан Мухамедрахимов атайын олимпиада чемпиону аталган. Сабыржан Мухамедрахимов мындан сырткары дагы башка көнүгүүлөрдө 2 күмүш байгелүү болду. Ошондой эле сууда эркин ыкмада сүзүүдө кыргызстандык Усман Айсаров марага экинчи келип, күмүш байгелүү болду. Кыздардан сууда сүзүүдө Дарика Шаршекеева менен Виктория Аксенова төртүнчү жана алтынчы болушту.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин айтымында, Афинадагы атайын олимпиадага 169 өлкөдөн 7 миңдей спортчу, 2 миңден ашуун машыктыруучу-тарбиячы катышты. Мелдештер спорттун 24 түрү боюнча өткөрүлдү.

Кыргызстандык спортчулар атайын олимпиаданын дзю-до, сууда сүзүү, пауэрлифтинг, көркөм гимнастика, теннис боюнча мелдештерге катышты.

Жаш балбандар сыналды

3-июлда Ысык-Көл районунун Темир айылында грек-рим күрөшүнөн эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. СССРдин эл аралык спорт чеберлери бир туугандар Кадыр жана Бакыт Дүйшөмбиевдерди эскерүү турнирине Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан 440 жаш балбан катышты.

Жеңил салмактарда ысыккөлдүк Бексултан Макешов менен таластык Маат Гүлчоро жеңүүчү аталды. Орто жеңил салмактарда таластык Максат Бообек уулу, оштук Музафар уулу Мухаммед, казакстандык Арман Үсөнбаев биринчи болушту. Андан сырткары Бишкек, Каракол, Жалал-Абад шаарларынын өкүлдөрү да баш байгенин ээлери болду.

Каныбек Сагынбаев - Азияда бешинчи

Алматыда бильярд боюнча Азия кубогунун таймашуулары да жыйынтыкталды. Мында бильярддын “Эркин пирамида” түрүнөн 12 өлкөнүн жүзгө чукул спортчусу мөрөй талашты. Кыргызстандын намысын 12 спортчу коргоп, бул ирет дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев бешинчи болуп калды.

Ал жарым финалга чыгуу үчүн таймашууда орусиялык Андрей Фрейзеге бир упай айырма менен утулуп калды. Каныбектин өнөктөштөрү Санжар Тукешов менен Азиз Мадаминов да ийгилик жарата албады.

Алыскы Америкада дзю-до Дүйнө кубогу

Дзю-до күрөшүнүн улук машыктыруучусу Талант Дүйшөбековдун айтымында, кыргызстандык дзю-дочулар Дүйнө кубогунун таймашууларына катышууда.

Дүйнө кубогунун биринчи сыноосу АКШнын Майями шаарындагы мелдеш 2-3-июлда болду. Ага 51 өлкөнүн 290 спортчусу катышып, кыргызстандык 3 жигит ийгилик жарата албады.

Ислам Баялинов, Даврон Маразыков жана Алтынбек Акматов биринчи атаандаштарын утканы менен экинчи сыноого өтпөй калышты.

Эми кыргызстандык дзю-дочулар Венесуэланын Исла-де-Маргарита шаарында 16-17-июлда боло турган Дүйнө кубогунун экинчи этабына катышат. Дүйнө кубогунун үчүнчү этабы Сальвадор өлкөсүнүн Сан-Сальвадор шаарында болмокчу.

Астанадан үч алтын

3-июлда Астанада чыгыш өнөрү - шинкиокушинкай каратэ боюнча Astana Cup - 2011 VII ачык эл аралык турнири соңуна чыкты. Мөрөй талашууга үч жүздөй улан-кыз катышты.

Кыргызстандын намысын 9 спортчу коргоп, алар 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге утуп алышты. Алмазбек уулу Нурпайыз оор салмакта жеңишке жетти. Каныкей Касымбекова менен Чыңгыз Канатбек уулу да биринчи болушту.
XS
SM
MD
LG