Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Кыргыздар да хорсбол ойнойт


Европада белгилүү хорсбол оюну боюнча Кыргызстан менен Франциянын курама командалары ортосунда жолдоштук беттешүүлөр болот.

29-октябрда Бишкектеги ат спорту мектебинин мелдеш аянтында хорсбол оюну боюнча Кыргызстандын курама командасы менен Франциянын курама командалары ортосунда оюн өтөт.

Кыргызстанда Хорсбол федерациясы жакында эле уюшулуп, эл аралык уюмуна мүчө болгон. Хорсбол кыргыздын көк бөрү оюнуна бир аз окшоп кетет. Бирок алар улактын ордуна булгаары кайыш менен байлаган топту талашып, тайказандын ордуна топту бийиктеги дарбазага ыргытышат.

Бул оюнду Кыргызстанга таанытуу үчүн франциялык спортчулар келишкенин Ат спорт федерациясынын вице-президенти Манас Султанов “Азаттыкка” айтып берди.

Хорсбол боюнча Европанын көп жолку чемпиону, Франциянын командасынын капитаны Сернэн Питуа Кыргызстанда ат оюндарынын абдан өнүккөнүн белгилеп, бул оюнду жайылтууга негиз бар экенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Чынында Кыргызстанда ат оюндары абдан өнүккөн. Көк бөрү оюнун ойногон жигиттер үчүн хорсбол ойноо абдан эле оңой болот. Франциядан 6 оюнчу келдик. Бишкекте жана Таласта жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрөбүз. Кыргыз жигиттери хорсбол менен дүйнөгө таанылууга мүмкүндүк алышат. Себеби алар улак тартып жүрүп, абдан такшалган, ат жалында өскөн чебер жигиттер экени бизге маалым.

Мына ушундай эле пикирди Кыргызстандын Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаев да билдирип, 27-октябрда Бишкекке эл аралык федерациясынын президенти өзү келээрин айтты.

- Бул иш-чаранын негизги максаты - Кыргызстанда аталган спорттун түрүн өнүктүрүү жана кенири жайылтуу. Хорсбол - социалдык оюн. Биздин көк бөрүгө окшоп кетет. Бул оюнду бүткүл Европа, АКШ, Канада, Австралияда ойношот. 29-октябрда боло турган оюнга Хорсболдун эл аралык федерациясынын президенти өзү катышат.

Аталган оюн федерациясы Кыргызстанда 2 ай мурун ачылган. Аны эл аралык Хорсбол федерациясы расмий түрдө таанып, мүчө катары кабыл алышкан.

Хорсбол оюнунда ар бири алты оюнчудан турган эки команда беттешет. Ат майданында төрттөн сегиз оюнду мөрөй талашат. Экөө чарчаганынан улам алмаштырып турат. Оюн талаасынын узуну 65 метр, туурасы 25 метр болот. Бийиктиги 3,5 метр болгон диаметри бир метр алкак дарбазага топту чыргытып салышат.

Кыргызстандын хорсбол командасы 2012-жылы Францияда өтө турган дуйнө чемпионатына расмий чакыруу да алды. Кыргыз жергесинде 8 команда хорсбол ойноп машыга баштады. Алардын мыктылары иргелип, тандалма команда түзүлүп, келээрки жылы Францияга дүйнө чемпионатына барышат.

Ал эми Францияда бул спорт менен 5 миңден ашуун спортчу магышат. Бул оюн менен 8 жаштан жогорку курактагы кыз-жигиттер ойношот. Эл аралык федерациясына 20дан ашуун мамлекет мүчө болуп саналат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG